Өлкөдө бир эле партия болушу керек Ал ынтымактын, биримдиктин партиясы!

Кыргызстанда бир партиялуу системаны калыбына келтирүү, башкача айтканда жалгыз жана багыт көрсөтө турган партия керектигин колдогон эксперттердин пикири «Аргументы недели. Кыргызстан» басылмасынын 2018-жылдын 7-13-июнундагы №22 (615) санына жарык көргөн эле. Алар бул Кыргызстанды гүлдөп-өнүгүүгө алып келе турган туура жол деп эсептешет. Окурмандардын өтүнүчү менен аталган маектин кыргызчасын жарыялап отурабыз.Президенттикке экс-талапкер, коомдук ишмер Талгатбек Кожогулов, Кыргызстан Аксакалдар кеңешинин төрагасы, КСДП саясый партиясынын мүчөсү, «Достук» орденинин кавалери Үметалиев Өмүрбек ажы, КРда мамлекеттик коррупция менен күрөшүү боюнча «Люстрация» элдик кыймылынын төрагасы Лира Усубалиева жана коомдук ишмер, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Калыбай Зулпукаров менен болгон маек назарыңыздарда.

 – Талгатбек Ашыркулович, сиз заводдорду, фабрикаларды жана колхоздорго чейинки башка мамлекеттик объекттерди менчиктештирүүдөн сактап калгыңыз келген эле. Эмне үчүн?

– Бардык объекттер элдин акчасына, миллиондогон калктын эмгеги менен курулган. Бул жерде чиновниктердин жеке чөнтөгүнөн бир дагы сом жумшалган эмес. Алар жеке менчик колго өтпөшү керек болчу, анткени Кыргызстан калкын кепилденген жумушчу орундары менен камсыздоого арналган эле. Мамлекеттин аймагында жайгашкан бардык объекттер калктын кызыкчылыгына жана өлкөнүн бюджетин толтуруу үчүн кызмат кылышы керек.

– Бул жерде Конституциянын ролу кандай?

– Биздин Баш мыйзам жарандарды жумушсуздукка малындырбай, аларга жумушчу орундарын жана эмгек маянаны кепилдеши керек. Биз өлкөдөгү бардык негизги объекттерди негизсиз түрдө, бүтүндөй калкка зыян келтирүү менен жеке колдорго берип салдык. Мамлекет туура мамиле кылганда, алар айрым чиновниктерге эмес, Кыргызстан калкына гана таандык болушу керек.

– Өмүрбек Асылбекович, Кыргызстан Аксакалдар кеңешинин пикиринде коррупция менен күрөшүү маселелеринде биздин мамлекеттин стратегиясы жана саясаты канчалык натыйжалуу? Аксакалдардын ролу тууралуу эмнени айта аласыз?

– Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев биз “уурулардын өлкөсүндө” жашап жатканыбызды ачык айтчу. Ал бул тууралуу КР Коргоо кеңешинде айткан: «Өлкөнү уурулар башкарып жатат, алар мультимиллионер болуп жана парламентте депутат болуп отурушат. “Балык башынан сасыйт”, бирок эмнегедир аны “куйругунан баштап тазалашат”. Чынында, 27 жылдан бери “башы чирип” жатса, алагды кылуучу аракет катары сотторду жана прокурорлорду реформалоо менен чеги жок “куйруктан баштап тазалоонун” эмне кереги бар? ММКлар “өлкөдө бийликти гана эмес, элдин акчасын дагы узурпациялоо жүрүп жатат” деп туура жазып жатат. Бардык региондордо биздин жарандар тышкы карыз чоң болуп, калк абдан аянычтуу абалда жашап жатканда чиновниктер кандайча өзүнө жана өзүнүн жакындарына заңгыраган сарайларды куруп, байлыкка малынып жатканына тынчсызданып келет. Көз карандысыздыкты алган күндөн бери 27 жыл өттү, тилекке каршы, бул убакыт аралыгында биздин жетекчилер жумушчу орундарын түзүү жөнүндө, үйгө өтө муктаж болгон көп балалуу үй-бүлөлөргө жана майып адамдарга, аз камсыз болгондорго жана жетимдерге, жалгыз бой энелерге турак жай куруу жөнүндө ойлоруна дагы келген жок. Тескерисинче, алар бюджет кызматкерлери үчүн ипотекалык турак жай маселесин талкуулашат – бул курулуш компаниялары жана коммерциялык банктар менен биргеликте элдин акчасын өздөштүрүүнүн жаңы ыкмасына айланды. «Ач кадырын ток билбейт» деген жакшы кыргыз макалы бар. Эгер улуу муундун ордуна жана ролуна байланыштуу сөз кыла турган болсок, жети региондогу аксакалдар – элдин элеги (чыпкасы) болуп саналат, ал аркылуу алаканга салгандай ар бир мекендештин жайгашкан ордунан көз карандысыз, анын тегин көрүүгө болот.

– Кыргызстандыктар кырдаалды өзгөртө алабы? Анык реформаларга жетишүүгө мүмкүнбү?

— Тилекке каршы, бийлик эл тууралуу ага бир нерсе керек болгондо гана: референдум жана шайлоо убагында гана эстейт. Мисалы, өлкөнүн биринчи президенти Акаевди шайлап жатканда эмне үчүн элдин пикирин сурап коюшкан жок? Кереги жок деп эсептештиби? Же ошол жылдары анын фигурасы айрым адамдар тобуна пайдалуу болгонбу? Ошол учурда жалпы элдик добуш берүү өткөрүлсө, Акаев өзүнүн кызматын ээлейт беле же жокпу, белгисиз. Мындай мисалдар толтура. Биздин өлкөдө лидерлери башында турган саясый партиялар шайлоого жакын же алардын лидерин кармаганда “ойгонушат”. Мен Кыргызстан аксакалдар кеңешинин төрагасы катары бир чындыкты айтат элем. Дүйнөнүн каалаган мамлекетинде бирден көп партиянын болушу Кудайдын мыйзамына жана анын бардык пайгамбарларынын миссиясына каршы гана келбестен, бийликке жана байлыкка умтулган коррупционерлердин пайдасына элдин биримдигин бузуу жана бөлүп-жаруу менен кыйратат. Көп сандагы партиялар экстремизмдин, нигилизмдин, терроризмдин, хизбутизмдин, халифатизмдин, кумтөризмдин, радикализмдин пайда болушу үчүн негизди түзөт. Мамлекеттик башкаруунун бир партиялуу системасында гана реалдуу жана чоң саясат тууралуу айтууга мүмкүн болот. Бир партиялуу система миллиондогон калк үчүн бириктирүүчү фактор болуп саналат. Эл биримдикте болгондо, ал бардык коюлган максаттарга жетүүгө жөндөмдүү болот.

– Бир партиялуу системаны КР президенттигине экс-талапкер, коомдук ишмер Талгатбек Кожогулов активдүү колдоп келет. Сиз анын идеясы менен таанышсызбы?

– 90-жылдары ал “Акаев агымына” каршы сүзүүдөн коркпогон жалгыз адам болгон. Кожогулов республиканын масштабында колхоздорду, совхоздорду, фабрикаларды, заводдорду сактап калуу үчүн көп аракет жумшаган, ар кандай деңгээлдеги жана рангдагы мамлекеттик чиновниктер менен жолугушкан. Ошондой эле Чүй облусунун аймагында жайгашкан “Заветы Ленина” атындагы эки колхозду бириктиргенден түзүлгөн чоң колхозду сактап калуу боюнча өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Өзүнүн жазуу түрүндөгү жана оозеки кайрылууларында айткан: “Региондордогу миллиондогон калктын эмгеги менен өлкө жарандарынын акчасына курулган бардык объекттер бүтүндөй элге гана кызмат кылышы керек”. Ал бардык жерде “Жер жана агрардык реформа жөнүндө” жарлык жана аны ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн токтому Конституцияга жана агрардык сектордун гана эмес, бүтүндөй калктын кызыкчылыгына карама-каршы келээрин ачык айткан. Өз убагында “Вечерний Бишкекте” чагылдырылган, анын катышуусунда окуя болгон жерлерден алынган түз репортаждар Акаев аграрчыларынын арасында чыныгы түйшүктү жараткан. Ошондо региондор анын бекем, күчтүү жана анык лидерлик сапатын байкаган, ошондон тартып ал коомчулуктун көңүл борборунда болуп келет. “Тарыхты Кудайга гана баш ийген, айланадагылардан көз каранды болбогон, тескерисинче, айланадагылар алардан көз каранды болгон лидер инсандар жаратат” деп бекер айтышпаса керек. Бул мекендешибиз тууралуу ММКда көптөгөн материалдар басылып келет. Коом өзүнүн беделин түшүрбөгөн инсанды гана лидер катары кабыл алат. Талгатбек Кожогулов дал ошондой инсан.

