Кандуу күндөрдү кайталабоонун сабактары

Сегиз жыл мурда 2010-жылы жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылып, эки миңден ашык адам түрдүү жаракат алган, 57 адам дайынсыз жоголгон (алардын айрымдары аликүнчө табыла элек) окуя ар бирибиздин жүрөгүбүздө өчпөс болуп калды.

Мекемелер аралык тергөө топтору июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтешти. Башкы прокуратуранын ошол учурдагы маалыматына караганда 5 646 иш козголгон. Анын 3 346сы Ош шаары, 1 303ү Ош облусу жана 954ү Жалал-Абад облусуна тиешелүү. Аскер прокуратурасы 43 ишти кароону өзүнө алган болчу. Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө 532 адамга карата козголгон 336 кылмыш иши сотко ашырылган. Анын ичинен 488 жаранга карата козголгон 286 иш каралып, ар кандай жазалар берилген. Июнь окуясында жарандарга жана мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын өлчөмү төрт миллиард сомдон ашкан.

Июнь окуясы өтө кандуу жана мыкаачылык менен жасалган кылмыштар көп катталгандыгы менен тарыхта калды. Ошондой болсо да карапайым элдин даанышмандыгынан айланса болот. Мамлекетибиздин бүтүндүгүнө коркунуч келтирилип, каардуу окуялар жүрөк үшүн алып жаткан ошол күндөрү кыргыз менен өзбектер бири-бирин үйүнө жашырып, өлүмдөн куткарып, качкан кошунасынын тамын өрттөтпөй коргогон эрдиктери дагы аз болгон жок.

11-июнь күнү Ош шаардык кеңешинин депутаты, 46 жаштагы Аскар Шакиров шаардын чет жакасындагы Фурхат айылына келе жаткан 5000ге жакын агрессивдүү топтун алдынан чыккан. Ал өзү менен кошо жүргөн бир ууч кишилер менен бирге жаалданган топко түшүндүрүү иштерин жүргүзмөкчү болгон. Айыл ичине кирип тополоң салуудан коргогон сөзүн баштаганда Аскарды атып ташташкан. Анын 70 жаштан ашкан атасына уулунун каза болгондугу боюнча кабар айтышкан. Ал күндөрү шаардын ооруканасы жарадарларга жык толгондуктан, аны четки айылдын бейтапканасына жеткиришкен. Уулуна баруучу жол ачылганга чейин Абидин аксакал өз үйүндө курулуш кылып жүрүшкөн алты өзбекти, аларга ашпозчу болгон өзбек аялды машинеси менен Наманган шаарындагы туугандарына жеткирип бергени эрдик эмей эмне?

Бир өзбек аял күйөөсү экөө кыргыз кошунасынын эки студент кызын өз үйүнүн подвалына жашырып, аман алып калган. Алардын үйүн болсо: “Тамын, короо жайы менен бизге сатып, өздөрү Чүйгө көчүп кетишкен”, — деп айтып, өрттөтпөй коргоп турушкан. Тилекке жараша, өрт каптаган июнь окуясын саналуу күндө токтотуп калууга, анын айлап уланып кетпөөсүнө жетишкендик элибиздин бактысы болду. Укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп, абалды турукташтырды. Андан кийинки күндөрү кыргыз-өзбек аксакалдары, кадырлуу инсандар биргелешип, абалкы элдик дипломатиянын баалуулуктары менен кыргынды токтотууга өбөлгө болушту. Июнь окуясынын келип чыгуу себептерин Эл аралык уюмдардын көз карандысыз комиссиясы, мамлекеттик комиссия ж.б. бир нече комиссиялар иликтөөгө алып, өз аныктамаларын чыгарышкан. Саясий эксперттер да өз пикирлерин билдиришкен болчу. Юридикалык илимдердин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев июнь окуяларын кайталабоо боюнча кыргыз бийлиги өз жыйынтыгын чыгарып, андан сабак алышы керек дейт.

“1990-жылдагы Ош окуясына жеткиликтүү баа берилбей калгандыктан ал 20 жыл өткөндө кайра кайталанып кетти. Анткени, карапайым калктын социалдык-экономикалык көйгөйлөрү толук чечилбей калган болчу. 2010-жылдагы апрель окуясынан кийинки өлкөдө түзүлгөн туруксуз саясий кыйын кырдаалды Кадыржан Батыров, Карамат Абдуллаева башында турган өзбек сепаратисттери жеке кызыкчылыгына пайдалангысы келип, кырдаалды курчуткан билдирүүлөрү менен чыгып турушкан. Ошол учурда – апрель, май айларында УКМКнын кызматкерлери республиканын түштүгүндө коогалаңдуу окуялар чыгып кетиш ыктымалдыгы боюнча аналитикалык маалыматтарды, рапортторду Убактылуу Өкмөткө берип турушкан. Бирок, ошол учурда Убактылуу Өкмөттүн кандуу кагылыштын алдын алууга күчү жеткен эмес.

Шүгүрчүлүк дейли, бүгүнкү күндө абал тынч. Көп улуттуу элибиз ынтымактын, тынчтыктын баасын билип калды. Мамлекет Этностор аралык мамилени жөнгө салуу концепциясын кабыл алып, анын үстүнөн тиешелүү органдар иш жүргүзүүдө. Биз ошол болуп өткөн кандуу окуялардан сабак алышыбыз керек. Бүгүнкү күндө республиканын түштүк аймагындагы миграциялык процесстер токтогон жок. Болгондо да чек ара аймактарынан, алыскы тоолуу элет жерлеринен чет мамлекетке агылып кетип жатат. Ал жактан иши жүрүп, орун-очок алган жарандарыбыз кайра өз айылына кайтпай жатышкандары аз эмес.

Кошуналардын “жөрмөлөгөн миграциясы” бош калган айылдарды ордун басууга аракет кылууда. Мунун аркасы жакшы болбойт. Ушундан улам биз, эксперттер тобу Коргоо министрлиги, ИИМ, ӨКМ, Чек ара кызматын түштүк аймагына көчүрүү тууралуу сунушубузду бергенбиз. Муну менен ар кандай окуялардын келип чыгышынын алдын алууга абдан чоң шарт түзүлмөк. Бирок, бул сунуш эмнегедир эске алынбай келе жатат. Учурда жер, суу, жайыт коргоо жана чек араны аныктоо маселесин кечиктирбей чечүү керек деп ойлойм”, — дейт саясий эксперт.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,

“Кыргыз Туусу”