Бурулайдын тагдыры сабак болууга тийиш

Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек 19 жаштагы Бурулайдын милиция бөлүмүндө бычакталышы, жалпы коомчулукту дүрбөлөңгө салып, адамдардын үрөйүн учурду. Бул окуя жарандардын милицияга болгон ишенимин ого бетер төмөндөтүп, өз ишине шалаакы мамиле жасаган кызматкерлердин ким экенин көрсөтүп койду. Башкача айтканда, ички иштер органдарына кадрлар туура эмес тандалып, туура эмес иштеп жатышканы далилденди. Эгерде, милиция кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткарганда, темирдей бекем тартипти сактап, эрежелерди бузбаганда мындай кандуу окуя орун албайт эле…

Бирок, Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБнин) кызматкерлери өздөрүнүн күнөөсүн четке кагып, бул көрүнүш 20-25 секунддун ичинде болуп кеткенин айтышууда. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиеванын берген маалыматы боюнча, окуя милиция кызматкерлери кармалган адамдардын документтерин толтуруп жаткан учурда болгон.

Белгилей кетсек, 27-майда Бурулайды ала качып Суусамырды көздөй бет алган Марс жана Акмат аттуу жигиттер Сосновка постунан кармалып, Жайыл РИИБнин милиция бөлүмүнө жеткирилген. Кыздын ата-энеси келгичекти, ала качкан жигит Бурулай отурган бөлмөгө кирип, ага үч жолу, өзүнө төрт жолу бычак сайган. Ошондой эле, көкүрөгүнө бычак менен Н+Б деп тилип, аягына крест тартып койгон. Бурулай алган жаракатынан улам каза болуп, кылмышка шектүү аман калып учурда ооруканада. Азыр бул кыздын окуясынан кабардар болгон ар бир жаран кылмышкер бычакты кайдан алган, аны эмнеге эч ким текшерген эмес деген сыяктуу жана башка суроолорго баш катырууда. Ал эми маркум кыздын атасы Турдаалы: “Бычак сайган бала тергөөчүгө акча берип: “Экөөбүздүн мамилебиз жакшы, ата-энеси каршы болуп жатат, сүйлөшүп алалы”, – деп алдаса керек, ким билет”, – деп каңырыгы түтөйт. Жакындарынын айтымында, кылмышка барган адам, Бурулайды мындан бир ай мурда дагы ала качкан. Бирок, кызынын көңүлү жоктугун билип отургузбай коюшкан. Анткени, ата-эне кызын арзып сүйгөн жигитине турмушка узатууну каалаган.

Ушул жылдын 25-августунда Бурулай сүйлөшкөн жигити Нурланга турмушка чыкмак. Ак көйнөк кийип, ак жоолук салынмак. Бирок, экөөнүн тилегин таш каап, мындай кайгылуу окуя болуп отурат. Эжеси Айпери Бурулайдын үй жумуштарына тың болгонун эскерет. “Экөөбүздүн ортобузда 5 жаш айырма. Ал апама жардам бергенди жакшы көрчү. Үйдө тамакты, нанды Бурулай бышырчу. Мен окуган мектептен ал да окуду. Мага сабак берген мугалимдер, ага да сабак беришти. Бирок, эже-агайлардын бардыгы сиңдимди мактап, абдан жакшы көрүшчү. Анткени, чындыгында анын жүргөн-турганы үлгү аларлык болчу”, – дейт. Б.Турдаалы кызы Кудайбергендеги №83 орто мектептен билим алган. Ал орус, англис тилдерин жакшы окучу. Бир мүнөз, оор басырыктуу, ичинде кири жок, оюндагысын бетке айткан, курч мүнөз кыз болгон. Бурулайда куулук же жасалмалуулук деген болгон эмес. “Эгер сиңдим амалкөй, куу, алдап-соолаганды билгенде балким, тиги баладан аман-соо качып кутулат беле?”, – дейт Айпери.

Деген менен бул тагдыр. Бурулайдын тагдыры бардыгыбызга сабак болууга тийиш. Ушуну менен кыз ала качуу маселесине чекит коюлушу керек. Ошондой эле, мындай кылмышка баргандардын иши кыргызчылыкка салынбай, мыйзам чегинде чечилиши керек. Негизи Кыргызстанда 2012-жылдан бери кыз ала качкандарды жоопко тарткан атайын мыйзам иштей баштаган. Ага ылайык, Кылмыш жаза кодексинин 154-155 беренелери боюнча, кызды эркине каршы ала качып, никеге турууга мажбурлаган жарандар 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок, өткөн жылы “Аялдарды колдоо борбору” аталган мыйзамдын аткарылышы боюнча өлкө аймагында мониторинг жүргүзүп, бизде ала качуу азайганы менен, айыл жерлеринде бул көрүнүш дагы деле өкүм сүрүп келе жатканын жарыялаган. Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай милиция бөлүмүндө өмүр менен кош айтышты. Бул үчүн күнөөлүүлөр жазалуунусу керек. Ушул тапта кылмышка шектүү өзүнө келип, окуя жөнүндө сураганда, эч нерсени билбей калганын айтууда. Анын акыл эси орундабы, жокпу, ошол учурда соо же мас абалында экени тергөө иштеринин жыйынтыгында билинет. Учурда Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү), ошондой эле 316-берене (шалаакылык) боюнча прокуратура тарабынан Жайыл РИИБне карата да кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Тергөө иштери калыс, ар тараптуу болуп, окуянын чындыгында кандай болгону ачыкка чыгат деп үмүттөнөбүз. Айтмакчы, бул окуядан кийин өз ишине шалаакы мамиле жасагандыгы үчүн 23 кызматкер жоопко тартылды. Анын ичинен бешөө милицияга кайра кайтып келе алышпай турган болду. Сегизөө иштен айдалып, калган жетөө эскертүү алышты.

Анара АРЗЫБАЙ кызы,

“Кыргыз Туусу”