Исаков, Кулматов, Артыкбаев камакка алынды

Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев коррупцияга күнөөлөнүп, УКМК тарабынан камакка алынды.

Маалым болгондой, 2012-2013-жылдар аралыгында «Бишкек ЖЭБди модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн «Электр станциялар» ААКтын дарегине төрт компаниядан сунуш келип түшкөн. Ал компаниялардын ичинен долбоорду 356 млн долларга ишке ашырууну сунуштаган СМЕС кытай мамлекеттик компаниясынын сунушу эң ыңгайлуу болгон. Ошондой эле ал компания энергетикалык долбоорлор боюнча эл аралык келишимдерди ишке ашыруу боюнча алектенчү. Маалыматта айтылгандай, ошол учурда ТВЕА кытай компаниясы да бул долбоорду 390 млн долларга ишке ашырууну сунуштаган. Ал эми бул компания мындай долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы жок болчу.
«Ага карабай, 2013-жылдын 24-майында Кыргызстандын президентинин резолюциясы менен ошол кездеги энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевге президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн ошондогу жетекчиси Сапар Исаков жана каржы-экономикалык талдоо бөлүмүнүн ошол учурдагы жетекчиси Нурсулуу Ахметованын атынан кызматтык кат келип, анда ТВЕА компаниясы менен сүйлөшүү жүргүзүүгө жана аны тандоого артыкчылык берүү керектиги белгиленген. Андан кийин Артыкбаев 2013-жылдын майынан декабрына чейин көп жолу келишимдик макулдашууну бекитүү тууралуу жыйын өткөргөн. Ал жыйындарда ТВЕА сунуштаган шартта аны менен тез арада келишим түзүү зарыл экендигине басым жасаган.
Осмонбек Артыкбаев өзүнүн орун басарлары Айбек Калиев, «Электр станциялары» ААКтын ошол кездеги башкы директору Салайдин Авазов жана анын орун басары менен бирге милдеттүү түрдө керек болгон техникалык-экономикалык негиздемени жана башка техникалык документтерди талап кылган эмес. Анын жыйынтыгында негиздеме жок эле 2013-жылдын 16-июлунда «Электр станциялары» ишканасы менен ТВЕА компаниясынын ортосунда Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга модернизациялоо тууралуу «EPC» эл аралык стандарты боюнча Кыргызстанга ыңгайсыз шарттагы келишим түзүлгөн», — деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.
Маалыматка караганда, бул келишимде «Электр станциялары» курулуштун чыгымдарын көзөмөлдөө жана ага таасир этүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган. Кылмыш иши УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы козголгон кылмыш иштин алкагында Осмонбек Артыкбаев шектүү катары камакка алынып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилгендигин маалымдады. Учурда тергөө иши жүрүүдө.
Ошондой эле К. Кулматов кытайлык компания тарабынан Кыргызстандын аймактарындагы 2 мектептин курулушуна бөлүнгөн 2 млн доллар каражаттын мыйзамсыз пайдаланылышы боюнча айыпталып жатат.