Колу таза эмес кокуй чиновниктер… Жолго көмүлгөн акчалар… Лицензия берүүдөгү иритмелер

Өткөн жуманын аягында Башкы прокуратура Укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча координациялык кеңешме өткөрдү. Анда коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы бир нече олуттуу маселелер каралды.

Өткүрбек ЖАМШИТОВ: «Коррупцияга каршы жалпы күрөшөлү»

Кеңешменин күн тартибине: “Укук коргоо органдары тарабынан кызматтык (коррупция) жана экономикалык кылмыштар боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөөнүн абалы”, “Кыргыз Республикасында унаа жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо жана аларды эксплуатацияга кабыл алууда коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү”, “Кыргыз Республикасынын лицензияга уруксат берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөр жана аларды азайтуунун чаралары” ж.б. маселелер коюлду. Кеңешмени Башкы прокурор Ө.Жамшитов ачып: “Кыргыз Республикасында коррупцияны алдын алууда жана аны менен күрөшүүдө мыйзамда каралган бардык ыкмаларды колдонуп, элибиз күткөндөй иш алып барууга жалпылай киришип, тийиштүү иш чараларды күчөтүү зарыл. Мындай милдеттерди иш жүзүнө ашырууда укук коргоо, башка мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын өздөрүнө жүктөлгөн иштерди так, өз мөөнөтүндө аткаруулары талап кылынат. Координациялык кеңешменин орду маанилүү. Ал кеңешүү жолу менен ишти сапаттуу жана натыйжалуу алып барууга шарт түзөт деп ишенем”, – деп белгилеп кетти.

Дамир САГЫНБАЕВ: «Колу таза эмес чиновниктер мамлекеттин  бюджетин талап жатышат»

Коопсуздук кеңешинин катчысы Д.Сагынбаев мындай деди: – Азыркы учурда сот, көзөмөл жана укук коргоо органдары тарабынан Коопсуздук кеңешинин чечимдерин жана Президенттин коррупцияга каршы туруу жаатындагы жарлыктарын аткаруу боюнча белгиленген иштер аткарылып жатат. Ээлеген кызматына, мурдагы сиңирген эмгегине карабастан коррупцияга малынган чиновниктер кармалып, камакка алынууда. Көрүп турганыбыздай коррупция менен күрөшүү бардык багыттарда башталды. Бул багыттагы иштер бир мүнөткө дагы токтобошу керек. Коррупция өңдүү жексур көрүнүшкө каршы багытталган биздин аракетибиз, бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерин, жарандык жана бизнес коомчулугун, жалпыга маалымдоо каражаттарын баш коштуруп, бириктириши зарыл. Коррупциялык көрүнүштөр терең тамыр жайбаган дээрлик бир да тармак калган эмес. Натыйжада, сөздүн ачыгын айтканда колу таза эмес чиновниктер биздин мамлекеттин бюджетин таламайга алып жатышат. Келтирилген зыяндын өлчөмү жүздөгөн миллион эмес, айрым учурларда миллиарддаган сомдорду чапчыйт”.

Жеңиш РАЗАКОВ: «Комплекстүү иш-чаралар жүрүп жатат»

Ви ц е — п р е м ь е р — министр Ж.Разаков: “…Өлкөдө коррупцияга каршы система жакшырууда. Ал коррупциянын алдын алуу жана мамлекеттик башкаруу системасынын ишмердүүлүгүн ачык-айкын жүргүзүү аркылуу жүзөгө ашырыла турган комплекстүү иш-чараларды камтыйт. Өкмөт мамлекеттик органдардагы системалык коррупцияга, анын ичинде туруктуу коррупциялык тобокелчиликтерге жана схемаларга каршы прокуратура органдары жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен тыгыз байланышта аракеттерди көрүүдө. Коррупцияга каршы иш-чаралар негизинен – мыйзамдагы айрым кемчиликтерди жоюуга; процедуранын ачык-айкындыгын камсыз кылууга; башкаруу системасын жана базалык маалыматтарды автоматташтырууга; ашкере бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартууга; бирин-бири кайталоо функциясын жоюу максатында башкаруу реформасын жүргүзүүгө; кадр саясатын жакшыртууга; коррупционерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган. Өкүнүчкө жараша бардык көрсөткүчтөргө жетише элекпиз, бардык эле башталган иш аягына чыгарыла элек”.

708 млн. зыян келтирген 223 кылмыш иши

Координациялык кеңешмеде каралган “Укук коргоо органдары тарабынан кызматтык (коррупция) жана экономикалык кылмыштар боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөөнүн абалы” маселеси боюнча бүгүнкү күнгө чейин республиканын укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык жана экономикалык багытта 806 кылмыш иши өндүрүшкө алынганы маалым болду. Тергөөнүн жыйынтыгы менен мамлекеттик казынага 708 млн. 137 миң сом зыян келтирген 223 кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлүп, анын ичинен 172 млн. 986 миң сомдук келтирилген зыян өндүрүлгөн. Ошондой эле Башкы прокуратура тарабынан 2018-жылдын 1-июнуна карата 2010-2017-жылдар аралыгында ички иштер, улуттук коопсуздук кызматы, жазаларды аткаруу мекемеси жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөө органдарындагы өндүрүштөн токтотулуп турган 2262 жана кыскартылган 1146 кылмыш иши көзөмөл иретинде кайра каралып чыккан. Анын жыйынтыгы менен 444 процесстик аракеттерди жүргүзүү жөнүндө көрсөтмө берилип, 498 кылмыш иши өндүрүштөн токтотулган жана кылмыш ишти өндүрүштөн кыскартуу жөнүндөгү 85 токтом бузулуп, кошумча тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн жөнөтүлгөн. Тергөө тарабынан 198 кылмыш иш өндүрүштөн токтотулган, 77 кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган. Бүгүнкү күндө аталган категориядагы 308 кылмыш иштери боюнча тергөө аракеттери жүрүп жатыптыр. Баарынан кызыгы коррупцияга каршы күрөш башталганы мурдагыдай коррупция боюнча иш козголгону менен убакыт өткөрүп актап жиберүү практикасы тыйылып баратыптыр. Алсак, 2017-жылы соттор 17 актоо өкүмүн чыгарса, 2018-жылдын 5 айында болгону 1 гана актоо өкүмүн чыгарышкан. Жыйындын жүрүшүндө Башкы прокурор Ө.Жамшитов кызматтык (коррупция) иштер боюнча актоо өкүмүнүн санын азайтууну талап кылды.

Жол министрлигиндеги жоболоңдуу жоруктар

“Кыргыз Республикасында унаа жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо жана аларды эксплуатацияга кабыл алууда коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү” маселесине келсек Унаа жана жолдор министрлигинде, анын жергиликтүү түзүмдөрүндө коррупцияга каршы күрөшүү, бюджеттик мыйзамдардын аткарылышы боюнча үстүбүздөгү жылдын 5 айында 88 текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында мыйзам бузууларды четтетүү боюнча 52 сунуш, 1 каршылык билдирүү, 16 талап, 3 алдын ала эскертүү, 9 административдик жана тартиптик өндүрүштөр козголгон. Прокурордук чара көрүүлөрдүн жыйынтыгында 67 кызмат адамы тартип жоопкерчилигине, 6 кызмат адамы административдик жоопкерчиликке тартылышкан жана мамлекеттик бюджетке келтирилген 676 172 сомдук зыян өндүрүлгөн. Көрсөтүлгөн мөөнөттө 13 кылмыш иши козголуп, алардын мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 106 млн. 883 миң сомду түзгөн.

Улукбек МАРИПОВ: «Жолдорду жамамыш болуп эле бюджет каражаттарын жалмап атышат»

Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов жолдордун бузулган жерлерин оңдоп-түзөөлөрдө коррупция бар экенин айтты. “Аныгында эле өлкөбүздө жолдордун сапаты начар. Бирок биз жыл сайын эле жолдордун бузулган жерлерин оңдомуш болуп, бюджет каражаттарын чуңкурларга көмө бербей, анын ордуна жаңы жолдорду салууну сунуш кылаар элек. 1-2 чакырым жол болсо да жаңы жол болсун. Жол ошондо сапаттуу салынып, көпкө кызмат кылат…Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы көпүрө тууралуу ызы-чуу көп. Каражат жетишпейт дешет. Тескерисинче бөлүнгөн каражатты өздөштүрө алышпай жатышпайбы. Мына жол курулуш департаменти бар. Анын жетекчисине кылмыш иши козголгон. Бөлүнгөн каражатты өздөштүрө алышпай ал каражат башка тармактарга бөлүнүп кеткен”, – деди ал.

Лицензия берүүдөгү “итчиликтер”

Кеңешмеде “Кыргыз Республикасынын лицензияга уруксат берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөр жана аларды азайтуунун чаралары” маселеси боюнча Башкы прокуратура тарабынан Юстиция министрлигинин айрым кызмат адамдарына жана башка жарандарга нотариалдык ишмердүүлүк жүргүзүүгө мыйзамсыз укук берүү боюнча кылмыш иштери козголгондугу айтылды.

Ошондой эле Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин кызмат адамдарына жана башка адамдарга “Куру-Тегерек” кенинин иштетүүгө мыйзамсыз лицензия берүү менен мамлекетке 338 млн. сомдук зыян келтирүү фактысы боюнча (19.03. 2018) кылмыш иши козголгон. Жалпы эле лицензиялык уруксат берүү системасын тыкыр текшерүүгө алганда 850 мыйзам бузуу аныкталган. Прокуратура тарабынан мыйзам бузуулар (94 акт) боюнча прокуратура текшерүү жүргүзүп, анын ичинде 12 мыйзамсыз чыгарылган укуктук-нормативдик актыларга протест көрсөтүлгөн. Прокурордук текшерүүлөрдүн натыйжасында 37 кызмат адамы тартип жоопкерчилигине тартылган. Дагы 5 кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратуранын көрсөтмөсү боюнча 6 лицензия кыскартылган.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”