Саясий куугунтук эмес… Коррупция!

Экс-премьер министр Сапар Исаковдун камакка алынышы чагылган түшкөндөй эле болду. Кыргызстанды айтпайлы дүйнөлүк басма сөздө дүңкүлдөтүп эле жатып калышты. Өлкөбүздүн жаңы тарыхында мындай боло элек эле. Бир жагынан бул күтүлгөн нерсе болчу. Акыркы мезгилдеги коррупцияга байланышкан тергөө иштеринин жүрүшү, парламенттеги үч күндүк талкуулар, улам ачылып жаткан коррупциялык иштер, булардын артынан С.Исаковдун түктүү кулагы чыгып турганын көрсөткөн.

Сырын айттыбы же чынын айттыбы?

Буга экс-президент, КСДП саясий партиясынын төрагасы А.Атамбаев чыдай алган жок. Экс-премьер С.Исаков, экс-бажычы К.Кулматов, депутат О.Артыкбаевдин камалышына күйүп кетти окшойт, “коррупция менен күрөшкөндөрдү коррупцияга күнөөлөп камакка алуу акыл-эске сыйбайт” деп билдирүү жасап жиберди. Бул баягы А.С.Пушкиндин “ууруну карма деп ууру жүрөт” дегенине окшоп калды. Анткени, канчалык экс-президент катары урмат-сыйыбыздан тайбайлы дегенибиз менен азыр ачылып жаткан коррупциянын масштабы анын артында А.Атамбаевдин өзү турушу мүмкүн деген ойго түртүп жатпайбы. Болбосо, “каякты караба – коррупция” кырдаалы кантип түптөлгөн? Же А.Атамбаевдин алты жылдык “асыл эмгегинин” жыйынтыгы ушул болдубу?Камалгандардын айыбы канчалык, алардын артында кимдер турганы аныкталчу күндөр алыс эмес. Бирок А.Атамбаев атайылап жасадыбы же өзүнүн кол тийбестигине таяндыбы бул иштердин артында өзү турганын деле жашырбаптыр. “…Президенттин Аппаратынын мурдакы бөлүм башчысы С.Ж.Исаков да, Бишкектин мэри болуп турган К.К. Кулматов да тергөө тарабынан коюлуп жаткан айыптоолордун негизин түзгөн чечимдерди өз алдынча кабыл алууга ыйгарым укуктары болбогонун расмий түрдө билдирем…

ЖЭБди КЭРныкредитинин эсебинен реконструкциялоо, анын ичинде подрядчикти кытай тараптын тандоосуна макулдук берүү, жана ошондой эле гранттык каражаттарды “Калыс Ордо” конушундагы мектептин курулушуна багыттоо жөнүндөгү чечимдер тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен ар тараптуу талкуулангандан кийин мамлекет башчысы Атамбаев А.Ш. жана өлкөнүн Өкмөтү тарабынан кабыл алынган”,- дейт ал билдирүүсүндө. Ошондо кандай болуп калат? С.Исаков, К.Кулматов, О.Артыкбаев ЖЭБдеги жемкорлук боюнча айыпталып жатышат. Ал эми Башкы прокуратура, УКМК, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы өз көзөмөлүнө алып, текшерүү жүргүзүп жаткан Улуттук тарых музейиндеги, Чолпон-Ата ат майданындагы, Бажы кызматындагы ж.б. былыгы чыккан иштер тууралуу бул жолу кеп кылбай эле коелу. ЖЭБдин тегерегинде эле сөз кылсак, экс-президент өзү айткандай өкмөттү алдына салып алып, билдирүүсүндө жазгандай, эч кимге “өз алдынча чечим кабыл алууга ыйгарым укук” бербей, баары мен айткандай болот саясатын жүргүзгөнбү? Билдирүүнүн ток этери ушуну айтып жатат. Андай болсо бийлигинин күчүнө салып, баарын көргө түрткөн өзү болуп калабы? “Балп” этет деген ушул. Анда башкасын айтпайлы, демейде маңдайы жарык, кырктын кырына эми чыккан “Сары баланын” убалы кимге? (Албетте, кожоюн айтты деп эле коррупциялык иштерге малынып алган бу баланын өзүндө да бар дечи). Эми А.Атамбаев бул сөздөрүн кайра артка алалбайт. Баса, Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги жемкорлукка байланыштуу экс-президент А.Атамбаевдин кол тийбестигин алуу тууралуу да токтом кабыл алган. Тергөө иштери, өзүнүн минтип “менин айтканымдай жасашкан” дегендей билдирүү таратканы анын кол тийбестигин алуу процессин ыкчамдатып да жибериши ыктымал.

Баарын Раим миллион кылды дейт…

А.Атамбаев билдирүүсүндө: “Бажыдагы уурулуктун масштабдарын ачып көрсөткөн мамлекеттик ишмерлерди камакка алуу туурасындагы кечээки чечим, бул иш жүзүндө бажы кызматынын көмүскөй кардиналы аты белгилүү “Раим-миллиондун” бийликтеги достору, колдоочулары тарабынан болуп жаткан өч алуу” деп белгилейт. Эсибизде, Раим миллионду (Райымбек Матраимов) С.Исаков кызматтан алган. А.Атамбаевдин аны менин сунушум боюнча кызматтан алды дегенин да унуткан жокпуз. Бирок, ошол легендарлуу Р.Матраимов А.Атамбаевдин тушунда 6 жылдай иштебеди беле? Эгерде “бачагы чыккан Бажы кызматын” ошол мезгилде эле тазалап койсо “Раим миллиондор” чыгат беле ким билет? Жакында эле УКМК мамлекеттик Салык, Бажы кызматтарынын жана Экономика министрлигинин өкүлдөрү тарабынан жасалган коррупциялык схеманын бетин ачып, мамлекетке 217 млн.сом зыян келтирилгенин ачыктап чыкты. Бул бир эле факт. Мындай схема бир күндө топтоло калбастыгын урматтуу А.Атамбаев деле тана албастыр. Андыктан С.Исаков баш болгон “бажыдагы уурулуктун масштабын ачып көргөзгөн мамлекеттик ишмерлердин” камалышын “Раим миллиондун” бийликтеги достору жасап жатат дегендей А.Атамбаевдин билдирүүсү суу кечпейт. Эбак тазалап койсо, эл деле айтып чыкмак.

Акпы, көкпү? Тергөө көрсөтөт

Экс-президент саясий билдирүүсүндө дагы мындай дейт: “…Укук коргоо органдарына иштин маңызын өз алдынча териштирип алууга мүмкүнчүлүк бериш үчүн мен ушул убакка чейин ачык билдирүүлөрдү жасоодон карманып келдим. Бирок мен бүгүн аларга С.Ж. Исаковду жана К.К. Кулматовду эптеп бир шылтоо таап, камоо милдети коюлганын көрүп турам”. Аныгында С.Исаков, К.Кулматов, О.Артыкбаев КР КЖКсынын 303-беренесинин 1-бөлүгүбоюнча (Коррупция) айыпталып, камакка алынышты. Булардын кимиси кандайча айыпталып жаткандыгы тууралуу кеңири маалыматтар айтылды. Ар бирине токтолуп отуруунун кажети жок. Айыптуубу же сүттөн акпы, аны тергөөнүн жыйынтыгы көрсөтөт. Демек, А.Атамбаев ашыкпай кое турса болот эле. Эске ала кетүүчү нерсе кылмыш иши Жогорку Кеңеш (анын ичинде КСДП фракциясы да бар) үч күн талкуулап жатып, бул маселенин укуктук жагын карап көрүү боюнча токтом кабыл алгандан кийин козголгон. Бул учурдагы бийлик бутактары мыйзамга ылайык тең салмакта аракеттенип, коррупцияга каршы аёосуз күрөшкө багыт алганын, эч ким, эч кандай саясий куугунтук уюштуруп жатпаганын көрсөтөт. Эл да колдоп жатканын көрүп турабыз.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,

“Кыргыз Туусу»