Жогорку соттун судьясы актаган чечимди колдобошу керекпи?

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева парламентте отчет берип жатканда соттордо иштин көптүгүн айтты. Айрым судьялар да соттук чечимдердеги катачылыктарды жана кемчиликтерди ушул иштин көптүгүнө байланыштырып актанууга аракет кылышат. Туура. Бирок, бул маселенин бир гана тарабы. Ал эми экинчи тарабында судьялардын кесипкөйлүгүнүн жетишсиздиги, айрымдарынын жеке кызыкчылыктарынын үстөмдүк кылып кетүүсү турат. Мына ушундайлардан улам мыйзамсыз чечимдер кабыл алынып, ал кайра даттанылып, процесстер соттордо бир нече жылдап жүрүп, натыйжада соттордо иш көбөйүп… Ал да эч нерсе эмес, кээде жок жерден айыпталып жаткан адам ушул аралыкта кармоочу жайда камалып, тагдырына балта чабылып… Биз бул сөзүбүздү жүйөөлөө үчүн төмөндөгү эки кылмыш ишине байланыштуу Жогорку соттун чечимдеринин айланасында ой жүгүртүп көрөлү.

Тергөө териштирбегенди эми сот тергеп жибереби?

Аскер прокуратурасы тарабынан Бектурсун Жаныбеков 2011-жылдын август айынан 2014-жылдын август айына чейин Өкмөткө караштуу “Кыргыз курал” мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп туруп КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 171-бер. (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) жана 350-бер. (Документтерди жасалмалоо, жасалма документтерди пайдалануу) боюнча айыпталып иши сотко өткөрүлгөн. Дароо айта кетсек, аталган ишкана Өкмөткө караштуу болгону менен, иш жүзүндө толук чарбалык эсептеги жарандык ишкана, өз ишмердүүлүгүн өз алдынча финансылоо жана өзүн актоо негизинде жүргүзөт. Ошондой болсо да аскер прокуратурасы козгоп, тергеген.

Прокуратура Б.Жаныбековго КРнын Финансы министрлигинин 30.05.1997-жылдагы №15-01/2867 нормативин бузуу менен ишкананын кассасынан кассалык ордерлердин негизинде акча каражаттарын өз отчеттуулугуна алган деп айыптаган. Бирок, ал акчалар кийин кассага кайтарылган. Б.Жаныбеков биринчи жолу 17.01.2014-ж. чыгыш кассалык ордердин негизинде 817 000 сомду өз отчеттуулугуна алып, бирок, ал акчаны толугу менен 01.04.2014-ж. кассага кайтарылган. Экинчи жолу 28.04.2014-ж. чыгыш кассалык ордер менен 964 00 сом алган. Ал акча да 26.05.2014-ж. ишкананын кассасына кайтарылган. Булар боюнча кириш кассалык ордерлер бар. Ушундан кийин прокуратура кызматкерлери КЖКнын 171-бер. каралган ишенип берилген мүлктү ыйгарып алууну же жок кылууну кантип көрө коюшкан?! Акчалар толугу менен кайтарылып, Б.Жаныбековдун ал аракетинен ишкана эч зыян тарткан эмес. Анан кандайча кылмыш курамы болушу мүмкүн?! Эми ага коюлган экинчи айыпка — КЖКнын 350-бер. бузууга, документтерди жасалмалоого, жасалма документтерди пайдаланууга келели. Прокуратура бул документтер жалган жана жасалма болгон деп эсептейт. Бирок, соттук териштирүүлөрдө Б.Жаныбековду мындай айыптоо жетишсиз далилденгени көрүнгөн. Ошондуктан Биринчи май райондук сотунун токтому жана Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын 02.02.2018-ж. аныктамасы менен кылмыш ишиндеги кенемтелерди четтетүү үчүн кайра аскер прокуратурасына жөнөтүү чечими кабыл алынган.

Ал эки чечимде тең судьялар тергөө кайсы мыйзамга ылайык, кайсы кемчиликтерди оңдоосун ачык көрсөтүшкөн. Мисалы, КР ЖПКнын 82-бер. (Далилдер) 5-п. (Алгач текшерүү органынын адамы, тергөөчү, прокурор, сот далилдердин жол берилгистиги жөнүндө маселени чечүү менен ар бир учурда жол берилген бузуу конкреттүү эмнеден көрүнгөнүн аныктоого, жана жүйөөлөштүрүлгөн чечим кабыл алууга тийиш) талаптарына ылайык келтирүү. Анткени, тергөө башталганга чейин эле Б.Жаныбеков өз отчеттуулугуна алган акчалар ишканага кайтарылып берилген. Ошондо ишкана кандайча зыян тартып калган болот? Экинчиден, ага коюлган КЖКнын 350-бер. обьективдүү жагы – документтерди жасалмалоо. Айыптоо корутундусунда Б.Жаныбеков өз отчеттуулугуна алган биринчи жана экинчи сумма боюнча накталай акча каражаттарын контракт боюнча депозиттик аманат катары НПК “Оптолинк” (Россия) ЖЧКсынын кассасына төккөндүгү боюнча төлөм документтеринин көчүрмөлөрүн “Кыргыз куралдын” бухгалтериясына бергендиги жазылат.

А сотто каралып жаткан кылмыш ишинин материалдарында кириш ордерлеринин туп нускасы тургай, алардынксеро көчүрмөлөрү жок. Ошондо, кириш ордерлеринин ксерокөчүрмөлөрү деген сөз Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү Жахангир Ботобаевдин фантазиясы эле болуп чыгып жатпайбы?! Мына ошондон улам, эки инстанция тең кылмыш ишиндеги кенемтелерди четтетүү үчүн кайра аскер прокуратурасына жөнөтүү чечимине келишкен. Бирок, иш Жогорку сотко келгенде баяндамачы судья Кеңешбек Токтомамбетов иштеги жүйөөлөрдү башкача түшүнүп алып, коллегия мүчөлөрүнө өзү түшүнгөндөй түшүндүрүп салганбы, айтор, соттук коллегия 08.05. 2018-ж. аныктамасы менен эки чечимди тең бузуп, прокуратура өтүнгөндөй ишти Биринчи май райондук сотуна башка курамда жаңыдан кароо чечимин чыгарып жиберген.

Кайра карасын дейт. Кайра карай турган нерсе жок болсо эмнени карайт?

Акыркы чекитти кое турган Жогорку сот төмөнкү инстанциядагы коллегаларынын ансыз да көп ишин көбөйтө турган дагы бир чечимди кабыл алууда да дал ушул судья К.Токтомамбетовдун “салымы” чоң. Анткени, төмөнкү эки соттук инстанция тең бирдей чечимге келген, демек, күмөн санатуучу жагдайлар дээрлик болбоого тийиш төмөндөгү иш Жогорку сотто каралганда баяндамачы да, коллегиянын төрагасы да мурдагы прокуратура органынын кызматкери (1992-2007-жж.) болгон ушул судья. Эми окуянын кыскача фабуласына токтололу. Норузбай Жумашев, Улан Сабыр уулу жана Нурдин Дүйшөмбеков КЖКнын 247-бер. (Баңгилик каражаттарды, психотроптук заттарды болбосо прекурсорлорду сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатуу) боюнча айыпталышкан.Дароо айта кетсек, мында тергөө органдары башынан эле “ээрге кыйшык отурушкан”. Өзгөчө мындан Н.Дүйшөмбеков көбүрөөк жабыркаган. Ал кылбаган кылмышты моюнга алдырыш үчүн милиция кызматкерлери ур-токмокко алышкан. Бул боюнча ал кармалгандын эртеси күнү – 19.03.2016-ж. өткөрүлгөн соттук-медициналык экспертизанын №167/969 корутундусунда “анын ден соолугуна утурумдук жоготууга алып келбеген жеңил залал келтирилгендиги” көрсөтүлгөн.

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу психикалык ден соолуктун республикалык борборунун соттук-психиатриялык экспертиза бөлүмүнүн психиатриялык комиссиясынын 13.04. 2017-ж. №401 корутундусунда да ушундай эле тыянак чыгарылган. Сөздү ушундан баштаганыбыздын себеби, бул үчөөсү тең аларга тагылган кылмышты жасагандыктарын моюнга алышкан эмес. Анын үстүнө тергөөнүн өзү көптөгөн дал келбөөчүлүктөр жана жасалмалоолор менен коштолгон. Мына ушундай жол менен сотко жеткен бул кылмыш иши боюнча Ысык-Ата райондук сотунун 24.08.2017-ж. өкүмү менен Н.Жумашев менен У.Сабыр уулу, жогоруда айтылгандай, КЖКнын 247-бер. 2-бөл. 1-п., 3-бөл. 4-п. менен күнөөлүү деп табылышып, 12 жылдан эркинен ажыратылууга соттолушкан. Ал эми Н.Дүйшөнбековдун күнөөсү далилденбегенден улам акталган. Чүй облустук сотунун соттук коллегиясы 22.12.2017-ж. өкүмү менен Н.Жумашев менен У.Сабыр уулуна карата өкүмдө 2016-жылы жарыяланган мунапыс жөнүндө мыйзамдын жобосун колдонуу менен алардын өтөлбөгөн жаза мөөнөттөрүн бештен бирге кыскартуу менен өкүмдүн калган бөлүгүндө өзгөртүүсүз калтырган. Өкүмдүн Н.Дүйшөнбековго тиешелүү бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылган, башкача айтканда, аны актоо чечими кабыл алынган. Эки инстанциядагы соттордун чечимдеринен көрүнүп тургандай, Н.Дүйшөнбековдун бул кылмышка тиешеси бар экендиги далилденбеген. Ошондуктан, бул ишке аралашкан юристтердин көз карашында, бул боюнча соттук акыркы инстанция – Жогорку сот да ушул чечимдерди күчүндө калтырышы мыйзамдуу болмок. Албетте, эгерде иш боюнча баяндамачылык башка судьяга берилгенде ошондой эле болмок. Бирок, кашайып, ишти кароодо баяндамачы болуу жана коллегияга төрагалык кылуу “бактысы” кайрадан эле К.Токтомамбетовго туш келип калып жатпайбы.

Ал баягы “көнгөн адатына сала” прокуратуранын сунушун колдоо менен Н.Дүйшөмбеков боюнча эки соттук инстанциянын чечимдерин жокко чыгаруу жана кылмыш ишин башка курамда биринчи инстанцияда жаңыдан кароого жөнөтүү чечимин сунуштап, аны коллегия мүчөлөрү колдоп жиберет…

Айрым тактоолор

“Казанчынын өз эрки – кайдан кулак чыгарса” деген макалдагы түшүнүктү биздин акыркы соттук инстанциянын айрым судьялары өзүм билемдик катарында түшүнүп алышкандай. Андай болбосо, өздөрүнүн төмөнкү инстанциядагы коллегаларынын чыгарган чечимдерине сыйлоо менен мамиле кылышмак деп ойлойм. Албетте, эки инстанциядагы соттордун судьяларынан каталыктар кетип калышы мүмкүн. Бирок, алардын чечимдеринин баарына эле орустарда айтылгандай, “Мен начальник – сен жинди, сен начальник – мен жинди” деп мамиле жасоонун өзү туура эмес. Баса, парламентте Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева депутаттардын суроолоруна жооп берип жатканда, “жергиликтүү судьялардын ар бирине айына жыйырмадай иш кароо керек болсо, иш жүзүндө 60-70 иш кароого туура келип жатканын” айтып даттанды. Мындай “ашыкча жүк” судьялардын ишти карап жана чечим чыгаруусунун сапатына терс таасирин тийгизбей койбойт. Ушундай учурда К.Токтомамбетовго окшоп, өзүнүн азыр айыптоочу эместигине «унутуп», айыпталган тарапка да, айыптоочуга да жан тартпай, ишти калыс кароонун ордуна мурдагы “коллегаларынын” – прокуратура кызматкерлеринин өтүнүчүн канааттандыра берүү “адаты” ансыз да иштер “баскан” сотторго оордукту ого бетер көбөйтпөйт бекен?! Эгерде чынында эле К.Токтомамбетов “себепкер” болгон жогорудагы соттук аныктамалар мыйзамдуу болсо, анда биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун судьяларын бул иштер боюнча билип туруп мыйзамсыз сот актыларын кабыл алгандыгы үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартыш керек да! А эгерде алардын чечимдери мыйзамдуу болсо, анда К.Токтомамбетов учуру келгенде мыйзам алдында жооп бериши керек.

Баса, парламенттеги отчет убагында Жогорку соттун төрайымынын орун басары Качыке Эсенканов соттордо актоочу өкүм болбоого тийиштигин айтып, парламент депутаттарынын оозун ачырды. Ал өз сөзүнө кайра оңдоо киргизип, муну менен тергөө жана айыптоо сапаттуу болушу керектигин айткысы келгенин түшүндүрүүгө аракеттенди. Мүмкүн идеалдуу укук коргоо жана прокуратура органдары бар мамлекеттерде ушундайдыр. Бирок, бизде ага жетүү кайдан? А ушундай учурда төмөнкү соттук инстанциялардын актоо чечимдерин жокко чыгара берүү туурабы? Же Жогорку соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасы К.Эсенкановдун “актоочу өкүм чыгарууга болбойт” деген сөзүн К.Токтомамбетовго окшогон судьялар түз түшүнүп алышканбы?..

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *