Абдылдажан АКМАТАЛИЕВ: Ата Конуш, Ата Журт, Ата Мекен жана Айтматов

  (Башталышы өткөн санда)

Айтматовдун көпчүлүк чыгармаларында жер-сууга багышталган эмоционалдуу сүйлөмдөр көп кездешет. Балким, бул автор менен каармандардын ички сезимдеринин тогошкон эң бир туу чокусу болсо керек. Аларды окуп отуруп, Ата Конуштун, Ата Журттун, Ата Мекендин ар бир нерсесин жогору баалагың келет, улуулугун билгиң келет: «О, Анархай, кең талаа! Эмнеге үндөбөйсүң, эмнени ойлоп жатасың? Кылымдардан бери купуя каткан кандай сырың бар, эртеңки күнүң кандай?», «Кайран теректер!.. Саламатсыңарбы, асыл зат теректер… Мынча эмне үрөйүңөр учуп –муңдана шуулдайсыңар?», «О, айланайын кең талаам! Казак боордошум жердеген, алп талаам!», «О, айланайын кең талаам, элиме ушул күч-кайратты берген касиетиңден силердин!…», «Э-эй, тоолор! Мен уулдуу болдум!», «О, кайран Ысык-Көл! Ысык-Көлүм – өмүр бою ырдалып бүтпөс ырым!», «Ох, Долон, Долон, Теңир-Тоонун алпысың! Оңой-олтоң жол бербейсиң!», «О, кутмандуу талаам, сенин азыр дем алып жаткан кезиң», «Э-э, асманда жаркыраган күн, жер кыдырып, сен айткын! Ээ, сапар баскан булут, нөшөрлөнө төгүлүп, ар бир тамчың менен сен айткын!»

Айтматовдун өзү жана анын каармандары Кемел, Сейит, Данияр, Толгонай, Танабай, Султанмурат, Эдигей, Бостон, Арсен ж.б. Ата Конуштун, Ата Журттун, Ата Мекендин таянган тоосу, жөлөк-таягы, сыймыктанган балдары. Жазуучу өзү айткандай, мындай каармандар менен дүйнө кармалып турат. Эмгекти сүйгөндүгү, жан дүйнөсүнүн тазалыгы, адамгерчилиги, калыстыгы менен Ата Конушка, Ата Журтка, Ата Мекенге берилип, кызмат кылышат. Туулган жерине таянычы жок адамдар камгак сыяктуу эмеспи!

«Ооба, туулган жер, Ата Мекен ар адамдын тагдырын курайт. Тек андан бардык алганыңды көңүлдүн элегинен өткөзүп, бал жыйнаган аарылардай жүрөгүңө куя билүү парз» – дейт Ч. Айтматов. Жазуучунун басып өткөн жолу, чагылдырган каармандары окурмандарды Ата Конушту, Ата Журтту, Ата Мекенди урматтап, сыйлап, ага ак ниеттен эмгек кылууга, аны көздүн карегиндей сактоого чакырат. Мекенчил адам өз элинин тагдырын, келечегин ойлойт. Айтматовдун каармандарынын баары ар-намыстуу келишет. Жазуучунун акыркы «Тоолор кулаганда» романында журналист Арсен Саманчиндин чет элден келчү мергендерден Ата Конуштун, Ата Журттун, Ата Мекендин мөңгү, булактарын сактап зарылдыгын ойлоп тынчсызданганын эске алсак эле жетиштүү болот. Арсендин жан дүйнөсүндө Ата Мекенди сүйүү баарынан жогору.

Албетте, Ата Мекенди сүйүү десе эле эрдик кылууну түшүнбөө керек, ал жашоо-тиричилигибизден, ишибизден, жан дүйнөбүздөн, абийирибизден, тазалыгыбыздан, жүрүм-турумубуздан башталат. Чыңгыз Айтматов жыйырмадан ашык жыл чет жерлерде жашады. Кыргыз мамлекетинин атынан элчи-өкүл болду. Бирок, жан дүйнөсүндө ал өз Ата Конушун, Ата Журтун, Ата Мекенин жан дүйнөсүндө сагынып, мүмкүндүк болгондо келип, эл-жерди аралап сагынычын таркатып турду. «Кыямат» романында бекеринен: «Ата Мекенди алып кетүү мүмкүн эмес, алып кетсе сарсанаа, кусалыкты гана алып кетүүгө болоор, эгер Ата-Журт деген баштыктай сүйрөп, өзүң менен алып жүрө турган нерсе болсо, анда анын баасы сокур тыйынга турбас», – деп жазган эмеспи даанышман жазуучу.

Анын Ата Конушка, Ата Журтка, Ата Мекенге сагыныч, кусалыгы алыскы Европада жүргөндө «Ысык-Көл» деген ырында бекер чагылбаса керек. Бул ыр саптарынан (обону М.Бегалиевдики) Айтматовдун Ата Конушту, Ата Журтту, Ата Мекенди жан дили менен сүйгөнүн, ага өтө берилгенин билсе болот.

Кыялымда ак куу болуп,

Учуп жүрөм көл үстүнөн.

Көк асмандын мейкининде,

Балык сымал эркин сүзөм.

Алыс кетсем куса болуп,

Сагынам салкын төрүң.

Алтын көлүм, Ысык-Көлүм,

Сагындым мен толкун көркүн!

Байыркынын, бабалардын,

Сөзү калды көл бетинде.

Балалыгым эстен чыкпайт,

Изим калды көл четинде.

Кыялымда учуп барам,

Бийик чокунун үстүнөн.

Кылым карып, кырлар ашкан,

Кыргыз көлү чөкпөсө – дейм.

Демек, Ч. Айтматов канчалык дүйнөгө атак-даңкы чыкпасын, канчалык чыгармачылык бийиктикте болбосун, канча жыл чет өлкөлөрдө кызматтык абалда болбосун баары бир анын Ата Мекени, Ата Журту, Ата Конушу – Шекер, Ала-Тоо, Ысык- Көл жалпысынан алганда – Кыргызстан. «Жер-сууга авторлош» (Д. Кугультинов) болгон Чыңгыз Айтматовдун Ата Мекендеши болуп калганы бул чоң, ардактуу сыймык!