КСДП: Сагынбек Абдрахманов партияда жок

Алмазбек Атамбаевди КСДПнын тизмесинен чыгарабыз деген Сагынбек Абдрахманов партиянын тизмесинде жоктугун аталган партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева жергиликтүү маалымат булактарына билдирди.

«Сагынбек Абдрахманов өзү КСДП партиясынын тизмесинде жок, былтыр жайында саясий кенештин чечими менен партиядан чыгарылган. Өзү партияда жок болсо партияны кантип кезексиз жыйынга чогултуп, экс-президенттин ишин карамак эле», дейт Жолдубаева.