Эски техникаларды Таласка ким алып келди?

Жерүй өнүктүрүү фонду аркылуу Талас жергесине түшкөн каражаттар (облустун өнүктүрүү фондуна 170 млн сом, Талас райондук өнүктүрүү фондуна 170 млн сом, Бекмолдо айыл аймагына 170 млн сом, өрөөндү өнүктүрүүгө бир топ омоктуу салым болду. Талас районуна он чакты МТС уюштурулуп, башка райондордун айыл аймактары да бир экиден техникага ээ болуп, айрым ишканалар ачылууда, спорттук аянтчалар курулуп, Тараз-Талас-Суусамыр трассасына бойлото баштан аяк түнкү жарыктандыргычтар орнотулуп инфраструктура кадимкидей жакшырууда. Кеп чынын айтканда айрым чиновниктер деле алакандарын бир топ ысытып алышты окшойт.

Анткени бир эле спорт аянтчаларын айрым жерде 2,5 млн сомго курса, башка жерлерде 3 млн. сом, 3,5 млн. сомго курган учурлар бар. Ошондуктан ыйгарым укуктуу өкүл Марат Мураталиев ал иштер текшерилип жатканын 2 ай мурда айткан эле. Бирок азырынча ал иштер боюнча текшерүү органдардын иштери белгисиз. Ал жактардагы иштер деле ан-алык айкынсыз болуп жаткандыктанбы, айтор Талас шаарында да жагымсыз көрүнүштөр болуп кетти. Шаар мэриясы Талас шаарындагы таштандыларды чогултуу үчүн жана көчөлөрдү жуучу атайын техникаларды сатып алуу үчүн Талас облустук өнүктүрүү фондуна кайрылып, натыйжада 13 млн. сомдон ашык акча бөлүштүрүлгөн. Ал техникалар да алынып келинип, ал тургай ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн имаратынын алдындагы борбордук аянтта салтанаттуу иш чара болуп, ага облус жетекчиси Марат Мураталиев катышып, ийгилик каалаган сөздөрдү айтып Талас шаары маңдайы жарыла кубанып турган.

Демейдегидей эле жергиликтүү телеканалдар көрсөтүп, теле журналисттер интервью алып, бийлик башчылары маашырлана маек беришкен. Бирок анын баары куру убара, майнапсыз иш экендиги айкын болду. Маселен, таштанды жыйноочу авто унаа 4 млн. 673 миң сомго бааланып алынып келинип, бирок ишке берилген эмес. Калкка коммуналдык кызмат көрсөтүү ишканасынын жетекчиси Эркин Аскаровдун айтымында унаага айдоочу табылбай жаткан экен. Ал эми комхоздун айдоочулары болсо техника эски экенин айтып, жоопкерчиликтен коркуп жатканын билдиришкен. “Азаттык” радиосунун кабарчысы Альбина Сулайманованын маалыматы боюнча бул техниканы сатып алуу боюнча ушул жылдын 12-январында шаар мэриясы тендер жарыялаган. Ага жалпысынан беш фирма катышып, конкурстук комиссиянын чечими менен “АзНур” аттуу ЖЧК жеңүүчү деп табылган. (Ишенимдүү булактар аталган фирма шаардык кеңештин кылмыш иши козголуп мандатын тапшырууга аргасыз болгон мурдагы депутатына тиешеси бар экенин айтышууда. Ал киши калаа башчы менен аябай жакшы мамиледе экени көпчүлүккө маалым). Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, “АзНур” жоопкерчилиги чектелген коому 11-январда, тагыраагы мэрия тендер жарыялоого бир күн калганда каттоодон өткөн. Конкурс уюштурган комиссиянын талабы боюнча, фирма акыркы эки жылдын ичинде 10 миллион сомдук иш аткаруусу керектиги көрсөтүлгөн. Ага карабай, жумушун кечээ гана баштаган “АзНур” тендерден утуп алган. Тендердик комиссиянын мүчөлөрү шаардык кеңештин депутаттары, мэриянын мэр баштаган кызматкерлеринен куралган. Баса, бул фирма жолдорду жууп-тазалоочу 8 млн. 200 миң сомго унаа сатып алуу боюнча да тендерден жеңип алыптыр.

Бул ызы-чуудан кийин ыйгарым укуктуу өкүл Марат Мураталиев: “Талас шаарынын тазалыгы үчүн деп өнүктүрүү фонду аркылуу 3 жаңы атайын жабдылган техникаларды сатып алууга жардам берейин дегенбиз. Тендер маселесине, сатып алуу маселесине Өкүлчүлүк эч кандай кийлигишкен жок. Машинаны мага көрсөткөндө абалы жакшы эле болчу. Бирок, биз такыр пайдаланылбаган машиналарды сатып алгыла дегенбиз. Андыктан эгерде тендер учурунда мыйзам бузуулар, кандайдыр бир коррупциялык элементтер болсо, укук коргоо органдары териштирип, күнөөлүүлөрдү жазага тартыш керек”, -деп расмий билдирген. Деги техникалардын абалы кандай? Кандайча Таласка келген? Тендер өткөнбү? Ушул суроолорго жооп алуу татаал болду. Шаар мэри менен биргеликте техникалар сакталып турган үйгө барып көрүү боюнча да майнапсыз болду. Себеби өнүктүрүү фондунан бизге жогорудагы сумманы которуу иши токтотулганын айтышты. Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбековдун так жооп айта албай буйтактаганы да маалым болду. Ишти алешем кылганы үчүн ал облус жетекчиси Марат Мураталиевден катуу жеме укту. Ошентип Кудай сактады, эгер 13 млн. сомдон ашык акча жогорудагы фирмага которулуп кетсе чоң “ЧП” болмок. Күч органдары текшерип, кылмыш иш козголуп дегендей. Эң негизгиси шаар мэри Айдар Жусупбеков, Альбина Сулайманованын фейсбугуна “Урматтуу Альбина айым, бул тендерди утуп алган “АзНур” ЖЧК башка фирмалар менен консорциум түзүп катышкан. Ал фирмаларда 10 млн. сомдон ашык көлөмү бар болчу. Биздин башыбыз экөө эмес. Тендердик комиссия баарын карап, изилдеп, анан чечим чыгарган” деп жооп жазган.

Эми “эсил кайран эски, бузук техникаларга тендердик комиссия жооп береби же облус жетекчисин борбордук аянтка алып чыгып, телеканалдарга тарттырып, ыңгайсыз абалга келтирген “алдар көсө” чиновниктер жооп беришеби? Алдар көсөлүк кылабыз деген чиновниктердин жүрөктөрү тоодой экен. Азыркы кырдаалды көрбөй, көздөрүн туман басып калганбы? Дегинкиси баасы кымбат сатып алуулардын бардыгын текшерсе атайын кымбат баалоо иштери калкып чыгаарында шек жок.

Козубек ИМАНКУЛОВ, “Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *