Мухаммедкалый АБЫЛГАЗИЕВ: «Ала качуу токтотулушу керек»

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ала качуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Анда Премьер-министр 19 жаштагы Турдали кызы Бурулайдын кайгылуу окуясына токтолуп, бул мыкаачылык көрүнүш мамлекеттин аброюна көлөкө түшүргөнүн айтты.

«Эгерде биз адам укугун сактай албасак, анда кайсы өнүгүү тууралуу кеп кылууга мүмкүн? Бурулайдын кайгылуу окуясы ала качууга болгон мамилени түп-тамырынан бери өзгөртүүгө чакырык болуусу керек. Бул көрүнүштүн кыргыз элинин салтына жана маданиятына эч кандай тиешеси жок»,- деди М. Абылгазиев. «Никеге күчтөп тургузуу, ошондой эле кыз ала качуу тажрыйбасы токтотулушу керек. Ала качтыбы жазасын алсын», – деп белгиледи Премьер-министр.

М. Абылгазиев КР Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кайрылып, өз ишине шалаакылык менен мамиле жасаган кызматкерлерге тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырды. Ошол эле учурда, күч түзүмдөрүнүн аракети жалгыз болбошу керектигин эскерткен Премьер-министр: «Айылдагы аксакалдардан, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн, маданият кызматкерлеринен, жалпыга маалымдоо каражаттарынан бул маселеге өзгөчө көңүл бурууну суранам. Инсандын укуктары жана мыйзам бузулбоого тийиш», –деди.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев укук бузуулардын алдын алуу маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо жана талдоо жүргүзүү, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүүнү тапшырды. Мындан тышкары ИИМге жете электердин кылмыш жоопкерчилигин күчтөндүрүү боюнча сунуштарды 2018-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Өкмөткө киргизүү тапшырылды.

А.АКИМБАЕВА