Жаңы институт: Акысыз окутуп адистик беришет

Бишкекте 2016-жылы кытай тилин студенттерге тереңдетип окута турган “Билим экспорт” мектеби ачылган болчу. Кыска мөөнөттө бир катар ийгиликтерге жетишип, жаштарды КЭРге окууга жөнөтүүгө жетишкени үчүн 2017-жылы ал Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Конфуций институтунун филиалы макамына ээ болгон. Жакында  эле “Билим экспорт” кытай тили мектеби КЭРдеги Бохай университетинин алдындагы эл аралык институт макамын алды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигиндеги өткөн жыйында “Билим экспорттун” негиздөөчү директору Данияр Абдыкадыров айтып берди.

-Бохай университети менен түзүлгөн келишимдин негизинде мындан ары жаштарыбыз бир жыл “Билим экспорт” мектебинен билим алгандан кийин, автоматтык түрдө Бохай университетине өтүп, төрт жыл бою акысыз билим алышат. Студенттер Бохай университетине окууга өткөндө өзү каалаган адистикти тандоого мүмкүнчүлүк бар. “Билим экспорт” кытай тили мектеби, Бохай университетинен башка Кытайдагы жогорку окуу жайлар менен да кызматташтыкта иштеп, кыргызстандык жаштарды окууга жөнөтүп жаткан чагы. Эң башкысы 2018-жылдын жаңы окуу жылына карата “Билим экспорт” абитуренттер үчүн эшигин ачты, — дейт Данияр Абдыкадыров.

Бохай университети Цзиньчжоу шаарында жайгашкан, анда 25 миң студент билим алып жатат. Универсиетте 1200дөн ашык окумуштуулар, мугалимдер курамы сабак беришет жана дүйнөнүн ондогон мамлекеттери менен алакада иштейт.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”