Дүйнө кантип өзгөрүп жатат, дүйнө бизди кантип өзгөртүүдө

22-24-майда Алматы шаарында «Эволюциянын 15 жылы: дүйнө кантип өзгөрүп жатат, дүйнө бизди кантип өзгөртүүдө» аттуу XV Евразиялык медиа форум өттү. Анда эл аралык карым-катнаштардын «дүйнөлүк алкакта салкын тартып турган» азыркы учурундагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу талкууланды. Үч күнгө созулган талкууга 50дөн ашуун өлкөдөн келген 600гө жакын мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, саясат таануучулар, серепчилер жана журналисттер катышып, пикир алмашышты. Форумдун алгачкы күнүндө учурдун олуттуу маселелери боюнча жети журналисттик чеберчилик сабагы өткөрүлдү.

Д.Назарбаева форумдун спикерлери менен

«Мобилдик журналистикадан социалдык виртуалдуу чындыкка чейин» (алып баруучу – Юсуф Омар, Улуу Британия), «Кооптуу аймактан репортаж жасоо» (Шахида Төлөгөнова, аскердик кабарчы, Улуу Британия), «Байконурдун таасири» (Тира Шубарт, журналист, Королдук астрономиялык коомдун мүчөсү, Улуу Британия), «Акыйкаттан кийинки убакыттагы ЖМК этикасы», (Ивона Райхардт, «New Eastern Europe» журналынын башкы редактору жана Бартош Рыдлиньски, саясат таануучу, Польша) «Обочолонгон масс-медиа, cанариптик ЖМК доорундагы конвергенттик (бириккен ЖМКлар) журналистика» (Виктор Елисеев, Казакстан), «Жаңылыктар дүйнөсүнүн келечеги» (Райан Смит, CNN телеканалынын эл аралык долбоорлор боюнча чыгаруучу редактору, Улуу Британия), жана «ЖМКдагы гендердик тепе-теңдик» (Гизем Йарбил Гүрол, БУУ координатору, Түркия), мастер класстарынын аталыштарынын өзү эле айтып тургандай, са- бактардын мазмуну ар кандай, ал эми өткөрүлүшү кызыктуу болду. Форумдун расмий бөлүгү экинчи күнү Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин куттуктоо сөзү менен ачылды. Аны маалымат жана коммуникациялар министри Даурен Абаев окуп берди. Иш-чаралардын жүрүшүнө ийгилик каалаган Эл башчы жалпыга маалымдоо каражаттарынын учурда коомдун өнүгүүсүнө чоң таасири бар экендигине токтолду. «Ар кандай көз караштарды урматтаган ачык диалог гана миллиондогон адамдардын күнүмдүк көйгөйлөрүн чечүү үчүн кеңири алкактагы ишенимди калыптандырууга жол салат. ЖМКлар ушул процесстин лидери болууга тийиш жана күч-жигерин жаңы тоскоолдуктарды жаратууга эмес, калктар менен өлкөлөрдү бириктирүүгө жумшоосу керек. Ааламда жаңы маалыматтык чөйрөнү түзүү башталды, биз өнөктөштүккө жана билим алмашууга өбөлгө түзүүгө колдон келген бардык мүмкүнчүлүктү жасашыбыз зарыл. Өзгөрүп жаткан дүйнөдө маалымат каражаттары ааламдык жаңжалдын алдын алчу, абалды тынчтандыруучу курал», – деп айтылат Н.Назарбаевдин куттуктоосунда.

Сөз кезегин алган Евразиялык медиа форумдун уюштуруу комитетинин төрайымы, саясий илимдердин доктору Дарига Назарбаева кезектеги жыйындын максатына, он беш жыл мурдагы биринчи форумдан берки жана учурдагы жагдайларга токтолду. Төрайымдын сөзүндө медиа мейкиндиктин абалы талдоого алынгандыктан, бул боюнча кененирээк кабардар кылалы.

– Дүйнө экономикалык жактан да, маалыматтарды жайылтуу, технологияларды киргизүү өңүттөрүндө да укмуш өзгөрдү. Он беш жыл илгери жаңы төрөлгөн балдар жогорку класстын окуучулары болду, – деп ал медиаиндустрия өзүнүн объектиси болгон өлкөлүк жана дүйнөлүк көйгөйлөрдү кандайча чагылдырылып жатканына кеңири токтолду.

– ЖМК жаатында бардык нерселер түп-тамыры менен жаңыланды. Форум дүйнөгө келген учурда белгисиз болгон «Phone», «Pad» азыркы турмушта демейдеги тутунуучу зат, «пейджер» такыр унутулду. Чөнтөккө баткан смартфон өздүк компьютерге айланды. Instagram жана WhatsApp сервиздерисиз жашай албай калдык. Интернеттеги издөө системасы кез келген маалыматка жол ачты. Мурда балдар куурчак ойночу эле азыр девайстар менен ойноп калды. Медиа тутунуу бүткүл дүйнөдө азыр башкача. Жаңы медиа мейкиндикте суудагы балыктай сүзгөн жаңы муун пайда болду. Буларды санариптешкен алгачкы муун деп айтышууда. Бул муун мурдатан бар салттуу жана азыркы медианы ылгап жатпайт, дароо эле өздөрүнө ыңгайлуу азыркы замандын каражаттарын пайдаланышат, ошону менен бирге социалдык түйүндөрдө маселени талкуулоого киришет, сүрөттөрдү, видео тасмаларды бири-бирине жөнөтүшөт. Интернеттин, социалдык түйүндөрдүн жана башка коммуникациялык сервистердин өнүгүүсү адамдардын демейдеги турмушун өзгөрттү. Девайстар менен гаджеттердин кимге болсо да жетиштүү болуусу жүздөгөн миллион адамдардын медиалык мейкиндикке эркин чыгуусуна жол ачты. Блогерлер пайда болду, алар популярдуулугу жагынан салттуу басылмалар менен атаандашып, басылмалардын тиражы азая баштады. Мындай кырдаал телеберүү тармагын да камтыды. Анткени, смартфондун ээси репортаж жүргүзө алат, документалдуу фильмди тартат. 2005-жылдан баштап күчтөнгөн Ютубдун (You Tube) эбегейсиз чоң видеохостинги авторлордун жамааттык студиясына айланды, алар өздөрүнүн программаларын, видео-блогун, сюжеттерин миллиондогон аудиторияга жеткире алат. Интернет айдыңына чыгуунун жөнөкөйлүгү жакшы ниет менен жаңылыгын бөлүшкүсү келген адамдарга гана эмес, авантюристтерге, бардык багыттагы үгүтчүлөргө, терроризмдин теоретиктери менен практиктерине, кастык менен жек көрүүчүлүктүн үрөнүн себүүчүлөргө мүмкүнчүлүк жаратты. Маалыматтык согуштун көрүнбөс жоокерлери – троллдар, ошондой эле жалган жаңылыктарды фейк боюнча таратуучулар балакетке айланды.

Технологиялык жетишкендиктер дүйнөлүк саясаттын татаал кубулуштары менен катар жүрүүдө. Өткөн жылы гана террорчулар уюштурган жардыруулардан Ооганстанда, Египетте, Иранда, Иракта, Сирияда, Пакистанда жана Түркияда көз жумган адамдардын саны жүздөп эмес миңдеп саналат. Мындай капа кылган окуялар «террорчулукка каршы согуш» түрү суук чындык экендиги тастыкталды. Соңку 15 жылдагы эл аралык кырдаалдардан «кансыз согуштун» белгилери байкалууда, бул чыныгы согуштун чыгып кетүү коркунучун жаратууда, – деди Дарига Назарбаева.

Андан кийин талкуу-пикир алышуу отурумдары башталды. Булар да ар бири бир жарым саатка созулган жети отурумга ылайыкташтырылыптыр. Ушул күнү өткөрүлгөн төрт талкуунун алгачкысы «Эл аралык алакалардын эволюциясы: мамилелердин салкындашы» деп аталып, анда саясий метеорологиянын туруксуздугу, мамлекеттер аралык карым-катнаштардын татаалдашып жатканы, ушундай кырдаалда ЖМКлардын ролу кандай болушу керектиги козголду. «Евробиримдиктин эволюциясы: учурдагы чакырыктар жана биримдиктин келечеги» деп аталган келерки талкууда Евробиримдиктин азыркы абалынын ЖМКларда чагылдырылуусу тууралуу сөз болду. Аны англиялык тележурналист, Би- БиСинин Европа боюнча мурдагы редактору Х.Гэвин жүргүздү.

Иш-чаранын жүрүшүндө форумду уюштуруу комитетинин төрайымы Дарига Назарбаева менен сүйлөшүүгө да мүмкүнчүлүк болду. Дарига Нурсултан кызы кыргызстандыктарга саламын жолдоп, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсүндө ийгиликтерди каалады.

– Жаңы технологиялар фейктик жаңылыктарды оңой эле жасоого өбөлгө түздү. Ошондуктан калп менен жасалма кабарларды таратуу арбыды. Бир караганда, бул жагымдуу көңүл ачуу, тереңирээк назар салсак, бул ыкма коомдук пикирди керт башынын же топтордун пайдасын ойлогон максатта көзөмөлдөөгө жана адамдардын акыл-эсин манипуляциялоого колдонулуп калышы мүмкүн, – деп «Маалыматтык технологиялардын эволюциясы: фактылардан фейк-жаңылыктарга чейин. Тынчсыздануу керекпи?» темасында талкуунун пикир талашын россиялык РТ каналынын алып баруучусу Софико Шеварднадзе баштап берди.

«Коомдогу ишеним эволюциясы: азыркы учурда аны кантип башкарса болот?» деп аталган төртүнчү талкууда өткөн жылдын «Ишеним барометри – 2017» дүйнөлүк сурамжылоосунда коомчулуктун бийликке, бизнес чөйрөсүнө, ЖМКларга жана өкмөттүк эмес уюмдарга ишеними кыйла төмөндөгөнү белгиленди. Роботтук, санариптик технологиялардын кире баштаганына байланыштуу «Кимге же эмнеге ишенген туура?» деген эки ача суроо жаралып, «турмушубуз жакшы жакка өзгөрүп, бактылуулукка кадам таштадыкпы?» деген маселе көтөрүлдү. Форумдун үчүнчү күнүндөгү бешинчи отурум «Курчаган чөйрөнүн эволюциясы: болбой койбос акыр заманбы же жашыл экономикага өтүүбү?» отуруму менен башталып, алтынчысы «Медиа эволюция: блогердик тармактын өнүгүүсү коркунучпу же прогресспи?» темасында улантылды. Форум «Баалуулуктар жана мораль эволюциясы: дүйнөгө жаңы көз карашты ким калыптандырат?» талкуусу менен жыйынтыкталды.

Аталган жети талкууну дүйнөгө таанылган модераторлор жүргүзүп, ааламдын ар тарабынан келген саясатчылар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, серепчилер, журналисттер омоктуу ойлорун ортого салышты. Айрымдарын атап өтөлү: Нобель сыйлыгынын (2007) ээси Мохан Мунасинг, Франциянын Улуттук жыйналышынын депутаты Тьерри Мариани, Италиянын экс- премьер-министри, Тоскана аймагынан парламент сенатору Маттео Ренци, ОБСЕнин ЖМКлардын эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир, америкалык саясий технолог, экс-президент Барак Обаманын шайлоо өнөктүгү боюнча кеңешчиси Роджер Фиск, Россиянын президенти кызматына талапкер болгон журналист Ксения Собчак, франциялык «Ле Фигаро» гезитинин баяндамачысы Рено Жирар, Япониянын туруктуу энергетиканы өнүктүрүү институтунун директору Иида Тецунари, Англиядагы Оксфорд экономика жана аналитика институтунун улук кеңешчиси Сэм Уилкин. Форумдагы баяндамасында Дарига Назарбаева англиялык социолог Зигмунду Бауэмандын «Адамзатка таандык эки баалуулук бар. Эркиндик жана коопсуздук. Бирисиз бири жок. Коопсуздугу камсыз кылынбаган эркиндик – хаос, эркиндиги жок коопсуздук – бул кулдук» деген сөзүн мисалга келтирип, «азыркы муун кайсыны тандайт?» деген суроону койду. Бул түбөлүк суроого маани берип, замандаштарыбыздын адамзаттык баалуулуктарды таанып-билүүсүндө, туура жолду тандоосунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын вазипасы орошон зор экендигин жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан Евразиялык медиа форуму дагы бир жолу тастыктады.

Назарбек БАЙЖИГИТОВ,

«Кыргыз Туусу»