– Кыргызстан аксакалдар кеңеши Талгатбек Кожогуловдун сунуштарын жана программасын колдойбу?

— Ал саясый жана мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүү үчүн көптөгөн конструктивдүү сунуштардын жана “Жаңы курс” программасынын автору болуп саналат. Анын курсу Советтер Союзунун бир миллиард калктын төрттөн бир бөлүгү ырасталган жана далилденген тажрыйбасына негизделген. Ал биздин тегибизден жана ишенимибизден көз карандысыз, бизди “бир үй-бүлөгө” бириктирүү үчүн өзүн, өзүнүн жеке убактысын жана өздүк акчасын курмандык кылуу менен жарандардын бардык катмарларынын жана категорияларынын кызыкчылыгында күрөш жүргүзөт. Анын керт башынын камын ойлобогон кызматы үчүн, өзүнүн элине берилгендиги жана сүйүүсү үчүн бардык региондордогу жарандар ага кыргыз элинин атынан юридика илимдеринин доктору – профессор, эл баатыры наамын ыйгарууну сунуштап келишет. Кыргызстан Аксакалдар кеңеши тарабынан ал ыраазычылык каттар, ардак грамоталар, дипломдор, медалдар менен сыйланган. Биз эгемендүүлүктү алган 27 жылда Конституцияда бекитилген укуктарды жана кепилдиктерди, ар-намысын жана ишкер беделин коргоо менен, ал тишине чейин куралданган коррупционерлер менен укуктук талаанын “рингинде” бир дагы жеңилбестен 100дөн ашык күрөштү өткөрдү. Бул фактылар тирүү адамдар, райондук соттон тартып Жогорку сотко чейинки соттордун чечимдери жана Кыргызстандын улуу мууну тарабынан тастыкталат. Өлкөнүн бардык региондорунда чынчылдыгы үчүн жасалма эмес, реалдуу беделге ээ. Биздин олигархтардан айырмаланып, жарнамасыз олуттуу жана туруктуу кайрымдуулук менен алектенип келет. Бийликке жана байлыкка умтулбай, акылы менен жашап келет. Баштаган ишин аягына чыгарат. Бардык иш боюнча мыйзамдын алкагында ойлонулган жана бөтөнчө чечимдерди кабыл алат. Таянган кишиси бар оппоненттер ал үчүн көйгөй эмес. Өзүнүн беделин түшүрбөгөн лидерлик мүнөзү менен айырмаланат. Ал президент Акаевге, Бакиевге, Отунбаевага, Атамбаевге айыл өкмөтүнөн, шаар мэрлеринен тартып, өлкөнүн президентине чейин бардык жетекчилерди ар кайсы саясый партиядан же “депутаттар тобунан” чыккан убактылуу жогорку кызматтагы чиновниктер эмес, түздөн-түз эл дайындашы керектиги тууралуу сунушту киргизген өлкөдөгү жалгыз адам. Биз, улуу муун, өткөн жана азыркы чакырылыштагы депутаттарды таарынтпаш үчүн, мындай мекенчил адамдар Жогорку Кеңештин 10 депутатына караганда көп иш жасай турганын ишенимдүүлүк менен айта алабыз. Региондордогу аксакалдар, ардагерлер жана Кыргызстандын Аксакалдар кеңеши анын программасын толук колдойт. Аксакалдар кеңешинин маалыматтар базасында өмүр тарыхы КР президенттигине экс-талапкер Талгатбек Кожогуловдун биографиясына жок дегенде жакын болгон башка мекендеш тууралуу маалыматтар жок. Мен бул тууралуу дайыма интервьюда баса белгилеп келем.

