Тапканың, тартканың канча, Кыргызстан?..

Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан тартып тоо-кен тармагында алтын кендерин иштетүүгө байланышкан талаш-тартыштар байма-бай кездешип келет. Ал эми чалгындалып, такталган алтын кени чыккан жерлер боюнча лицензиялардын 300 сомго сатылганы жана сатып алган ортомчулар Лондондогу биржада чет элдик компанияларга миллиондорго сатышканы эл арасында айтылып да, жазылып да жүрөт. Бул маалыматтын чын-төгүнүн жана учурда лицензиялар чет элдик компанияларга канча баага, кандай шартта сатыларын тактоо иретинде КР өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Жер казынасын коргоо башкармалыгынын башчысы Алтынбек Дүйшеевге кайрылганыбызда мурда лицензия бланкынын наркы 300 сомго бааланса, 2016-жылдан тартып анын наркы 1000 сомду түзгөнү, аталган башкармалык ортомчулардын лицензияларды кайрадан сатуусуна чара колдонуу максатын көздөгөнү жана аукцион аркылуу сатылып жатканы маалым болду. Учурда Кыргызстанда алтын кендерин иштетүүгө жалпысынан 66 лицензия берилсе, анын 5өөнү өлкөбүздүн жарандары жана мамлекеттик ишканалар иштетет, 61и чет элдик компанияларга тиешелүү.

  • Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алтын өндүрүү боюнча үчүнчү орунду ээлейт. Чалгындалып, такталган маалыматтар боюнча азыркы учурда мамлекетибиздин балансында 694444,2 кг алтындын кору бар.

 

“Иштамберди” кениндеги эске алынбаган жагдайлар, ызы-чуусу бүтпөгөн “Макмалалтын”

Чаткалда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан кытайлык “Иштамберди” ЖЧКсы тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер бар. Кытай тарап Кыргызстандын карызынан улам Чаткал аймагын алуу максатын көздөп, бул компаниянын ишмердүүлүгүн жүргүзүп, түштүк тарапта жолдорду салууда, ошондой эле Нарын облусундагы темир, алтын кендери бар жерлерге да кызыкдар деген сөздөр эл арасында айтылып келет.

«Иштамберди» кени

Бул айтылгандарды эгер Тажикстандын автономиялуу тоолуу Бадахшан облусунун мисалынан алып карай турган болсок, мындай кооптонуу жүйөөлүү. Анткени Тажикстанга караганда биздин Кытайга болгон карызыбыз арбын. Чаткалдагы кен магмадан кийинки гидротермдик процесстин негизинде пайда болгон. Руданын негизги минералдары: пирит, арсенопирит, тубаса алтын, антимонит ж. б. Бул кенден алтын менен кошо күмүштү да бөлүп алууга болот. Рудадагы алтындын орточо өлчөмү 7,49 г/т. Руданын запасы 10463,4 миң т, алтындыкы – 78,361 т. КР өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Жер казынасын коргоо башкармалыгынын маалыматы боюнча “Иштамберди” алтын кенинде казылып алынган руданын 49%ы Кыргызстанда иштетилсе (Доре куймасы), 51%ы концентрат катары Кытайга чыгарылат. Бул кенди казуу жүргүзүлүп баштагандан тартып 2018-жылдын 1-январына карата 5072.32 тонна концентрат чыгарылса, анын курамында 303,5 кг алтын болгон.

Тогуз-Тородогу “Макмалалтын” комбинаты менен алтын өндүргөн “Куранды Джи Эл Девелопинг” компаниясынын ортосундагы келишпестиктин аягы курулуп жаткан комбинаттын өрттөлүшү, бир нече адамдардын жаракат алышы жана сот жообуна тартылышы, чет элдик инвестордун акчалай зыян тартышы менен аяктады. Мындан сырткары Кыргызстандын ар кайсы аймактарында суудан алтын чайкаган компаниялардын ишмердүүлүгүндө элдин талабы эске алынбаган учурлар бар. Буга мисал катары ошол эле Токтогул районуна караштуу аймактагы Узун-Акмат дарыясынан алтын чайкаган “Кассана Минералс” компаниясынын ишмердүүлүгүн жана Кадамжайдагы “Шамбесай” кенин иштетүү боюнча элдин нааразылыгын айтсак болот.

Салыктан качкан “Бозумчак”, багы ачылбаган “Жерүй”

Алтын өндүргөн кампаниялардын арасында мамлекетке салык төлөөдөн качкандары да жок эмес. Казактардын «KAZ Minerals Bozymchak» компаниясы 2015-жылдан бери 9 миң 760 тонна алтын кошулмасын жез катары алып чыгып кеткенин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы таап чыгып, натыйжада бул компанияга карата кылмыш иши козголуп, соттук териштирүүлөрдүн негизинде 55 млн. сомду аталган кызматтын депозиттик эсебине которуп берери белгилүү болгон. КР өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Жер казынасын коргоо башкармалыгынын маалыматына таянсак, бүгүнкү күндө Кыргызстанда алтын, жез аралашкан концентраттарды иштеткен заводдун жоктугуна байланыштуу “Бозумчак” кенинен өндүрүлгөн алтын жез аралашма концентраты Казакстанга чыгарылып сатылууда.

«Бозумчак» кени

Аталган компания 2018-жылдын 1-январына карата иштеп баштагандан тартып 80707,905 тонна алтын жез аралашкан концентратты Кыргызстандан сыртка чыгарган. Концентраттын курамында 3305.565 кг алтын, 21004,418 кг күмүш жана 19357,592 тонна жез болгон. Ошондой эле 1963-жылы чалгындоого алынып, 75 тоннадан ашык алтындын кору бар экени аныкталгандан тартып чет өлкөлүктөрдүн кызыгуусун жараткан “Жерүйгө” байланышкан чырлуу маселенин аягы жоктой. Анткени бул кенди иштетүү үчүн алгач америкалык андан соң англиялык компаниялар менен келишим түзүлсө да, андан майнап чыккан эмес. 2006-жылы бул кенди иштетүү боюнча “Глобал Голд” компаниясынан лицензия алынып салынган. Андан көп узабай кенди иштетүү боюнча Казакстанга таандык “Визор групп” компаниясынын иши боюнча соттук териштирүү аяктай электе кыргыз Өкмөтү 100 млн. долларлык лицензияны сатууга сынак жарыялап, аны Муса Бажаевдин «Восток-геолдобыча» ишканасына тиешелүү «Альянс Алтын» ЖЧКсы сатып алат. Бүгүнкү күндө аталган компаниянын ишмердүүлүгү көптөгөн суроолорду жаратууда.

Өмүрүн тобокелге салгандардын эмгек акысы

Статистикалык маалыматтар боюнча тоо кен тармагында 2018-жылга карата 17 миңден ашуун адам эмгектенет. Ал эми алтын кенин иштеткен компаниялардагы иштеген кызматкерлердин жалпы саны менен эмгек маяналары төмөнкүдөй: “Кумтөрдө” жалпысынан 2 миң 522 адам эмгектенет, алардын 81и чет элдик жаран.

«Макмалалтын» кени

Эмгек маяна 40-50 миң сомдун тегерегинде болсо, жетекчилер менен жогорку рангадагы кызматкерлердин айлыгы 100 миң сомдон жогору. “Каз минералс Бозумчак” ЖЧКсында 650 кызматкер иштесе, анын 620сы кыргызстандык жаран. Эмгек маяналары 10 миң сомдон 39 500 сомго чейин. “Алтынкен” ЖЧКсында жалпысынан 1025 кызматкер эмгектенет. Айлык маяналары 15 миң сомдон 20 миң сомго чейин. “Макмалалтын” комбинатында 1000ге жакын адам иштейт. Эмгек маяналары 9 миң сомдон 20 миң сомго чейин, “Куранды Девелопинг” ЖЧКсында 120 кызматкер иштейт. Эмгек маянасы 17 миң сомдон 30 миң сомго чейин, “АкТүз” ЖЧКсында 150 кызматкер иштейт. Эмгек акысы 17 миң сомдон 50 миң сомго чейин, Кара-Балтадагы алтынды аффинаждоо заводдун филиалында 170 адам эмгектенет. Алган маяналары 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин ж.б.

Тартканың канча?

Алтын кенин казып, аны иштеткенден кийин кандай гана технология болбосун уулуу калдыктар калаары айтпаса да түшүнүктүү. Анткени алтынды өндүрүүнүн табияты, жолу ушундай. Ал эми калдыктарды сактоочу жайлардын талапка ылайык курулушу өзүнчө кеп кылчу көйгөйлүү маселе. Натыйжада алтын иштеткен жер боз топуракка айланып, колдонууга жараксыз абалга келет. Кен чыккан жер казылып отуруп оңурайган карьерге айланат. Бозумчактагы кенди казууда бийик тоо ташылып отуруп жок болуп кеткенин көргөндөр айтышат. Чет өлкөгө барган кыргызстандык сейрек кездешкен идиштеги гүлдүн түрүн алып келатса, гүлдү тамыры менен сууруп колуна карматып, топурагын алып калыптыр. А бизде топуракты казып ташып кетип жатышат. Ал эми алтын өндүрүүдө табиятка келтирилген зыяндар жөнүндө кеп кыла турган болсок, Барскоондогу сууга төгүлгөн цианиддин кошулмасын ташыган цистернаны, таза суунун запасы болгон мөңгүлөрдүн эришин, тоону казуудан улам тоо тектеринин жылышын айтпай коюуга мүмкүн эмес…

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *