КСДП А.Атамбаевди партиядан чыгарабы?

Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун жетекчиси, парламенттин мурдагы депутаты ​Сагынбек Абдрахманов «Фейсбуктагы» баракчасына  экс-президент Алмазбек Атамбаевди Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) төрагалыгынан түшүрүп, аны тизмеден чыгаруу маселеси каралып жатат.

«Биз, учурда КСДПнын кезексиз жыйынын чакыруу боюнча иштер аяктап калганын билдиребиз. Алмазбек Атамбаев мамлекетте гана эмес, партияда да эбегейсиз бийликти өзүнө ыйгарып алды. Партия ичиндеги демократия жок кылынды. Бирок биз ага жана анын санаалаштарына кылган иштери үчүн жазадан коргонуу максатында партияны мындан ары да пайдаланууга жол бербейбиз. Биз, Алмазбек Атамбаев партиянын төрагалыгынан кетип, КСПДдан чыкмайынча токтобойбуз», — делет билдирүүдө.

Ошондой эле Абдахманов бир катар адамдар 7-апрелде коррупцияга жана бийликтин баш-аламандыгына каршы күрөшүп жатып каза тапкандыгын, бирок, бул окуядан кийин бийликке келген Атамбаев күч-аракетин өзүнүн кызыкчылыгына багыттап, бийликти ЦАРИИ  кызматкерлерине, айдоочулары менен жансакчыларына берип койгондугун дагы айткан.

Эске салсак, Сагынбек Абдрахманов 2010-жылы Жогорку Кеңештин 4-чакырылышына КСДПдан депутат болгон. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо талапкерлигин коюп, бирок добуш берүү таза өтөөрүнө ишеним жоктугун билдирүү менен саясий жарышка катышуудан баш тарткан.