Жалпы республикалык тестирлөөдөн 26 миң окуучу жетиштүү упай алды

Билим берүү министрлиги Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгын чыгарды.

Министрлик билдиргендей, тест тапшырган 45 607 окуучунун (57%) 26180и 110 упайдан жогору жыйынтыкка жетишти. Быйылкы жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо жыйынтыгы 119,4 упай болгон.

Кыргызстанда жогорку окуу жайларына кирүү баллы 110дон ашкан гана окуучулар тапшыра алышат.