Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы ШЕРГАЗЫЕВ: «Битир – садаканын эсебинен мечиттин суусу, свети төлөнбөйт»

 Акыркы убакта муфтиятка битир-садака, ажылыкты уюштуруу маселесинде коррупциянын “илеби” бар деген ар кандай сын пикирлер айтылып жүрөт. Мындай айтууга буга чейин бул тармакта болуп өткөн кээ бир чуулгандуу окуялар түрткү болду десек болот. Дал ошондон кийин мамлекет тарабынан ажылыкты уюштуруу иштерин ачык-айкын жүргүзүү максатында ажылык сапарды каттоону электрондоштуруу жолун колго алууга кадам жасалган. Ошол иштер кандай ишке ашып жатканы тууралуу жана Орозо айы, “Кадыр түн”, тууралуу суроолорубузга Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы ШЕРГАЗЫЕВ жооп берди.

– Орозо айындагы битир-садакалар кантип чогултулуп, кандайча бөлүштүрүлөт? Муктаж болгон кишилерден арыз түшүп жатабы жана алар кандай тартипте каралат?

– Орозо айында битир-садака берүү – мусулман адамдын бир фарзы. Башкача айтканда ар бир мүмкүнчүлүгү бар мусулман битир-садака бериши керек. Ал тууралуу Аалымдар кеңешинин атайын фатвасы болот. Ага ылайык, беш түрлүү тамак-аштын баасы бекитилет. Мисалы, быйыл буудайдан берем десе – 30 сом, ундан – 35 сом, арпадан – 48 сом, курмадан – 480 сом, мейизден – 384 сом, эң төмөнкүсү 30 сом. Садака-битирди жеке адам өзү да берсе болот. Мечитке салбастан эле муктаждыгы бар коңшусуна, тууганына берет. Ал эми дагы бир жолу, мечитте битир-садака салына турган сандык бар, ошого салса болот. Бул сандыктарды биздин текшерүү комиссия барып жабат. Кийин орозо бүткөндөн кийин ал сандыктар комиссия курамы менен биргеликте ачылып, анын 50 пайызы жергиликтүү мечитте, 15 пайызы райондук хатибиятка, 15 пайызы облустук казыятка калат, 20 пайызы муфтиятка келет. Мунун баары мечиттерге келген арыздардын негизинде муктаждарга таратылып берилет. Битир-садаканын эсебинен мечиттин суусу, свети ж.б. төлөнбөйт. Ал эми муфтиятка келген каражатка 2017-жылы Алайда, Өзгөндө катталган жаратылыш кырсыктарга байланыштуу Алайга 4 үй, Өзгөнгө 4 үй салганга жардам берилди. Ар бир үйгө 400 миң сомдон бөлүндү. Андан тышкары, муктаж болгондор арыз жазат, ошолорго бөлүштүрүлөт. Мисалы, Муфтиятка мекемелер кайрылат. Балдар үйлөрү, карылар үйлөрү ж.б. Алардын баары келип түшкөн арыздын негизинде атайын комиссия карап чыгып, ошого жараша таркатылат.

– Орозодогу «кадыр түндүн» кандай мааниси жана артыкчылыктары бар?

– Куранда айтылгандай – кадыр түн миң айдан да жакшы күн. Ошол күнү кылынган амалдар кабыл кылынат деп айтылат. Ошондуктан бул күнгө көбүрөөк маани берген жакшы болот. Андан кийин “эмне үчүн “кадыр түн” миң айдан жакшы болуп калды?” – деген суроого, мурдагы коомдордо элди-жерди коргоп миң ай жол жүргөндүктөн “аларга ошончо сооп берилсин” деп пайгамбарыбыз айтып жатканда “аларга ошончо сооп болсо, бизге анчалык болбой калабы” деп сахабалар айткан экен. Ошондо Алла-таала ушул сүрөнү түшүргөн. Мындайча айтканда 84 жылдык ыйбадаттын сообун бир түндө алса болот. Ошондуктан ага кайдыгер карабастан, элге, жерге, туугандарга, өзүбүзгө бата тилеп алсак.

– Президенттин «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу» жарлыгына ылайык муфтият кандай иш аракеттерди жүргүзүп жатат?

– 2014-жылы Коргоо кеңешинин кабыл алынган чечими бар. Анда сунушталгандар боюнча бир канча иштер аткарылууда. Мисалы, Аалымдар кеңеши, борбордук текшерүү комиссиясынын өз алдынча болуусу – бул иштер бүгүнкү күндө ишке ашырылды. Ошондой эле ажылыкты ачык айкын жүргүзүү иштери боюнча 1С программасы киргизилип, ажыларды каттоо толугу менен электрондоштурулуп, акчаларды которуу иштери банк аркылуу которуу жолуна өттү. Муну менен бирге эле медресенин мугалимдерин, имамдарды аттестациалоо иши жыйынтыкталып, жакшы жыйынтык бере алды. Мындан тышкары кийим-кече маселеси сунушталган. Бул боюнча кыргыз улуттук менталитетке туура келген кийимдерди кийүү боюнча Муфтият түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, даават жүргүзүү боюнча Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Бишкек шаарларында 1 айлык окуу курстары уюштурулууда. Ошондой эле 2017-жылы 21 миңден ашык иш-чара аткарылган болсо, алардын 40 пайызы экстремизм, терроризмге каршы турууга багытталган түшүндүрүү иштери болду. Ошондой эле диний кызматкерлердин билимин жогорулатуу боюнча бир нече иш-чаралар аткарылууда. Муну менен катар диний окуу жайларда билим алып жаткан студенттерге “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоорунун алкагында Баткен, Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Бишкек шаарындагы диний окуу жайларда тигүүчүлүк, кондитердик азыктарды даярдоо, ширетүүчүлүк, электрик, компьютердик сабаттуулук жана ашпозчулук кесиптери боюнча кошумча кесиптик билимдер берилип, учурда студенттер жумуш менен камсыз болушууда. Ошондой эле учурда өлкө аймагындагы имамдар отчет берүү системасына өтүшүп, 90 пайыз имамдарыбыз ар айлык отчетторун тапшырышат. Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешине, КРдин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына жана Коргоо кеңешине өз учурунда отчет берип турат. Муну менен катар азыркы мезгилде 196 дин кызматкери айлык маяна алышып, соцфондко акча төлөшөт. Бул өз кезегинде дин кызматкерлерине пенсияга чыгууга өбөлгө болуп, жардамын берет.

Мечиттерди каттоо иши жанданып, бул жаатта ар бир облустагы казыяттар, райондогу хатибияттар жана аймактагы имамдарыбыз жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте алгылыктуу иштерди алып барышууда. “Ыйман” фонду менен Муфтият биргеликте өлкө аймагындагы имамдарды 17 предметтен 12 күн окутуп, билим деңгээлин жогорулатты.

Ажылыкты уюштуруу тууралуу кеп кылып калдыңыз. Ажылык кандай уюштурулуп жатат? Акчалар кантип топтолууда? Аны кимдер көзөмөлдөйт? Мекеме аралык комиссия ажылыкты уюштурууда кандай функцияларга ээ? Деги эле ошол тууралуу кенен токтоло кетсеңиз?

– Мусулмандардын ыйык парздарынын бири болгон ажылык ишин уюштуруу жөнгө салынып, 2014-жылдан тарта толугу менен электрондук системага өттү. Коомчулук арасындагы ар кандай ишенбөөчүлүктү жаратып келген ажылык иши системалуу жолго түшүп, эң башкысы коррупциядан арылды. Муну менен катар 2015-жылдан тарта кыргызстандык ажыларды заманбап автобустар тейлеп, тамак-аш, мейманканалар жакшыртылды. Ажыга барууга акы төлөөнүн жана жарандарды эсепке алуунун электрондук системасы киргизилди. Бүгүнкү күндө ажыга акы төлөө боюнча “РСК банк” мамалекеттик банкында эсеп ачылып, бардык төлөмдөр которуу жолу менен жүргүзүлүүдө. Ошондой эле ажылыкты ачык-айкын өткөрүү максатында Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи мекемелер аралык комиссия түзүп, бүгүнкү күндө үзүрлүү иштеп жатат. Быйылкы жылы Сауд Арабия Падышачылыгынын ажылык министрлиги Кыргызстанга 5485 квота берди. Бирок ошол эле учурда САПТын ажылык министрлиги быйылкы 2018-жылы бардык кызмат көрсөтүүлөргө 5 % кымбаттатуу кийиргендиктен ажылыктын баасы бир аз кымбаттады. Алсак, 2017-жылы 2760 АКШ долларын түзгөн болсо 2018-жылы 2890 АКШ долларын камтып, 130 АКШ долларына кымбаттады. Бирок бул кымбаттоо бизден көз каранды эмес, САПтын мыйзамдарынын негизинде кошулган. Ошентсе дагы кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу абдан эле арзан. Маселен, Өзбекстанда ажылыктын баасы 4700, Казакстанда 4000, Таджикстанда 3650 АКШ долларын түзөт экен. Биз дайыма элибиздин социалдык абалын ойлоп ажылыктын баасын көтөрбөөгө болгон аракетибизди көрүп келебиз. 2018-жылдагы ажылык сапарына каттоону январь айында баштаганбыз. Азирети Муфтий, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору, КР жарандык авиациянын директору баштаган делегация менен Сауд Арабиянын ажылык министрлигине барып, келишим түзүп келишкен. Ошондон бери каттоо иши электрондук тартипте башталган. Башкача айтканда, ажылар биометрикалык паспорт менен кезекке тургузулуп, каттоого алынат. Каражат банк аркылуу которулуп, ошонун негизинде кезекке коюлуп, бардык иштер санариптешкен. Бул жогоруда айтылгандай

Коргоо кеңешинин ажылыкты уюштуруу иштери ачык-айкын болсун дегендиктен, Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу менен жыл сайын мекемелер аралык комиссия түзүлөт. Алар ажылыкты каттоо иштеринен баштап, сынактарды өткөрүү иштери, авиация, эмдөө жана ажыларды коштоп баруучу ажы башчыларды тандоо ишине чейин ошол комиссия көзөмөл кылып, чечим чыгарат. Аталган комиссияга МУКК, ИИМ, КР комиссиясынан, чек ара, саламаттыкты сактоо жана транспорт министрлигинен жана муфтияттын өкүлдөрү кирген. Кудайга шүгүр, мынакей ажылыкты уюштуруу боюнча 2016-жылы Кыргызстан ажылыкты эң мыкты уюш- тургандыгы үчүн Сауда Арабиясынын ажылык министринен “Эң жакшы” деген Ардак баракчасын алдык. Ал эми 2017-жылы дагы жогорку деңгээлде уюштурдук. Бул жалпы кыргыз элинин сыймыгы жана биздин жетишкендигибиз деп айтсак болот. Мындай наамды көп эле мамлекет ала бербейт. Себеби, Сауд Арабиясына ажылык сапарга баргандан тарта ажылык министрлигинин жол эрежеси, коопсуздук, саламаттык жана ажылык амалдарын аткарууда бекитилген атайын графиктери, буйруктары жана талаптары бар. Ошолордун бардыгын өз учурунда кынтыксыз аткарып, алардын мыйзамына баш ийүү керек.

Кудайыма шүгүр, биз ажылык иштерин уюштурууда ачык-айкындуулукту камсыздап, бир системалуу жолго сала алдык десем болот. Ар бир ажылыктын ишин мекемелер аралык комиссия көзөмөлдөп, өз баасын берип келүүдө.

– Ажылыкка бара тургандарды кайсы компания ташыйт?

– Ар жылы ажылык иштери уюштурула баштагандан тарта жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу конкурстарга жарыялар берилет. Ошолордун катарында эле гезиттерден жана ЖМКлар аркылуу ажыларды ташуучу авиакомпаниялар ортосунда конкурс бир ай мөөнөт менен жарыяланган. Ошондой эле жергиликтүү авиакомпанияларга кат жиберилген, бирок тилекке каршы алар кара тизмеде болгондуктан улам катыша алган жок. Ошондуктан жалгыз Сауд Арабиясынын жарандык авиакомпаниясы катышып, бардык талаптарга ылайык келгендиктен улам “Флай нас” авиакомпания жеңүүчү болду. Кийинки жылга жергиликтүү авиакомпаниялар катышып, ажыга бара тургандардын 50 пайызын ташууга мүмкүндүк алсын деп үмүт кылабыз. Себеби, Сауд Арабиясы менен түзүлгөн келишимге ылайык, 2 мамлекеттин гана авиакомпаниялары ташый алат. Үчүнчү тараптын авиакомпаниялары катыша албайт. Ошондой эле 50 пайызын Сауд Арабиясынын компаниясы, 50 пайызын жергиликтүү авиакомпания ташыйт. А бирок биздин компаниялар кара тизмеде болуп катышпагандыктан, бул жылы 100 пайыз Сауд Арабиясынын аталган компаниясы ташый турган болуп калды.

Маектешкен Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу,

“Кыргыз Туусу”