С. Жээнбеков: Кыргызстан коопсуздук жаатында Кытай менен кызматташат

6-июнда Кытайга мамлекеттик визит менен барган  президент Сооронбай Жээнбеков  Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыктын олуттуу маселелери, ар кыл чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жана бардык багыттар боюнча өз ара аракеттешүүнү мындан ары өркүндөтүүнүн келечеги талкууланды.

Жээнбековдун айтымында, Кытай гранттар, насыялар жана техникалык жардам түрүндө Кыргызстанга чоң жардам көрсөтүп келет. Бул Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү өбөлгө түзөт.

«Дүйнөлүк жана регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелери Кыргызстандын жана Кытайдын тышкы саясатынын салттуу негизги артыкчылыктарынын бири бойдон калууда. Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү көптөгөн олуттуу маселелер боюнча биздин бирдиктүү көз карашыбыз мамлекеттерибиз ортосундагы эки тараптуу өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү жана активдештирүү үчүн мыкты негиз түзөт. Кыргызстан биздин өлкөлөр ортосундагы мурда жетишилген бардык макулдашуулардын жана келишимдердин принциптерин, ченемдерин жана жоболорун карманат. Биздин өлкөбүз Кытай үчүн дос, ишенимдүү өнөктөш болгон, мындан ары да ошол бойдон калат»,- деди Жээнбеков.

Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков билим берүү тармагында кызматташуу маданий-гуманитардык чөйрөдөгү өз ара аракеттешүүнүн маанилүү бөлүгү экенин баса белгиледи. Мамлекет башчысы Кытайдын жогорку окуу жайларында окууга студенттер үчүн квотаны көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү өтүнүчүн айтты.

Жолугушуунун соңунда Жээнбеков Си Цзиньпинди 2019-жылы өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Саммитинин алдында Кыргызстанга жооп иретинде мамлекеттик визит менен келүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, жолугушуунун жүрүшүндө ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Биргелешкен декларацияга жана 10 документке кол коюлду.