– Лира Кайыповна, биздин элге мындай чоң депутаттык корпустун кереги барбы? Сиздин оюңузча, эсеп боюнча 5-президенттин бийликке келиши менен биздин мамлекетте өзгөрүүлөр болобу?

– Бул боюнча Кыргызстан Аксакалдар кеңешинин төрагасы Өмүрбек ажы Үметалиевдин билдирүүсүнө кошулам. Чейрек кылымда Кыргызстан эли чынчыл жана анык компетенттүү башкаруучуну көрө алган жок жана камкордугун сезе алган жок. Бүгүнкү күндө министрлер, депутаттар жана соттор адилеттүүлүк үчүн күрөшүү жана элдин камын ойлогонго караганда, өзүнүн бизнеси менен көбүрөөк алек болушууда. Мында биздин парламентти камсыздоого 2016-жылы 777,4 млн сом, 2017-жылы 784 млн. сом жумшалганы, ал эми быйылкы 2018-жылы 786 миллиондон ашык сом бөлүнгөнү таң калыштуу эмес. Бул үч жыл аралыгында камсыздоого чыгымдар эки миллиарддан ашык сомду түздү. Бул сыйлыктарды жана бонустарды эсепке албагандагы каражат. Биз салык төлөөчүлөрдүн эсебинен Жогорку Кеңеште мынча көп сандагы чиновниктерди камсыздагандай ошончолук бай өлкө эмеспиз. Азыркы чакырылыштагы парламентте орун алгандай, буга чейин коррупция менен байланыштуу иштер бир дагы депутаттык корпуста болгон эмес. Коргоо кеңешинин жакында өткөн жыйынында биздин жаңы президент бардык мамлекеттик органдарды камтыган өлкөдөгү коррупцияга коомчулуктун көңүлүн бурду. Бул 1991-жылдан тартып 2018-жылга чейин, дээрлик 27 жыл биз кайда баратканыбызды билбей эле кетип баратканыбызды, эмне жасап жатканыбызды билбей эле иш кылып жатканыбызды баса белгилөөгө негиз берет. Бардык беш президент үчүн мамлекеттик башкаруу системасы бирдей эле болуп, саясый аренада негизсиз жана курулай убадаларды берген баягы эле адамдар жүргөндө, “акылдуу шаар” жана башка ушул сыяктуу элдин пайдасына делген олуттуу өзгөрүүлөргө ишенип болбойт. Өлкөдө жакшы өзгөрүүлөр болоорун күтүү үчүн бардык болуп жаткан окуялардан артта калып же өтө ишенчээк адам болуу керек. Өлкөдө оң жана кардиналдуу өзгөрүүлөр КР презденттигине экс-талапкер Талгатбек Кожогуловдун көп партиялуу системанын ордуна өлкөнү башкаруу үчүн бир партиялуу системаны орнотууну сунуштаган программасын ишке ашырууда гана мүмкүн болот. Эгер бул программаны Конституцияга бекитсек – оппозициялык чөйрө үчүн негизди калтырбай, мамлекеттин ишмердигинин бардык багыттарында коррупцияны жок кылабыз. Бул сунуштар абдан керек жана актуалдуу, алардын баары 70 жыл аралыгында улуу муундун тажрыйбасында тастыкталган жана далилденген. Кожогуловдун программасы биздин өлкөнүн гана эмес, Россиянын, Казакстандын жарандарынын арасында кызыгууну жаратып келет…

Эгер Конситуция тууралуу айта турган болсок, СССР убагындагы Конституция эң оптималдуу болгон. Бул кийинки жылдардагы тынымсыз өзгөрүүлөр жана толуктоолор коштогон көз карандысыздыктын алгачкы жылдары кабыл алынган мыйзамдарга салыштырмалуу анык иштеген мыйзам болгон.

– Эмне үчүн Талгатбек Кожогуловдун программасы бардык региондордо колдоого татыды деп ойлойсуз?

–Ал өзүнүн элине мааниси жана масштабы боюнча бардык дүйнөлүк БРЕНДДЕРДЕН ашкан, анык БРЕНДДИ сунуштап жатат. Сөз жогорку сапаттуу продукцияны чыгарган компания жөнүндө эмес, азыркы жана келечектеги муун үчүн бирдей деңгээлде мыйзамдын толук үстөмдүгүн камсыздоого жөндөмдүү эгемендүү өлкө тууралуу болуп жатат. Анын программасы 27 жылда узун жолду басып өттү. Ал мекендештерине өзүнүн көз карашын эч качан таңуулаган эмес. Бул убакыт аралыгында ал кимдир бирөөнү “сатып алуу” үчүн бир дагы аракет көргөн жок. Анын жалгыз жана башкы куралы – түшүндүрүү иштери аркылуу өзүнүн идеяларын ар бир регионго “ооздон-оозго, көздөн-көзгө” жеткирүү. Ар бир адам (студент, дыйкан, кызматкер…) жалпы элдик добуш берүүдө – референдумда өз алдынча жана аңдап түшүнгөн чечим кабыл алышы үчүн аракет. Ал Конституцияда бир партиялуу системаны бекитүү үчүн, бир партия коомдун жетектөөчү жана багыттоочу күчү жана бүтүндөй саясый система үчүн  өзөк болушу үчүн тынымсыз мүмкүн болгондун баарын жасап келет.

– Региондордогу сиздин координаторлор анын программасына кандай мамиле кылышат?

– Биз талкууланып жаткан маселелерди «Люстрация» кыймылынын конференцияларында жана курултайларында караганбыз. Биздин элдик кыймылдын бардык кызматкерлери жана координаторлору бүтүндөй Кыргызстан үчүн – жалгыз бир партия алдындагы биримдик программасын бир добуштан колдошот. КР президенттигине экс-талапкер Талгатбек Кожогуловдун максаты – эл менен бирге биздин Конституцияны мурдагыдай мыкты кылуу – бул жаңылык эмес, унутта калган эски нерсе. Биз бул партиянын статусу жогорку кызматтагы убактылуу чиновниктердин статусунан жогору боло турганына ишенебиз жана күтөбүз. Кожогуловдун милдети бардык категориядагы жарандардын кызыкчылыгында Элдик башкарууну жана мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу үчүн – партияны Кыргызстандын миллиондогон калкын өлкөнүн бардык мамлекеттик органдарынын үстүнөн башкы көзөмөлдөөчү жана координациялоочу рычагга айлантуу болуп саналат.

– «Люстрация» кыймылында жаңы төрага дайындалышы мүмкүн деген маалыматтар бар?

— Бул маселе боюнча региондор менен кеңешип, бул кызматка ылайыктуу талапкерди карайбыз. Башкысы талапкердин моралдык-адептик негизи олуттуу мааниге ээ.

– Калыбай Зулпукарович, агрардык тематика боюнча илимий иштердин автору катары, Акаев өткөргөн “жер жана агрардык реформага” кандай баа бересиз?

— Бүгүнкү күндө дыйкандардын эмгеги жана жылаңач жана ачка мажбурлоодо турат. Бардык региондордо айыл-чарба техникасы жетишпейт, механизациялаштыруу жана электрлештирүү тууралуу таптакыр унутуп калдык. Россиялык басма сөзгө берген интервьюсунда Аскар Акаев айтты: «Биз биринчилерден болуп жер жана агрардык реформаны ийгиликтүү өткөрдүк, анык жергиликтүү өз алдынча башкарууну түздүк, азык-түлүк коопсуздугун камсыздадык». Анын оозунан мындай сөздү угуу абдан аянычтуу. Россияда 13 жыл жүргөн убакта анда өзүнүн абалын биздин гастарбейтерлердин жашоосу менен салыштырууга мүмкүнчүлүгү болгон жокпу? Өз убагында жогорку окуу жайларынын жана КР айыл-чарба академиясынын профессордук-окутуучулар курамында Акаев өлкөнүн бүтүндөй агрардык секторун жоюу үчүн “Жер жана агрардык реформа жөнүндө” жарлыкты, ал эми анын өкмөтү – жарлыкты ишке ашыруу боюнча токтомду чыгарганда анык шок болгон. Азыркы күнгө чейин агрардык өлкө эмне үчүн жана кандай максатта бардык колхоздорду, совхоздорду жана миллиондогон баш малды, анын ичинде баалуу асыл тукум породаларды жок кылганы табышмак бойдон калууда. Тилекке каршы, Акаевдин рейдерлик режими өзүнүн жолун улантуучуларга мурас катары мамлекеттик кызматтарды мансаптык өсүшү үчүн кандайдыр бир тобокелдиктерсиз атка минерлерди байытуу үчүн укмуштуудай жана фантастикалуу бизнеске айлантып, мамлекеттин ыйгарым укуктарын калкка каршы колдонуу боюнча варвардык практиканы өткөрүп берди. Чейрек кылымда мурасталып келаткан өлкөнүн бардык мамлекеттик органдарынын ишмердиги жогорудан төмөн карай, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу өтө бузук, ал эми алар жараткан көйгөйлөр азыркыга чейин чечилбей келүүдө. Кырдаалдын Кыргызстандын калкынын пайдасына жакшыруусуна кенедей дагы үмүт калган жок.

– Агрардык секторду өнүктүрүү үчүн дыйкандарга бөлүнүп жаткан ссудалар канчалык натыйжалуу болуп жатат? «Үй-бүлөлүк-кландык башкарууну» өткөн нерсе катары эсептей алабызбы?

– Мамлекеттик органдарда төмөндөн жогору карай “кезеги менен” убактылуу лидерлик позицияда турган саясый партиялардын өкүлдөрү жетекчи болуп отурушууда (президент, премьер- министр, спикер). Бул коомчулук тарабынан үй-бүлөлүк-кландык башкаруу катары эмес, андан дагы жаман, үч кландык башкаруу катары кабыл алынат. Көз карандысыздык мезгилинде жарандар жогорку кызматтагы чиновниктер, депутаттар менен бирге бул кредиттер менен дыйкандар жана фермерлер өлкөнүн агрардык секторун өнүктүрүш үчүн, өлкөнүн айылдык эмгекчилерине күйүүчү-майлоочу материалдарга жана үрөнгө ссуда түрүндө жылдык 7ден 10%га чейин бир нече миллион сом бөлүп жатканына (6 айдан тартып, 2 жылга чейинки мөөнөткө) күбө болуп келишет. Бул реалдуубу, туугандар? Ошол эле учурда биздин башкаруучулар парламент менен бирге өзүнүн жеке муктаждыктарына миллион жана миллиард эмес, триллиондогон элдин акчасын – кредит катары эмес, кайтарымсыз, эмгек акы, жеңилдиктер жана артыкчылыктар түрүндө, бардык мүмкүн болгон пландуу жана пландан тышкаркы сапарларга, кымбат автоунаа сатып алууга сарптап… Биздин бардык укук коргоо жана калган инстанциялар соттор жана прокурорлор менен бирге бул тууралуу жакшы билишет, анткени 1991-жылдан тартып 2018-жылга чейин жолго салынган коррупциялык матрицага “зыян келтирбөө” үчүн жашап келишет. Бул жагдай алардын дарегине айтылган сын эмес, жакырчылыктын, жумушсуздуктун, жогорку миграциянын, жарыбаган пенсиянын жана жөлөк пулдун фонундагы ачуу жана реалдуу чындык – бул өзүнүн элин анык кемсинтүү. Биздин чиновниктерде уят деген качандыр бир ойгонушу керек го?! Элдин акчасына республикадагы ондогон жана жүздөгөн түзүмдөрүжана анда иштеген бардык кызматкерлери менен бардык айыл өкмөтү, бардык администрациялар, соттор, өкмөт, президенттин администрациясы жана аппараты, бардык министрликтер камсыздалып келет. Ал гана эмес президенттин, премьер-министрдин, спикердин фонддору дагы элдин акчасынан турат. Биздин чөнтөгүбүздөн чыгып жаткан бул чыгымдар канчалык туура пайдаланылып жатат?

– Жазык мыйзамдарына өзгөчө оор кылмыш үчүн мүлкүн конфискациялоо менен өлүм жазасын киргизүү тууралуу сунушка карата сиздин пикириңиз?

– Толук камсыздоого жана камкордукка карабастан, чиновниктер элге карата сокур жана дүлөй болуп жатса кандай кылабыз? Туруктуу жеңилдиктерге жана артыкчылыктарга карабастан, биздин начальниктер кылмыш жолуна түшүү менен атайылап мыйзамсыз чечимдерди кабыл алып жатса кантип жашайбыз? Уятын жана ар-намысын жоготкон адамдар бардык мезгилде бийликке жана ар кандай кызматтарга, ал эми алар аркылуу артыкчылыктарга, акчага жана элдин байлыгына умтулуп келишкен. Оор кылмыштар үчүн мүлкүн конфискациялоо менен өлүм жазасын киргизүү тууралуу сунуш өз убагында көтөрүлүп жатат. Өлкөнүн жогорку окуу жайларында ондогон жылдар иштеген экономика илимдеринин кандидаты, доцент катары айтаарым: бул маселе коомдун өнүгүү деңгээлинен жана этабынан көз карандысыз, дайыма актуалдуу болуп саналат. Мамлекетте салык төлөөчүлөрдүн акчасынан тышкары башка каражаттар болбой турганын унутпаш керек. Мамлекеттин акчасы деген таптакыр жок. Бардык акча жана бардык байлык өлкө калкыныкы, аларды адилетсиз бөлүштүрүү саясый элита үчүн бүлгүндүү, каргашалуу жана оңдолбос кесепеттер менен коштолот.

– Сиздин оюңузча, өлкөдө канча саясый партия болушу керек? Өлкөнүн мамлекеттик органдарына жетекчилер кызматка кантип дайындалышы керек?

– Бир партиялуу башкаруу орун алган өлкөдө ондогон жыл иштеген жана жашаган адам катары дал ушул системанын жактоочусумун. Менин оюмча, СССРдегидей кыргыз элине бир партия гана керек. Бардык жетекчилерди – айыл өкмөт башчыларынан, шаар мэрлеринен тартып, президентке чейин – убактылуу лидерлик кылган партиялардан чыккан жогорку кызматтагы чиновниктер эмес, түздөн-түз эл дайындашы керек. Алардын лидерлери айтышат: “Датка-Кемин” стратегиялык линиясын курдук, автожолдорду курдук, мамлекеттик органдардын кызматкерлерине үй курдук жана миллиондогон жана миллиарддаган акчага көптөгөн башка иштерди жасадык…”. Анда мындай суроо жаралат: биринчи экс-президент өзүнүн 15 жылдык башкаруусунда мындай долбоорлорго «Алга-Кыргызстан» лидерлик кылган саясый партиясынын жетекчиси катары, экинчи экс-президент 5 жылда «Ак Жол» саясый партиясынын лидери катары, үчүнчү жана төртүнчү экс-президенттер канча акча жумшады? Чиновниктер элдин каражатынын эсебинен гана камсыздала турганы бүтүндөй калкка белгилүү. Бирок алар эч качан бул тууралуу айтууну каалашпайт. Берилген артыкчылыктар жана ишеним үчүн ыраазычылыктын ордуна, алар алардын “камкордугунун” аркасында биздин гүлдөп-өнүгүп жатканыбыз тууралуу реалдуу жашоодон сырткары сөздөрдү сүйлөшөт. Чындыгында баары тескерисинче.

– Өлкөнүн жогорк у ок уу жайларында мугалим болуп иштеген окумуштуу катары, чоң жашоо тажрыйбасы жана практикалык тажрыйбасы бар адам катары жана коомдук ишмер катары – КР президенттигине экс-талапкер Талгатбек Кожогуловдун конструктивдүү сунуштарына жана “Жаңы курс” программасына кандай баа бересиз?

– Экономика жана саясат маселелеринде жетиштүү түшүнүккө ээ болгон, окумуштуу жана окутуучу-практик катары бул сунуштарга эң жогорку баа берем. Нечен кылым башкаруучулар категориясынан чыккан адамдар өзүнүн жеке чөнтөгүн элдин чөнтөгү менен алмаштырбай турганы, аларды байлык, мартаба кызыктырбай турганы далилденген, мындай адамдардын айланасындагылар дагы пикирлештерден турат, алар эч качан бийликке умтулушпайт. Кожогулов чынында республикада белгилүү коомдук инсан. Менин кесиптештерим жана үзөңгүлөштөрүм аны “мамлекеттик башкаруу маселесинде компетенттүү жетекчи” катары таанышат. Мындай инсандар мамлекеттик керектүү тартипти орнотуу үчүн мыйзамдуулукту орнотуунун жолдорун оңой көрө жана аныктай билишет. Анын демилгелери референдумга татыктуу, анткени миллиондогон калк үчүн абдан маанилүү. Талгатбек көз карандысыздыкты алган күндөн тартып, КРнын бардык төрт президентине кезеги менен бул маселелерди коомчулуктун кароосуна чыгарып, аларды андан ары КР Конституциясында бекитүүнү – референдум аркылуу көп партиялуу системанын ордуна өлкөнү башкаруунун бир партиялуу системасын орнотууну сунуштаган. Анын өз элине болгон сүйүүсү үчүн, чейрек кылымдан берки тынымсыз эмгеги үчүн, биздин биримдик жана достук үчүн ал эң жогорку наамдарга жана сыйлыктарга татыктуу. Эгер бүтүндөй калктын атынан КР президенттигине экс-талапкер, коомдук ишмер Талгатбек Кожогуловго армиянын генералы, юридика илимдеринин доктору, профессор наамын ыйгарсак адилеттүү болот… Аны “экинчи Ленин”, “кыргыздын Эртугрулу”, “кыргыздын Путини” деп атоого толук татыктуу жана бул тууралуу кыргыз жана орус тилдүү ЖМКлар туура жазып жатышат.

 

  • МААЛЫМАТ:

КР президенттигине экс-талапкер, коомдук ишмер Талгатбек Кожогулов Казакстанда жогорку окуу жайдын юридикалык факультетин укук таануу адистиги боюнча артыкчылык менен аяктаган. Юристтерди даярдоо боюнча юриспенденция мугалими, күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкери (атайын кызматтын), мамлекеттик кызматта жана айыл чарбасында иш стажы бар жогорку квалификациядагы юрист. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча “Мыкты коомдук ишмери” жана “Жылдын мыкты меценаты” деп таанылган.

 

Үметалиев Өмүрбек ажы – Кыргызстан Аксакалдар кеңешинин төрагасы, КР айыл чарбасынын отличниги, Абулкаир Казакбаев атындагы сыйлыктын лауреаты, Борбор-Азиялык спорттун прикладдык түрлөрүнүн федерациясынын президентинин кеңешчиси, “Күрөш” улуттук күрөш чөйрөсүндөгү эксперт, САН ДАН 3 дан чеберчилик даражадагы кара курдун ээси, КСДП саясый партиясынын мүчөсү, Бишкек шаарынын ардактуу жараны, «Достук» орденинин кавалери.

 

 

 

 

Лира Усубалиева – КР мамлекеттик коррупция менен күрөшүү боюнча «Люстрация» элдик кыймылынын төрагасы, ал өзүнүн ишин 2010-жылдан бери жүргүзүп келет.

 

 

 

 

 

 

Зулпукаров Калыбай – В. И. Ленин атындагы Орто Азиялык мамлекеттик университетти, азыркы Ташкент университетин аяктаган. А. А. Жданов атындагы Ленинград мамлекеттик университетинде аспирантурада окуган. КР жогорку окуу жайларында – Улуттук университетте, Агрардык академияда иштеген. Саясый экономика, айыл-чарбасынын экономикасы боюнча, агрардык тематика боюнча илимий иштердин автору, коомдук ишмер, экономика илимдеринин кандидаты, доцент.

 

 

Николай ЖУКОВ, 

Кыргызчалаган Тиленбек АЗЫК