Абдылдажан АКМАТАЛИЕВ Ата Конуш, Ата Журт, Ата Мекен жана Айтматов

Ата Конуш, Ата Журт, Ата Мекен деген синоним сөздөр негизинен бир эле түшүнүк, аң-сезимде биригип кеткен. Сөздүн бирдигинде бирдей эле мааниде түшүндүрүлөт. Бирок, ошондой болсо да алардын ортосунда кандайдыр бир масштабдуулук жактан билинер-билинбес чек бар экендигин байкоого болот.

Көбүнчө алардын мааниси контекстке байланыштуу болот. Ата-бабалардын жерин жердеп, ошол жерде киндик каны тамып, төрөлүп, өсүп- чоңоюп, коломтосун өчүрбөй сактап, коргоп, калыптанган жерди Ата-Конушка барып такаса болот окшойт. «Туулган жердин топурагы алтын» эмеспи! Андан мааниси да, географиялык ченеми да кененирээк – Ата-Журт болсо керек. Ал эми синоним сөздөрдүн жалпы маанисин бирдиктүү камтыган, масштабдуулугун узарткан – Ата-Мекен сыяктанат. Мекен сөзү Ата Конуштан, Ата Журттан кийинирээк пайда болгону байкалып турат. Бул синоним сөздөр биринин ордуна бири, жогоруда айткандай, контекстке карай колдонула берет, ошол эле учурда айрым айырмачылыктар болушу да мүмкүн. Тагыраак айтканда Ата-Конуш, Ата-Журт, Ата-Мекенcөздөрдүн тар жана кең маанисинде колдоно берсек болот. Жерибизде көп улуттар жана элдер жашайт. Алардын тили, дини, үрп-адаты, каада-салты, маданияты, көз карашы айырмаланып тургандыгына карабастан, Мекени – Кыргызстан.

Мекеним мейкин күндүн нуру төгүлгөн,

Тоолору бийик бүркүт учуп жол жүргөн – деп көпчүлүк мурда ырдашчу эле.

«Ар бир адамдын өз мекени бар» – дейт Чыңгыз Айтматов. Ата Конуш, Ата Журт, Ата Мекен деген синоним сөздөр ар бир адамдын өмүрү, тагдыры, жашоосу менен жуурулушуп, жан-дүйнөгө, аң-сезимге сиңип, кадыр-барктуу, касиеттүү сезилип, кулакка уккулукту туюлуп турат. Бул бийик пафостуу сөздөр менен адам баласы сыймыктанып, керек болсо ал үчүн өз өмүрүн аябаган эр-азаматтар көптөп саналат. Эрдик, баатырдык көрсөткөн уул-кыздарын да Ата Конуш, Ата Журт, Ата Мекен эч качан унутпайт. Ошол себептен Ата Конуштун, Ата Журттун коломто очогунун оту өчпөй, муундан-муунга тарыхый белек катары калтырылып келет. «Ата Журт деп аталган туулуп-өскөн жердин тирлик тартиби, салт-санаасы, ыр, жомогу, жаратылышы, абасы – бүткүл турпаты адамдын адам катары калыптанышында жана өз тагдырына ээ болуусунда зор таасири бар экендигине бекем ишенемин» – деп бекеринен «Менин Мекеним» макаласында жазуучу баса белгилебесе керек. Чыңгыз Айтматов үчүн киндик каны тамган, туулуп-өскөн жери, башаты, Ата Конушу, Ата Журту, Ата Мекени – Шекер айылы. Бирок, бул алгачкы биографиялык маалымат, түшүнүк космикалык темп менен жазуучу дүйнөлүк атак-даңкка жеткенде кеңири географиялык масштабга ээ болуп, Мекен деген алп сөздүн борбору Күркүрөө, Талас, Манас Ата, Теңир-Тоо, Ала-Тоо, Ысык-Көл болуп чоңоюп, жалпы Кыргызстанды элестетип калган. Мына ошондуктан, Ата Конуш, Ата Журт, Ата Мекен символикалуу түшүнүктөр Айтматовдун чыгармаларында масштабдуу планда кездешет. Жазуучу үчүн кыргыз жеринин ар бир кокту-колоту көрктүү, көк шиберлүү жайлоосу, түркүн түстүү гүлдөрү, шаркырап аккан мөлтүр кашкар суусу, түбөлүк жаткан мөңгүлөрү, керемет үн салган куштары, жайкалып өскөн эгин талаасы – баары, баары өтө ыйык, сыймык. Ч.Айтматов жан дүйнөсүндө сезимтал, боорукер, гумандуу болгон. Бул сезимдердин анын чыгармаларында орун алышын, окуяларга сиңип кетишин табигый көрүнүш катары кабыл алса болот. Анан да чыгармалардын атуулдук пафосун көтөрүп, каармандардын адамдык насилинин маани-маңызын тереңдетип, сюжеттик окуялардын элдүүлүк, коомдук сапат-белгисин арттырууда ал сезимдердин түздөн-түз катышы бар. «Казандаболгон нерсе чөмүчкө чыгат» дегендей кеп.

Ч.Айтматовдун «Асма көпүрө» аңгемесинин баш каарманы Нурбек карама-каршылыктуу, татаал психологиялык кырдаалга кабылып, жеке Байтамталдагы жалгыз асма көпүрөдөн өтүп, жер кучактап жыгылганда мындай дейт: «– Ах, айланайын жер! Жытыңдан садага болоюн, кара жер! Сени басып жүргөнүм өзүнчө бакыт тура!» «Жер, суу менен авторлошуу». Каармандын аң-сезиминде дал ушул учурдан баштап, чындап ойгонуп, асма көпүрөнү бузулган боюнча таштап кетүү Асия баштап өлүмдөн сактап калган адамдарга кыянаттык кылгандын болорун ойлоп, өмүрдүн, жашоонун кадыр-баркын түшүнөт. Мына ушул сүйлөмдөр менен жазуучу терс каарманга айланып бара жаткан Нурбекти оңго салып, оң образга айландыра баштайт. Ички дүйнөсүндө бурулуш болгон адам гана жалындуу жылуу, сезимдүү сөздөрдү айта алат…

«Ой Ала-То-о-о, Ала-То-оо,

Ата-бабам өскөн жер!

Ой, Ала-То-о-о, Ала-То-о-о,

Ак булут калкып көчкөн жер!

Ошондогу түнт, маңыроо чалыш Даниярдын август түнүндө теребелди бузуп, укмуштуу обон менен ырдаганы Жамийла менен Сейитти жөн гана таң калтырбастан, жашоодогу эң бир кооз, көркөм дүйнөнү ачып салды. «Жүрөгү зор адамдын ой-санаасын, кубанычын, тилегин баяндаган зор обон! Ал кыргызчага, казакчага да окшобойт, бирок тыңшап отурсаң, бул обондо байыртан бир боордош кыргыз менен казактын тандалган төл обондору ширетилип кошулгандай туюлат. Обон, бирде, казактын уч-кыйры жок ай талаасындай кенен агымда жайкалып көйкөлсө, бирде кыргыздын зоокалуу тоолорундай, бийик заңгырап көкөлөйт». Бул адамдын жүрөгүндөгү чоң сүйүүдө бардыгы Ала-Тоодон баштап Ааламга чейинки жашоо да, жаратылыш да керемет боёктор менен боёлуп, жандуу камтылган. Айтматов Сейиттин жан дүйнөсүндөгү уйгу-туйгуларды лирикалык чегинүүлөр менен жаратылыштын айтып бүткүс кооздугу аркылуу шөкөттөп, ал эл-жердин кадыр-баркын, улуугун Даниярдын обону аркылуу сезип, туюп билет. «…өз эл-журттун, тууган жерин мындай сүйгөндүк, мындай өлчөмү жок сагынуу, көп жылдар бою алыста, четте жүрүп, көрүүгө зар болуп, эңсеген адамдын жүрөгүндө гана жаралып, пайда болорун өз акылымда түшүнүп да жүрдүм. Мен үчүн Даниярдын бул обондорунда анын жер кыдырып, жол-жолдо жетимче жүргөнү да, Россиянын көп азаптуу кан майдан талааларын басып өткөндөрү да эстетилүүчү. Мүмкүн, Ата Мекен жөнүндөгү ушул жалындуу обондор ошондо туулган чыгар. Мындай учурларда, Даниярды угуп отуруп, астыңдагы боз топурак кең талаа жерди адам баласы ушунчалык сүйгөнү үчүн, жата калып аны өз энеңдей бек кучактап, өпкүлөгүң келет. Мына ошондо биринчи жолу менин жүрөгүмдө кандайдыр жаңы бир нерсе ойгонуп, көкүрөктү дегдеткен эңсөө кыстап, мен дагы ушул жер келбетин, жер көркүн Даниярча сезе билип, сүйө билип, мен дагы ушинтип эле айтып берсем экен деп тиледим», – дейт Сейит.

«Ой, айланайын кең талаам! Казак боордошум жердеген, алп талаам! Мынакей, биздин тоолорду эки жакка керип таштап, чий менен шыбакка ыргалып, көз жетпеген деңиздей көлкүп жатасың. Ким билет сендеги жаткан күчтү!» Даниярдын ырынын, обонунун түпкү мааниси Ата Конуш, Ата Журт, Ата Мекен, болчу. Анын жүрөгү «муз», сезими мокок болсо Жамийла менен Сейитти мындай магдыратып, жан дүйнөсүн балкытып, кубаныч-сүйүнүчкө бөлөп ырдай алмак эмес. Ошентип, Айтматов Даниярдын ыры, обону жана Сейиттин таза жан дүйнөсү аркылуу, өзүнүн Ата Конушка, Ата Журтка, Ата Мекенге болгон чексиз сүйүүсүн, урмат-сыйын билдирет. Даниярдын ырдап жатканы – Айтматовдун обон салып ырдап жатканы, Сейиттин көңүлү толкуп, ааламды кучагына батырып, дүйнөнүн сулуулугу ого бетер көрктүү болуп көрүнүшү Айтматовдун балалык мезгилиндеги кабылдоосу, алгачкы сүйүүсү…

Ысык-Көлдүн үстүндө кайкуу салган ак куулар, төбөсүн муз каптаган тоолор, каалгып учкан булуттар. Ата Журттун көркөмдүү этюддары эмеспи. Жазуучу бул пейзаждык сүрөттөөлөр менен «Делбирим» повестинин каармандарынын психологиясын даана ачып берген. «Кыргызымдын кылымдардан берки түгөнгүс ыры болуп келаткан жарыктык Ысык-Көл жаткан экен көлбүп коюп. Ак чалгын көк толкундар жабалактап бирин бири кубалап келип, сары кумдуу жээккежабылат». Ильястын сүйүнүчү, кубанычы, ошону менен бирге кайгы-капасы Ысык-Көл аркылуу чагылдырылат. Ысык-Көл эки жаштын сүйүүсүнө күбө болсо, кийин жалгыз калган Ильястын арманын угат: «О, кайран Ысык-Көл! Ысык-Көлүм – өмүр бою ырдалып бүтпөс ырым!.. Дал ушул жар кабактын боюнда Аселди кучактап турган күндү кайра эстедим! Баары дал ошол күнкүдөй: ак чалгындуу көк толкундар кубалашып келип, сары жээкке жаба берип жатат. Быякка жөнөөр алдында көл жээгине, баягы жаркабакка бардым. Теңир-Тоо менен, Ысык-Көл менен коштоштум. Армандуу өмүрүмдүн күбөсү, Ысык-Көлүм, кош! – дедим. Сары жээк, көк айдың көлүм, ушу көркүң менен кошо ала кетсем болор эле, бирок сүйүктүү кишимин сүйүүсүн алып кете албадым, анын сыңары сени да алып кете албайм».

Ч. Айтматов Ысык-Көлдү – жанбоорундай жакын көрөт, ага суктанат, тамшанат. Көптөгөн макалаларында, анын ичинде «Ысык-Көлдүн куту жана куну» деген маегинде ой-толгоолор кылат, тарыхына кызыгат, чечилбеген айрым проблемаларга тынчсызданат, толгонот: «Ысык-Көл – менин кутман бешигим. Ал наристе кезимде мени алдейлеп, боз улан курагымда боюма кубат уютуп, чыгармачылык иште мээ чыңалткан сапсаргалуу ойго муктаж болуп турганда ар качан дөмөөр болуп, дем бергени үчүн мага кымбат. Кайда гана болбоюн, өлкөнү кыдырып жүргөндөбү же чет жактарга чыккандабы, айтор Ысык-Көлгө тең келер, анын жалпы жердин сарасындай туюлган көрк-келбетин көөнөртө алар эч бир жерди көрбөдүм». Ошону менен бирге «Ысык-Көлдү сактап калуу – бул Мекендин бир укум жерин сактап калуу дегендик» – дейт.

Демек, Айтматов үчүн кыргыздын ар бир берешен жери, суусу, токою, аска-зоосу ж.б. баары ыйык, керемет. Ата Конуш, Ата Журт, Ата Мекен дегенде атуулдук, улуттук сезими ойгонот. Ошол себептен улам дүйнөлүк интеллектерди чогулткан жыйынга да «Ысык-Көл форуму» деген ат берип, Ысык-Көлдү ааламга таанытып отурат. Айрым чыгармаларын да Ысык-Көлгө барып эс алып, жазган учурлары да болгон. Ата Конуш, Ата Журт, Ата Мекен, бир укум, алакандай жерден башталат эмеспи! Биз жогоруда айткандай, анын ар бир көрүнүшү кымбат. Дүйшөн менен Алтынай тиккен кош теректердин да мааниси зор. Бул теректер жазуучунун ойдон таап чыгарган теректери эмес, Шекердеги реалдуу теректер. Бүгүнкү күнү да ал бийик теректер көзгө кооз көрүнөт. «Көчөдө бак деген толуп жатат, бирок бул теректердин бир укмуштуу касиети – алар бөтөнчө үндүү, тил бүткөндөй жандуу теректер. Түнү-күнү тынбай, качан болбосун жалбырактар дирилдеп, чайпалган чокулары айкалыша, теректер ар кандай үнгө салып шуулдайт. Бирде – жээкке урунган эрке толкундай угулар-угулбас шапшынып, бирде – тым-тырс ойлоно калып, сагынычтуу санаага толгондой, алда эмнеге муңдана үшкүрүп, жулкунган шамал булут айдап, жаан айдап, бутактарын кайрып ийгенде, теректер бой тиреше чыңалып, «бизди жыгалбайсың» – дегендей, өжөрлөнө күүлөнүшөт».

Кыналышкан кош терек академик Алтынайдын алгачкы, тунук сүйүүсүн элестетип, «Ааламга жол айылдан башталат» дегендей, келечекке, жакшылыкка, илим-билимге сапар тартканга чакырат. Ч.Айтматов өзү да Шекер айылына сапар тартканда чыдамсыздык менен эртерээк жетип, эң алды зор теректерге барып, өткөн-кеткендерди эскерет, ойго батат, күч-кубат алат. Ошол себептен уламбы «кош терекке ийилип салам берип, кулагымдын моокуму канып алардын күүлөнгөн үнүн уксам деп дайым дегдеймин» – деп жазат. Мен да жазуучу менен эки-үч жолу туулган жерине барып, дароо эле кош теректерге «учурашканыбыз» эсимде.

(Уландысы бар)