Калыстыкты Карга акеден сура, же элди, улуттарды ынтымакка, биримдикке жарлаган даанышман

Маалымат үчүн:

Карга бий Мендегул уулу (1718, туулган жери белгисиз – 1828, азыркы Ысык-Көл облусу Жети-Өгүз району, Даркан айылы) – Ысык-Көл өрөөнүнөн чыккан 7 акенин улуусу. Болжол менен 30-35 жашында бий болуп, көзү өткүчө 70-80 жылдай бийлик кылып, “түшпөс бий” атыккан. 1824-жылы Батыш-Сибирь генерал-губернатору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн элчи жиберүүгө демилге көтөргөн бийлердин бири. Кыргыз-казакка кара кылды как жарган калыстыгы менен таанылып, эл ичинде «калыстыкты Каргадан тап» деген сөз калган.

  – Алмаз мырза, бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугу Карга Мендегул уулунун (Карга аке) 300 жылдыгын белгилеп жатат. Карга аке тууралуу тарыхый-көркөм роман жарык көрүптүр. Сиз Карга акенин урпактарынан болот экенсиз. Кичинеңизден атаңыздан, улуу муундагы аксакалдардан Карга аке тууралуу угуп чоңойгон чыгарсыз, ошол уккан-билгендериңизден айтып берсеңиз.

– Карга атабыздын эки аялынан он уулу болгон экен: биринчи аялынан беш уул: Чотон, Адыл, Кожотай, Шанияз, Жаныбек; кичүү аялынан беш уул: Чекир, Чоңмурун, Дөөрүк, Козуайдар, Телкозу. Биз биринчи аялынан төрөлгөн эң кичүү баласы Жаныбектен тарайбыз. Ырас эле, сиз айткандай, кичинебизде аталардын этегин баса отуруп, аңыз-санжыра кептерин, акылман сөздөрүн, нуска кеп-кеңештерин угуп чоңойдук. Айтымда, Карга Мендегул уулу 1718-жылы жарык дүйнөгө келип, 1828-жылы 110 жашка чыгып кайтыш болуптур. Жараткандын ырайымы менен бир кылымдан узак жашаса да, ден соолугу бекем бойдон, ат үстүнөн түшпөй, акылы тунук бойдон карыптыр. Эл түйшүгүн ойлоп, эл камында жүргөнүн эли да баалап, Карга атабыз өмүрү өткөнчө, 70-80 жыл бий болуптур. Бий болгондо да, калыстыгы менен казак-кыргызда аңыз менен айтылыптыр. «Калыстыкты Каргадан сура” дешчү экен кыргыз-казактар. Бул оңой баа эмес.

– Көлдөгү акелердин улуусу Карга аке. Кандайча Карга аке аталган экен?

– Айрым изилдөөчүлөр Карга атабыздын “аке” аталышын, жаш кезинен бийликке аралашып, 70-80 жыл бий болуп, “түшпөс бий” аталганы менен байланыштырып жүрүшөт. Дегеле, “аке” түшүнүгүн тарыхта билгичтиги, акылмандыгы менен калган, элдик уулга эл тарабынан берилген даража деп жүрүшөт. Менимче, билгичтиги, акылмандыгы же колунда бийлиги болгону үчүн эле аке даражасы берилген десек, анда “аке” түшүнүгү толук болбой калат. Келиңиз, “аке” деген наам кимдерге берилген, ой чабыттатып көрөлү? Көл жергесин эле алсак, бийлер көп эле болгон. Арийне, “аке” деген наам алардын баарына эле бериле берген эмес. Бул бир. Экинчиден, “аке” деген наам бий эместерге да берилген. Андан ары калыстыгы, ары даанышмандыгы, ары элге кайрымдуулугу, аны караңгыда жол тапкан, капилеттен сөз тапкан адамдарга берилген деңизчи? Анысы да бар, мында акелер тууралуу сөз кылганда, аларды ошол тарыхый доордон бөлүп карабашыбыз керек. Алардын калыстыгына, даанышмандыгына эле басым жасабастан, тарыхтагы ордуна да кайрыла кеткенибиз дурус. Карга атабыздын доору кандай доор эле. Тарыхтан белгилүү болгондой, 1635-жылы калмактар Борбордук Азияда кубаттуу Жуңгар хандыгын түзүшкөн да, кыргыз, казак, уйгур ж. б. элдер жашаган аймактарга кандуу жортуул жасап турушкан. Кыргыздардын бир бөлүгү калмактардын кысымы астында Кулябга жана Гиссарга (Каратегин, Коргонтөбө аймактары) журт которууга аргасыз болушкан. Бул армандуу тагдыр көлдүк кыргыздардын энчисине тийип, Көл айланасында жашаган уруулар түштүккө сүрүлгөн. Анын ичинде биздин уруулар Кетмен-Төбө жергесине оогон. Калмактардын чабуулунан жеке эле кыргыздар жабыр тартпастан, казактын Улуу жана Орто жүз уруулары да катуу жапа тартышкан. Мындай кызыл кыргын, сары сүргүн абал 1758-жылга, Цинь империясы калмактарды катуу кырганга чейин уланган. Бир миллиондон ашуун кишисинен калмактардын алы тайып, Эдил боюна кетүүгө аргасыз болушкан. Бирок ошондой болсо да, көп жылдарга Орто Азиядагы күчүн сактап кала берген.

– Элдин ынтымагын жана биримдигин туу туткан Карга акенин Боромбайды бий көтөрүүгө демилге кылганы, “Кыргыз бел болбой, казак, калмакка тең болбойт”, – деп казактарга биригүүгө чакырык таштаганы ошол себептен тура.

– Ооба. Кыргыз менен калмак кырды бычак болуп жашап, кынсыз кылыч тагынышып, үзөңгү менен үзөңгү тийишип, найза менен найза кагышып жаткан мезгилде кыргыз урууларынын гана эмес, кыргыз менен казактын биримдиги да маанилүү болгон. Карга атабыз бүт өмүрүндө ынтымак менен биримдикти жарлап жүрүп өткөнү ошондон. Көл өрөөнүнүн ар коктусунда бытыранды жашап, өзү өзүнө бий уруулар, сырттан жоо келсе, арттырбай келген жоого алдырып коерун ойлоп, баарын чогултуп: “жалгыз-жарымдап ар кокту-коктуда жашай берсек, ар кимге жем болобуз, ынтымактан өткөн эч нерсе жок. Бир бололу. Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаралы, ынтымакта бололу. Арабыздан бир чыгаан кишини өзүбүзгө башчы кылып шайлайлы, ошону угалы”, деп ар бир уруу башчылары, аттуу-баштуулар жалпы отурганда Боромбайды башкы манап-султан кылууга демилге көтөргөнү да ошондон улам.

(Уландысы бар)

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *