Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июнда мамлекеттик визит менен Кытай Эл Республикасына барды.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июнда мамлекеттик визит менен Кытай Эл Республикасына барды.

Аба майданында аны Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министринин
орун басары Чжан Ханхуэй тосуп алды.

Мамлекеттик визиттин алкагында Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушат.

Ошондой эле, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Анын ичинде ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы биргелешкен декларация бар.

Жээнбеков андан соң 9-10-июнда өтө турчу ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Циндао шаарына учуп кетет.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынында Шанхай Кызматташтык Уюмун мындан аркы өнүгүүсүнө тиешеси бар бир катар чечимдерди талкуулап, кабыл алуу, саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле коопсуздук жана тышкы байланыш жаатындагы документтерди бекитүү мерчемделген.

Саммитте кытай тарап ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине төрагалыгын аяктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп берет.

Пекинге президент Сооронбай Жээнбеков менен барган делегациянын курамы:

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев;

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;

вице-премьер-министр Замирбек Аскаров;

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Азамат Усенов;

Жогорку Кеңештин депутаттары — Канат Керезбеков, Адыл Жунус уулу, Исхак Масалиев, Акылбек Жапаров, Кубанычбек Нурматов;

Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Акрам Мадумаров;

Финансы министри Адылбек Касымалиев;

Экономика министри Олег Панкратов;

Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев;

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов;

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев;

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова;

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов.