«Ак-Кула» ат майданын реконструкциялоо долбоору каралды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда, «Ак-Кула» ат майданын реконструкциялоо жана модернизациялоо  боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.

Жыйында «Ак-Кула» ат майданын толук реконструкциялоонун эскиздик долбоору көрсөтүлдү. Сунушталган жаңы долбоорго ылайык, ат майданда көрүүчүлөрдүн орундары 10 миң кеңейтилген.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ипподром эл аралык стандартка дал келиши керектигин  баса белгиледи.

«Спорттук ат оюндары жана башка маданий иш чаралардын бардыгы «Ак-Кула» ат майданында өткөрүлөт. Объекттин бардык инфраструктуралык  маселелерин карап чыгып, аны сапаттуу реконтсрукциялоо керек», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Жыйын соңунда Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттигине жана Архитектура курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине «Ак-Кула» ат майданын реконструкциялоо долбоорун аягына чыгарып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна  кайрадан жиберүү тапшырылды.