Грузиянын өкмөт башчысы Георгий Квирикашвили кызматтан кетти

Грузиянын өкмөт башчысы Георгий Квирикашвили кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ал 13-июнунда кечке маал атайын өткөргөн маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Ал кызматтан кетип жактанына бийликчил партия аталган «Грузин кыялы» партиясынын лидери Бидзина Иванишвили менен көз караштары дал келбегендиги себеп болгонун айтты.

«Мен ар бир жарандын өкмөт башчысы болууга тырыштым. Мен ар убак команданын оюнчусу болгом. Акыркы жагдайды жана команданын маанайын байкап ушул чечимди кабылдадым. Анткени партия лидери менен айрым маселелер боюнча пикирибиз келишпеди”,- деди ал.

Квирикашвили Грузин өкмөтүн 2015-жылдан бери жетектеп келаткан.