Кыргыз жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу Жарлыктарына кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” төрт Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин үч Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 253  адамды кабыл алуу тууралуу, алардын басымдуу бөлүгү этникалык кыргыздар – тарыхий мекенине кайтып келген Өзбекстандын жана Тажикстандын мурдагы жарандары.

Мамлекет башчынын дагы бир Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 163  адам чыгарылат.