Балдарга “сүйүнчү” пул… Кесиптик кайра даярдоо

КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 2018-жылдын I кварталында аткарылган өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын чыгарды. Карап көрсөк, ушул мезгилдин аралыгында министрлик тарабынан, калктын жана социалдык жактан корголбогон категориядагы жарандардын абалын жакшыртууга багытталган бир катар иштер бүткөрүлгөн.

Мамлекеттик жөлөкпулдар

2018-жылдын 1-майына карата мамлекеттик жөлөк пулду алуучулардын саны 348, 368 миң адамды түзгөн. Көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул – 261,4 миң адамга берилсе, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулду – 86,9 миң адам алган. Белгилүү болгондой Президент көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык коргоону жакшыртууга багытталган «Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына кол койгон. Ага ылайык 2018-жылдын 1-июлунан тартып аз камсыздуулук боюнча жөлөк пулду дайындоодо пенсиянын бардык түрлөрү эсепке алынбайт; үй-бүлөнүн кирешеси (900 сом) өлчөмүнөн 1 кишиге төмөн болсо 16 жашка чейинки балдарга «үй-бүлөгө көмөк» пулу дайындалат.

Ошондой эле 2018-жылдын 1-январынан тартып бериле баштаган «балага сүйүнчү» жөлөк пулу жашаган жерине карабастан бир өлчөмдө (4000 сом) берилип келет. Жыл башынан бир жолку “балага сүйүнчү” пулун алуучулардын саны 21 813 миң адамды түзгөн.

Бардыгы балдар үчүн

Ал эми 2018-жылдын 1-апрелине карата 7981 турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар табылган, алардын ичинен 4729 (59,2%) бала мындай абалдан чыгарылган. Анын ичинен туулгандыгы боюнча күбөлүктөрү калыбына келтирилгени – 995, мектептерге кайтарылгандары – 95. Ошондой эле 5521 турмуштук оор кырдаалда калган үй-бүлөлөрдүн ичинен 1549у (28%) жакырчылыктан чыгарылган. Министрлик тарабынан 2014-жылдан баштап 47 үй-бүлө окуудан өткөн. Азыркы учурда 22 бала кабыл алынуучу үй-бүлөдө тарбия алууда.

Балдардын укуктарын бузуу фактысына ыкчам таасир этүү, балдарга карата кризистик кырдаалды болтурбоо максатында министрликтин алдында “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору (“111” номери), шашылыш чара көрүү оперативдик кызматы иштейт. Бүгүнкү күнгө чейин 2401 телефон чалуулар катталган. Ар бир кайрылуу боюнча зарыл чаралар көрүлүп, консультация жана сунуштар берилген.

Майыптарды тейлөө кызматы

Майыптуулук фактысын белгилөө боюнча ырастоодон 11185 адам өткөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,8% аз (1501 адам). Же майып деп эсептелген жарандардын саны 9,4% (1132 адам) кыскарган. Майыптык кресло-коляскасы менен 345 ДМЧА камсыз болгон, алардын ичинен – 84ү (24,3%) балдар. Реабилитациялоо курсунан 224 ДМЧА өткөн, анын ичинде 23ү (10,2%) ДМЧ балдар. Ошондой эле 55 ДМЧА компьютердик билим, тигүү жана бычуу курстарынан өткөн.

Жумушсуздук менен күрөшүү

Республика боюнча расмий жумушсуздуктун деңгээли 2,4% түзгөн. Министрликтин ишке орноштурууга көмөктөшүү кызматынын жардамы менен 7 миң адам иш менен камсыз болгон. Айта кетүүчү нерсе министрлик эмгек рыногунда активдүү иш-чараларды өткөрүү жолу менен 5 миңге жакын адамды жумуш менен камсыз кылган (акы төлөнүүчү коомдук иштер, кесипке окутуу).

Баарынан мурда бул мезгилдин аралыгында министрлик республиканын аймактарындагы социалдык инфраструктураны жакшыртуу багытында, элди убактылуу акы төлөнүүчү коомдук иштерге тартуу менен 3 миңден ашуун адам жумуш менен камсыз кылган. Ошондой эле атайы кесиптик окутууга 1,5 миң адам жиберилген. Алар эмгек рыногунда эң көп талап кылынган кесиптер боюнча (газоэлектроширеткич, чач тарач, компьютер оператору, 1С билген бухгалтер, ашпозчу, тигүүчү, бычмачы, офис-менеджер, электромонтаждоочу ж.б) билим алышып, иш менен камсыз болушкан.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *