Элчилик үчүн жер: Кытай тарап да, Кыргыз тарап да жерди биротоло берип салбайт

Акыркы эки жумада Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине Бишкектен 3,3 гектар жер берип, анын ордуна Кыргызстандын КЭРдеги элчилиги үчүн Пекиндин дипломатиялык шаарчасынан 25 сотых жерге ээ болуу маселеси жана ал жерге Кытай тарап өз каражатына (9 миллион доллар) элчиликтин имаратын жана элчиликтин кызматкерлери үчүн үй куруп бере турганы коомчулукта көп талкууланган маселелердин бири болду.

Арийне, чындыгында биерде көп деле татаал же түшүнүксүз эч нерсе жок болчу. Кыргызстандагы Кытай элчилигине 2003-жылдын 2-октябрында Бишкек мэриясынын токтомунун негизинде элчиликтин имаратын куруу үчүн 3 гектар жер 49 жылга ижарага берилген жана 2011-жылы ал жерге элчиликтин имараты курулган. Жер аянтынын ижарасы үчүн жылына 723 миң сом ижара акысын төлөп келген. Ал эми 37 сотых жер тилкеси 2016-жылдагы Кытай элчилигиндеги жардыруудан кийин тегерегин кошумча тосууга бөлүнгөн. Кыргызстандын Кытайдагы дипломатиялык миссиясы тууралуу айтсак, элчилик Пекинде, элчилик үчүн ыңгайсыз жеке менчик үйдүн имаратында жайгашкан. Аянты 443 кв.метр элчиликтин имараты үчүн кыргыз элчилиги 2004-жылдан бери жыл сайын 94 миң доллар төлөп келе жатат. Жалпысынан, 2004-жылдан бери Кытайга 3 миллион 3 миң 55 доллар төлөгөн. Ал эми элчиликтин кызматкерлери элчиликтин аймагында эмес, Пекиндин өзүндө турак-жайды батирге алып жашашат.

Демек, кыргыз тарапта Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги үчүн жер аянтына жана элчиликтин имаратына, элчиликтин кызматкерлери жашай турган турак-жайга муктаждык бар. «Кыргыздипсервис» ишканасынын директору Мирлан Арстанбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине Бишкектен 3,3 гектар жер берүү жана анын ордуна Кыргызстандын КЭРдеги элчилиги үчүн Пекиндин дипломатиялык шаарчасынан 25 сотых жерге ээ болуу талкуусунан улам, акыркы эки жыл ичинде Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде жылыштар болуп, Пекин шаарынын борборунан жер алуу маселеси жакында Бишкек шаарында чечилип, макулдашылганын, келишим боюнча Кытай тарап Пекин шаарынын борборунан 25 сотых жер берерин жана Пекин шаарына Кыргызстандын элчилигин курууда жардамдашары тууралуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, алдыда дагы сүйлөшүүлөр бар, эгер келишим колдоо тапса, эки өлкө тең 49 жылга ижарага алынган жерге акы төлөбөйт. Чындыгында, кыргыз элчилиги үчүн жер бөлүп берүү маселеси акыркы 4-5 жылда кайра-кайра кыргыз-кытай эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө көтөрүлүп жатып, акыры Пекин шаарынын борборунан 25 сотых өлчөмүндөгү жер бөлүп берүү тууралуу Кытай тарап менен келишимге жетишилген.

Биерде Кытай тараптын эмес, кыргыз тараптын кызыкчылыгы көбүрөөк экени айтпаса да түшүнүктүү. Кыргызстан үчүн 443 чарчы метр жерге жылына 90 миң АКШ долларын бюджеттен төлөш оор маселе экенин баарыбыз түшүнөбүз. Эми элчилик үчүн жер берүү маселесин алсак, кытай тарап да, кыргыз тарап да жерин биротоло берип салбайт. Ар кимдин жери өзүндө калат. Башкасын айтпаганда, кыргыз мыйзамдары, анын ичинде Жер кодекси боюнча жер сатылбайт жана берилбейт. Жер ар бир өлкөнүн өзүндө калат, болгону эки өлкөнүн тең элчиликтеринин имараттары, мисалы, Бишкектеги Кытайдын, Пекиндеги Кыргыз Республикасынын элчилигинин имараттары гана өздөрүнүн менчиги болуп калат.

Эми Бишкектеги 3,3 гектар жер менен Пекиндеги 25 сотых жердин баасы тууралуу айтсак, расмий маалыматтар боюнча Пекин шаарынын борборундагы 1 чарчы метр жер тилкесинин базардык баасы 2500-3800 АКШ долларын түзөт. Ошол эле учурда, Бишкек шаарында 1 чарчы метр жер тилкесинин баасы салыштырмалуу бир кыйла арзан экени айтпаса да түшүнүктүү чыгар. Эске сала кетчү нерсе, эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык байланыштар түзүлгөн алгачкы күндөн тартып Кытай тарап Кыргызстанды колдоп келатат жана алака улам жакшырып отуруп, 2013-жылы Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын мамлекеттер аралык мамилеси стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөн. Демек, айрым күчтөрдүн дурус нерседен буруш издегени туура эмес.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”