Президент улуу жазуучунун үй-музейине барды

11-июнда Президент Сооронбай Жээнбеков улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду эскерүү үчүн анын үй-музейине барып, жазуучунун жакындары менен жолугушту.

Жазуучунун жубайы Мария Айтматова Президент С.Жээнбековду алардын үй-бүлөсүнө келгени үчүн ыраазычылык билдирип, Мамлекет башчынын жазуучунун элесин сыйлаганы Айтматовдун үй-бүлөсү үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи. Президент Ч.Айтматовдун Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду өзгөчө экенин, ал ар дайым өз өлкөсүнө жана элине кызмат кылганын белгиледи. «Кыргызды дүйнөгө „Манас“, анан Чыңгыз Айтматов таанытты. Анын элесине таазим кылуу — менин адамдык милдетим», — деди ал.

М.Айтматова жана жазуучунун уулу Элдар Мамлекет башчыга Айтматовдун музейин, анын кол жазмаларын көрсөтүштү. Президент жана жазуучунун жакындары Ч.Айтматовдун жашоосу жана чыгармачылыгы жөнүндө баарлашып, эскеришти.

М.Айтматованын айтымында, бул үйгө жазуучу 1986-жылы көчүп келген. Жазуучунун жакындары музейди өнүктүрүү, Айтматовдун элесин түбөлүккө сактоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып беришти. Президент үй-музейдеги эскерүү китебине жазуу калтырып, жазуучунун жакындары менен сүрөткө түштү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *