Кайрылуу: Кооперациядагы коррупцияны ким ооздуктайт?

Кыргыз Республикасынын Президенти С. ЖЭЭНБЕКОВго

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.АБЫЛГАЗИЕВге

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө. ЖАМШИТОВго

Кыргыз Республикасынын УКМКнин төрагасы И.КАДЫРКУЛОВго

 

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Биз Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун кооператорлору Кыргыз Республикасынын элдик Президенти болушуңуз менен куттуктайбыз жана Сиз менен өзгөчө сыймыктанабыз! Анткени, сиз алтындай өз өмүрүн, асыл ак эмгегин кыргыз кооперациясын өнүктүрүүгө арнаган биздин улуу устатыбыз Шарип Жээнбековичтин тарбиялаган уулусуз!

Жакшы атанын таза уулу катары 25 жылдан бери Кыргызстанда тамырлаган коррупция менен болгон сиздин күрөштү биз элибиз менен бирге колдойбуз! Айрыкча, бул чоң күрөштү соттук реформадан баштаганыңыз эң туура болууда. Себеби, 25 жылдан бери эле коррупцияны коргоо, кылмышын жабуу, уурдаган арам мүлктөрүн мыйзамдаштыруу соттор аркылуу ишке ашырылып келүүдө. Мындай осол көрүнүшкө биз активист кооператорлор 25 жылдан бери өзүбүз күбө болдук, Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун мүлкүн тоноп-талап жаткан коррупциялык топтор менен болгон соттошуу процессинде өз көзүбүз менен даана көрдүк…

1926-жылдан бери өскөн Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун мүлкү 1996-жылкы баланстык эсеп жана валюталык курс боюнча 1 миллиард АКШ долларын түзгөн эле. 1996-жылы бул элдик байлыкка көз арткан бир нече адамдан турган кылмыштуу топ мыйзамсыз жыйында токтомдорун токуп, ага жасалма кол тамгаларды коюу менен (буга мамлекеттик эксперттик мекемелердин корутундулары бар) жаңы “Кыргыз Республикасынын кооператорлор Ассоциациясы” (“Кыргызкоопсоюз”) уюмун ачып, азырга чейин Кыргызстаткомдун ЕГРСЕнин эсебинде жашап турган, ликвидация болбогон Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун мүлкүн дүңүнөн өзүнө уурдап (“прихватизациялап”) алып, 25 жылдан бери сатып, жеп, байып келүүдө. Биз “Кооператор-пайщиктердин мүлкүн, уставдык укугун коргоо” уюмун негиздеп, тергөө, сот органдарына кайрылып келдик. Кээ бирлерине кылмыш иши козголуп, айрымдары камакка дагы алынды. Бирок, кайра эле мамлекеттик бийлик адамдарынын, прокурорлордун, соттордун кийлигишүүсү жана түздөн-түз жардамы менен алар кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп келди. Жемкорлордун уурдаган арам акчалары өтө эле көп болуп, алар ар жолку аракетибизде сотторду сатып алып, кайра эле козголгон ишти жаап коюшууда. Биздин ар бир дооматты териштирүү Жогорку Сотко чейин 5-6 жолу чыкты. Бирок, Жогорку Соттон эч чындык чыкпай койду, биз учурда соттордон такыр түңүлдүк, сот системасына такыр ишенбей калдык…

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Биздин соңку ишеничибиз, акыркы үмүтүбүз сизде, жаңы бийликте калды. Жогорку Кеңеш атайын депутаттык комиссия түзүп, иликтеген Бишкек ЖЭБдин кылмыштуу иши 100-140 миллион АКШ долларын түзсө, Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун коррупциялык жолдо уурдалып жаткан мүлкү 1 миллиард АКШ долларын түзөт. Ушул күндөрү да 15-20 миллион АКШ долларлык имараттар коррупционерлер тараптан дагы деле уурдалуу коркунучунда турат. Ошондуктан, сиз жетектеген Коопсуздук кеңеши аркылуу Кыргыз керек-жарак коомдор союзунда болгон коррупциялык кылмышка саясий баа берүү боюнча атайын мамлекеттик комиссия түзүп, ал уюмдашкан коррупциялык уюмдун чеңгээлинде калган Кыргыз керек-жарак коомунун тагдырын оңунан чечип, сакталып турган элдин мүлкүн куткарып берүүнү сизден суранабыз. Чыркыраган бул чындык турмушка ашса, эң оболу Жараткан жалгыз Кудай, жалпы кыргыз эли, Кыргызстан кооператорлору, көзү өткөн маркум кооператор аксакал-устаздарыбыздын арбагы сизден ыраазы болор эле!

(Бул кайрылуу катка Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун 25 жылдан бери карай коррупциялык ыкмада мыйзамсыз таланышы боюнча кыскача маалыматтар жана тарыхый фактылардын хронологиясы тиркелди).

Сизди терең урматтоо менен,

Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун кеңешинин төрагасы Б.ТЕМИШОВ

Башкармасынын төрагасы Д. МАМАДЖАНОВ

 

ТИРКЕМЕ:

  1. Кыргыз керек-жарак коомдор союзу эгемендик алган мезгил

Эгемендик 1993-жылы Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун (Кыргызпотребсоюздун же мындан ары кыскача – КПСтин) балансылык мүлкү, ошол кездин валюталык курсу менен эсептегенде 1 миллиард АКШ долларын түзгөн. Анын: 418,1 миллиону Уставдык фонд, 50 миллиону товар, 124,9 миллиону пайщиктер фонду болгон. Ал эми, негизги каражаты 319,0 млн. АКШ долларын түзүп, ага: 3612 дүкөн, 1326 ашкана, 160 айыл чарба азыгын даярдоочу контора, 63 өндүрүштүк комплекс, 236 соода- өндүрүштүк база, 2 санатория, 8 бала бакча, 35 курулуш-транспорттук мекеме кирген. Бул байлык 90 миңге жакын кооператорлорго, 900 миңдей пайщиктерге таандык жалпы коомдук мүлк болгон.

1993-жылы 13-августта КР Өкмөтүнүн №367-токтому менен КПС кайра каттоодон өтүп, уставынын 57-пунктунда: “Реорганизация: слияние, разделение, преобразование и прекращение деятельности производится по решению сьезда” деп, 58-пунктунда: “При ликвидации дел Кыргызпотребсоюза и решение вопроса о его имуществе съездом или советом создается ликвидационная комиссия” деп ачык, даана, так жазылган…

  1. Кыргыз керек-жарак коомдор союзу (КПС) тонолгон мезгил

1996-жылы КПСтин 1 миллиард АКШ долларлык мүлкүн ээлеп алууга болгон аракеттер башталды. 1996-жылы Өкмөттө иштеген Т.Керексизов (эски кооператор) 4-мартта президент А.Акаевдин “О неотложных мерах по реорганизации системы потребительской кооперации” деген указын чыгартат. Анда “Создать комиссию по реорганизации системы потребительской кооперации в целях преодоления кризисного положения, создания дейтсвенной структуры, обеспечивающей эффективность финансово-хозяйственной деятельности системы в условях рыночной экономики” деген КПСти реформалоо милдети коюлат. Бирок, 1996-жылы 12-апрелде бул указды аткарууда Т.Керексизов төрагалык кылган комиссия “КПС жөнүндөгү” мыйзамды, анын уставынын 57, 58-пункттарын одоно бузуп, КПСтин съездин же советин чакыруу ордуна 129 мекеме-уюм жетекчилерин жыйнап, ошол эле күнү: “КПСти ликвидация кылуу жөнүндө” жана “Кооперативдер Ассоциациясын түзүү жөнүндө” деген мыйзамсыз токтомдорду тар чөйрө жыйынында кабыл алууга жетишкен. Алар жеке менчик бул жаңы уюмун Өкмөттөн, Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгынан каттатууну жасалма кол тамгалар, Токтомдор аркылуу ишке ашырган (бул боюнча адистешкен мамлекеттик эксперттик мекемелердин бүтүмдөрү бар)…

Алардын кылмыштуу бул иш-аракеттерин караган Бишкек райондор аралык соту 2016-жылы 22-ноябрда:- “Признать недействительным протокол собрания уполномоченных поотребительских кооперативов Кыргызской Республики от 12 апреля 1996 года за №1”;

– Признать недействительным Постановления собрания уполномоченных поотребительских Кыргызской Республики от 12 апреля 1996 года “о создании ассоциации кооперативов Кыргызской Республики” деген калыс чечимин чыгарган. Бул чечимди 21-апрелде 2017-жылы Бишкек шаардык соту да өз токтому менен бекиткен. Жогорку Сотто алар чечимди буздурган.

Ошентип, мыйзамсыз уюмдашкан бул жаңы уюм мамлекеттик жаңы каттоодон (кайра каттоодон эмес) 1996-жылы өтүп, КПСтин мүлкүн ээлеп алган (бул кылмыштуу фактыны ырастаган Бишкек шаардык жана Республикалык статистика башкармасынын, Бишкек шаардык юстиция бөлүмүнүн каттары бизде бар). Бирок, мыйзамсыз жаңы уюмдашкан “Кыргызкоопсоюз” өзү жамынган президенттик указга ылайык эч бир реформалык иш да, элге, өлкөгө пайдалуу чарбалык иш да кылган жок. Тескерисинче, 1 миллиард АКШ долларлык элдик мүлктү талап, тоноп, жеп, жок кылуучу коррупциялык уюмга айланды. Алар базар наркы 5-10 млн. АКШ долларлык базаларды, санаторияларды… болбогон 25-50 миң АКШ долларга сатып алышты. Учурда 15-20 млн. АКШ долларлык имараттарды да жегени турат…

  1. Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун кайра жаралуу мезгили

2010-жылкы революциядан кийин, 2011-жылы 25-февралда Кыргыз Өкмөтүнүн №46-р буюртмасында КПСти жандандыруу демилгеси болгон. Анткени, Кыргыз Республикасынын улуттук статистика башкармасы жана Бишкек шаардык статистика башкармасы берген расмий (биздин архивде сакталып турган) каттары боюнча 1926-жылы уюмдашкан КПС ушул күнгө чейин эч кандай ликвидация болбогону, бирдиктүү мамлекеттик статистикалык эсепте (ЕГРСЕде) катталып, сакталып турганы аныкталган. Өкмөттүк жумушчу топ “КПСти кайра жандандыруу боюнча” Кыргыз Өкмөтүнүн токтом долбоорун (биздин архивде бар) даярдап, 2011-2013-жылдары Өкмөттүк жыйындарда талкууланып, министрликтер, ведомстволор колдогон бүтүмдөрүн алган (көчүрмөлөрү биздин архивде бар). Бирок, Өкмөт башчылар (Ө.Бабанов, Ж.Сатыбалдиев, Ж.Оторбаев, Т.Сариев, С.Жээнбеков) тез-тез алмашылып, бул токтом кол коюусуз калып калган… 2017-жылы Өкмөт башчы С.Жээнбеков ЖКда отчет берүү учурунда КПСти кайра жандандыруу маселесин колдоорун билдирген. Ага шыктанган кооператорлор аймактарда съезддерин өткөрүп, салттуу-нарктуу эски системаны кайрадан уюмдаштырууга жетишкен. Натыйжада, 2017-жылы 25-майда Бишкек шаарында КПСтин кезексиз XVI съезди өтүп, бүт аймактардан 112 делегат катышып, устав боюнча совет, башкармалык шайланган.

  1. Кыргыз керек-жарак коомдор cоюзунун 2018-2022-жылга өнүгүү концепциясы

Кыргызстан агрардык өлкө, анын 70-80% эли элетте жашап, чарбасы, тиричилиги, турмушу, социалдык абалы айыл-чарба менен тыгыз байланышкан. КПСтин эң алгачкы уюмдашуу уставдык башкы максаты да элет элин чарбалык-социалдык жактан колдоо, кызматташуу, тейлөө болгон. Бул уставдык милдеттер өнүгүү концепциянын өзөгүн түзөт жана концепциялык максаты төмөнкү өнүгүү программасын өлкөдө чечүү болуп саналат.

  1. Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун 2018-2021-жылдарга өнүгүү программасы
  1. КМШ өлкөлөрүнүн баарында (бизден башка ) улуттук керек-жарак коомдор союзу иштеп турат. Алар менен салттуу алаканы чыңдоо, экспорт-импорттук келишимдерди түзүү;
  1. Бүткүл Дүйнөлүк Кооперациялык Альянс менен байланышуу, кызматташуу, грант алуу;
  1. ЕАЭС, КМШ менен бирдиктүү соода-сатык, экспорт-импорттук интеграция мейкиндигин калыптандыруу.

Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл-чарба азыктарын кайра иштетүү, товарды экспорттоонун план-келишимдүү системасын, туруктуу механизмин түзүү;

  1. Кытай Эл Республикасынын “Жибек жолу программасы” алкагында кызматташуу, “логистикалык борборлорду” уюштуруу боюнча финансылык-техникалык гранттарды алуу;
  1. Кыргыз Өкмөтү менен биргеликте“Кыргыз керек-жарак коомдор союзу жөнүндө” мыйзамды долбоорлоо жана ЖКда кабыл алдыруу;
  1. Кыргыз Өкмөтү менен биргеликте “Биримдик, Ишеним, Жаратмандык” программасын турмушка ашыруу, ЕАЭСтин ичинде “кыргыз-улуттук рыноктун” тарыхый ордун табуу;
  1. Аймактык мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү кеңештер, айыл өкмөттөр менен иштешүү, дыйкан-фермердик чарбаларды ыктыярдуу бириктирүү, ирилештирүү-кооперациялоо, жергиликтүү рыноктордо “дыйкан базарларды” пландоо, уюштуруу, иштетүү.
  1. Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун жаңы мүлк саясаты

1996-жылда мүлктү мыйзамсыз ээлеп алган “Кыргыз-коопсоюз” эч бир чарбалык иш-аракеттерди жасаган жок. Тескерисинче, КПСтин мүлктөрүн жеке менчикке сатуунун коррупциялык схемаларын аткарып келди. Көп мүлк талаштар, жүздөгөн соттошуулар болду. Учурда да КПСтин мүлкүнө болгон кыянатчылык иштер дагы да болсо улантылып келүүдө. Мындай коррупциялашкан оор шартта кайра жаралган КПС мүлккө болгон өз саясатын тынч, бейпил, жаңжалсыз, өтө либералдуу жана мыйзамдуу жүргүзүүнү көздөп турат. Башкача айтканда, КПСтин мүлк саясаты Кыргыз Өкмөтү менен биргеликте иштелип чыккан, ЖК кабыл алган “Кыргыз керек-жарак коомдор союзу жөнүндө” мыйзамдын негизинде ишке ашырылат. Бул мыйзам боюнча КПСтин 1996-жылкы балансалык мүлкү ушул күндөгү менчиктик абалына карата 3кө бөлүнүп каралат:

1-категориядагы “кызыл мүлктөр”: буга чейин жеке менчикке сатылып, мыйзамдашып кеткен кооперация мүлктөрү кирет. Андай мүлктөр Конституция негизинде жеке менчик мүлктөр катары, КПС тараптан таанылат.

2-категориядагы “сары мүлктөр”: буга азыркы учурда талаш-тартышка түшүп, соттор тараптан ээлик кылуу маселеси чечилип жаткан мүлктөр кирет. Андай мүлктөрдүн ээси ким болорун соттор чечишет. Соттун калыс чечимине КПС толук макул болот.

3-категориядагы “жашыл мүлктөр”: азыркы учурда сатылбастан, эмгек жамааттары тараптан кармалып, сакталып турган КПСтин эски мүлктөрү кирет. Мындай мүлктөргө 1996-жылга чейин жана андан бери карай КПка, анын мурунку облустук, райондук, айылдык керек-жарак коомдоруна таандык болуп келген кеңселер, кампалар, складдар, базалар, темир жолдор, санаториялар ж.б. бөлүнбөс кыймылсыз мүлктөр кирет. “Жашыл мүлктөр” жаңы чыккан мыйзам аркылуу Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун менчик мүлкү катары таанылат жана бул Концепциялык программага ылайыктуу жаңы Логистикалык борборлорду уюштурууда материалдык-чарбалык база болуп берет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *