Среда, 24 апреля, 2024
15.1 C
Бишкек

Мекендешибиз Ислам жүздөгөн адамдын өмүрүн сактап калды

Подмосковьедеги «Крокус сити холлдо» гардеробдо иштеген 15 жаштагы Ислам Халилов, теракт учурунда имараттан 100дөй адамды сыртка аман-эсен алып чыккан. Ал ажаткана жакты көздөй дүрбөлөңгө түшүп, агылган кишилердин жоон тобун башкарып, тар жана кууш жерден «Экспого» өткөрүп, анын кызматтык эшиги менен көчөгө чыгарганга үлгүргөн.

Өспүрүм экенине карабай 100дөгөн адамдын өмүрүн сактап калган Ислам Халиловдун кыргызстандык экенин сыймыктануу менен айтпасак болбос. Атасы Бахтияр Сузактан, апасы Айпери  Өзгөндөн, өзү үч бир туугандын улуусу. Орусияда төрөлгөн жана ошол жакта мектепте окуйт.

И. Халилов 22-мартта кечки саат 4төр чамасында “Крокус сити холлго” келип өз ишине киришкен. Ислам “Крокус сити холл” концерттик залынын гардеробунда кошумча акча таап иштечү. «Кадимки эле жумуш күн болчу. Мындай трагедия болуп кетерин эч ким күткөн эмес. Мен -1 кабатта болчумун. Биринчи кабаттан чыккан түшүнүксүз үндөрдү укканда, алгач маани берген жокмун. Эскалатор бузулуп калганбы же мас адамдар келишкенби деп ойлодук. Бирок, бир убакта адамдардын чуру-чуу болуп кача баштаганын көрдүк. Адамдар паникага түшүп, чыкканга эшик жок тарапты көздөй агылып чуркай башташты. Коркуп тура берсем өзүмдүн жана жүздөгөн адамдын өмүрү кыйыларын түшүндүм. Алдыман чыккан адамдардын бардыгына “Экспо” тарапка чуркагыла деп кыйкыра бердим. Топтолуп калган адамдарды көздөй ок чыгарып же граната ыргытабы деп корктум. Бирок, эшикти ачканга жетиштим. Бактыга жараша баарыбыз тышка чыгып кеткенге жетиштик”,-дейт Ислам. Анын айтымында, жумушка орношууда бардык кызматкерлерге өзгөчө кырдаалдарда эмне кылуу керектигин жөнүндө маалыматтар берилген. Теракт учурунда Ислам нускама боюнча иш алып барып, эвакуацияны көзөмөлгө алган.

“Үйгө келип окуя тууралуу ата-энеме айтып берсем, алар ыйлап жиберишти. Ушундай окуяга күбө болуп, бирок, аман-эсен барганыма кубанышты. Ошондой эле, адамдарды өмүрүн сактап калганыма сыймыктанышты. Бирок, мен өзүмдү баатыр сезген жокмун. Анткени, мен болгону өз ишимди аткардым”,-дейт ал.

Россия мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы, муфтий Равиль Гайнутдин «Крокус сити холлдун» имаратынан 100дөн ашуун адамды куткарып калгандыгы үчүн Ислам Халиловго сыйлык тапшырарын билдирди. «Муфтий Равиль Гайнутдин ата-бала Халиловдорго жеке чакыруусун жөнөттү. Ыйык Орозо айынын жума күнүндө Собор мечитинде 15 жаштагы Ислам чыныгы эрдиги жана элди сактап калгандыгы үчүн Россиянын мусулмандарынын Эмгек медалы менен сыйланат», — деп жазышты.

Мындан тышкары, теракт учурунда адам өмүрүн сактап калган өспүрүмдөрдү Мамлекеттик Думага чакырууну көздөшүүдө. Бул тууралуу төмөнкү палатанын үй-бүлөнү коргоо комитетинин башчысы Нина Останинанын сөзүнө таянып РИА Новости жазды.

Эл өкүлүнүн айтымында, эрдик көрсөткөндөрдүн арасында Ислам Халилов да бар. Мындан сырткары, Рэпер Моргенштерн Ислам Халиловго анын эрдиги үчүн бир миллион рубль бергенин айтты. Ал эми Москванын “Спартак” футболдук клубу ага аты жазылган футболка жана үйдөгү матчтардын бардыгына абонемент берди. Белгилей кетсек, И. Халилов “Спартактын” күйөрманы болгон.

Анара АРЗЫБАЙ кызы

“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар