Ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылууда

Акыркы учурларда аялдарга, балдарга карата зомбулуктун көбөйүшүнөн улам келип чыккан көйгөйлөр Өкмөттө талкууга алынды. Өкмөткө караштуу Гендердик саясатты өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын алдына бир катар талаптарды койду.

-Өлкөбүздө балдарга жана аялдарга карата зордук көрсөтүү улам күчөп, жүрөк ооруткан окуяларга күбө болуп жатабыз. Кичинекей балдарды эси-учун жоготкончо сабаган көрүнүштөр болууда. БУУнун Башкы ассамблеясы 19 жыл мурда 25-ноябрды зомбулукка каршы күрөшүү күнү катары жарыялаган. А чынында зордук-зомбулук көрсөтүү кылмышынын географиялык, социалдык, экономикалык же диний чектери жок. Тилекке каршы, Кыргызстан мына ушундай көрсөткүчтөргө ээ болгон мамлекеттердин катарында турат. БУУнун билдиргенине караганда Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял бала-чакасы менен үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат. Улуттук статкомдун маалыматында өлкө боюнча жалпы кылмыштардын саны азайганы менен аялдарга жасалган кылмыштар күчөгөн, -деп билдирди Премьер-министр М.Абылгазиев. 2005-жылы аялдарга зомбулук көрсөткөн 4735 кылмыш иши катталган болсо, 2014-жылы бул көрсөткүч 7527ге жетип, 82 пайызды түзүптүр. Мунун ичинде аялдарды өлтүрүү, денсоолугуна атайын зыян келтирүү көбөйгөн. Кыз ала качуу боюнча 2013-жылы 19 факт катталган болсо, 2017-жылы 31ге жеткен. Бул кылмыштар шаарга караганда айыл жергесинде кыйла көп. Ал эми маалымат каражаттарында айтылбай, коомчулукка билинбей кор болгон аялзаты мындан да арбын. Кыз ала качууда эки тараптын ата-энелери өз ара келишип алып, кылмыш иши козголбой калгандыктан нечен кыздардын өмүр бою ден соолугуна, психикасына зыян келтирилип жаткандыгы жыйында көтөрүлдү. 2017-жылы үй-бүлө зомбулугу боюнча 7333 факт катталган. Жакында Балыкчы шаарындагы эки жаштагы баланын үстүнө чыгып тебелеп, уруп жаткан интернеттеги окуя эч кимди кайдыгер калтырбашы керек. Жайыл районунун РИИБнин имаратында 19 жаштагы Бурулай Турдалиеванын бычакталышы мамлекеттик органдарга абдан чоң сабак болду. Көчөдө же башка жакта эмес, а жаранды коргой турган мамлекеттик органдын имаратында адам өлтүрүү катталганы күч түзүмдөрү үчүн андан жыйынтык чыгаруучу окуяга айланды.

-Зордук-зомбулукка каршы күрөшүүдө системалуу иш алып баруунун зарылдыгын ушул окуялар көзүбүзгө сайып көрсөттү. Мен Премьер-министр катары маалымат каражаттарында айтылып жаткан сын-пикирлердин баарын кабыл алам. Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жогору жактын буйругун күтүп отурбай, аялзатынын, балдардын укугун коргоо боюнча тынбай күрөш жүргүзүүлөрү керек. Бул багытта укук коргоо органдарынын иши таасирдүү болбой жатат. Аял сабалып, кордук көрүп жатса милиция “экөө жарашып алды” деп, ишти жаап койгон учурлар бар. Тараптардын элдешүүсүнө карабастан кылмыш кылган адам жазага тартылышы керек”, — деди Өкмөт башчы.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшүүдө системалуу иш алып баруусу талап кылынды. М.Абылгазиев: “Илгерки кыргыздын салтында “кыз уурдоо” деген кыз менен жигит күн мурдатан сүйлөшүп үйлөнүүгө макулдашчу. Болгону качан алып кетет, кандай белектер берилери гана алдын ала айтылчу эмес. Эне-аталар да жаштардын тандоосуна макул болгондо гана кызды алып кетишчү. А азыр болсо өмүрү тааныбаган кызды мал сыяктуу уурдап жатышат”, — деди.

Жашы жете электерге молдо нике кыйса ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мындан эки жыл мурда бул боюнча мыйзам кабыл алынган. Бирок ага карабай азыркыга чейин жашы жете электерге нике кыюу уланып келе жатканы өкүнүчтүү. Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшенбиевдин айтымына караганда жашы жете элек кыздарга дин өкүлдөрү нике кыйган 17 факт катталган. Кыз ала качуунун саны да кыйла өскөн. Акыркы эки жылдан бери аялдар, жашы жете элек кыздарга жана балдарга карата 9000ден ашык зомбулук болгон. Бүгүнкү күндө гендердик саясат мамлекеттик деңгээлде колго алынуусу керек. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ушундай талап койду. Анын айтымында Өкмөттүн өзүнүн аппаратында жана бардык мамлекеттик башкаруу органдарында да гендердик тең салмактуулук сакталбай жатат. Ушуга байланыштуу ал жакынкы арада аялдарды кызматка алуу колго алына баштарын билдирди. “Райондун акими болгон бир да аял жок. Баарында эркектер иштеп жатат. Аял иштеген болсо үй-бүлөлүк маселелер жеринде чечилмек”, — деди Өкмөт башчы.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,

“Кыргыз туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *