Бизде эр жүрөк, шамдагай гана адамдар иштей алышат!

15-июнь Өрткө каршы күрөшүү кызматынын күнү. Бул күн Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн 1994-жылдын 29-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын өрт күзөтү кызматкерлеринин күнүн бекитүү жөнүндөгү” токтому менен бекитилген.

  •  ӨКМКБ жөнүндө маалыматтар

1986-жылы Сокулук районундагы Романовка айылынан Сокулук райондук ӨКМКБнын имаратын куруп берүү үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилген. 1989-жылы Сокулук райондук ӨКМКБнын башчысы Жетигенов Медетбек Жумалиевичтин демилгеси жана Сокулук райондук администрациясынын колдоосу менен имараттын фундаменти куюлган. 1991-жылы курулуп бүтүп колдонууга тапшырылган. Бөлүмгө эки АЦ-40 (ЗИЛ–130) өрт өчүрүүчү автоунаалары тапшырылган. Өздүк курам 48 кызматкерден жана 11 жумушчудан турат, мындан 11и офицерлер.

1998-жылы мамлекеттик өрт кызматынын Сокулук райондук 6-өрт бөлүмү №23 АӨБ (аскерлештирилген өрт бөлүкчөсү) болуп аталып калды. Сокулук районунун аймагы чоң болгондуктан, 1991-жылы Жаңы-Жер айылында ашар ыкмасы менен №7-өрт бөлүмүнүн имараты курулду. Бүл бөлүм Сокулук районунун түндүк бөлүгүнүн өрт коопсуздугун сактайт. №7-ӨБдө бир АЦ-30 (53) өрт өчүрүүчү автоунаасы бар. Өздүк курамы 11 жумушчудан турат. Райондук өрт кызматы бөлүкчөсүнө 2009-жылы 28-октябрда 2009-жылкы АЦ 3,2 – 40 ЗИЛ-433112 өрт автоунаасы тапшырылса, 2015-жылы 13- июлда ӨКМге караштуу МӨК агенттиги тарабынан 2014- жылы чыккан «Тойота-Хайлюкс» АКА автоунаасы тапшырылган.

 Кыргызстандагы биринчи кесипкөй өрт өчүрүүчү команда мындан туура 92 жыл мурун 1926-жылдын 15-июнунда Фрунзе шаардык кеңешинин чечими менен ордо калаабыздын Кошчу (азыркы Т.Абдумомунов) көчөсүндө түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын өрткө каршы кызматынын бир бөлүкчөсү болгон Сокулук райондук өрткө каршы күрөшүү кызматы өзүнүн кызматтык милдетин так аткарууга, адам өмүрү менен ден соолугун, ошондой эле мамлекеттин жана жарандардын жеке мүлкүн сактоого бардык аракетин жумшап келет. Эмгек шарттары оор болгонуна карабай өрт өчүрүүчүлөр өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салып, жабыркагандарга жардам берүүгө дайым даяр турушат. Жабыр тарткан адамдардын тагдыры, мамлекеттин мүлкү өрт өчүрүүчүлөрдүн оперативдүүлүк менен ыкчам аракеттенишине байланыштуу болот. Ошондуктан бул кызматта эр жүрөк, шамдагай гана адамдар иштей алышат.

Биздин милдет өрттү өчүрүү гана эмес, аны алдын алуу. Өрт коопсуздугун сактоонун эрежелери тууралуу элибизге ар дайым эскертип келебиз. Өрт өчүрүү жана өрттүн алдын алуу боюнча биздин бөлүмчө тарабынан 2018-жылдын 5 айында райондук “Элдик Трибуна”, республикалык “Кыргыз Туусу” жана ”Фабула” гезиттери аркылуу ар кандай эскертме макалалар жарык көргөн. Сокулуктагы “Жибек Жолу” базарындагы радио түйүн аркылуу дагы турак жайларда өрттүн алдын алуу боюнча 66 жолу эскертме уктурулган. Чүй облустук “СТВ” телеканалынан “Өзгөчө кырдаалды жоюу” боюнча 3 жолу теле берүү көрсөтүлгөн, “Акипресс” маалымат агенттигинен “Жазгы-жайкы өрттүн кооптуу мезгилинин жана сууга түшүү мезгилинин келгени” тууралуу маалымат берилген. 607 кишиге 16 лекция, 6178 кишиге 91 инструктаж өткөрүлгөн.

Райондук өрт өчүрүүчү эки бөлүктө 67 адис эмгектенет, алардын бешөө аялдар. Учурда өрт өчүрүүчү бөлүктөрүбүздө иш билги, күжүрмөн өздүк курам топтолуп калды. Райондун өрткө каршы мамлекеттик кызматы өрттүн алдын алуу жана аны өчүрүү боюнча иштерди абийирдүүлүк менен аткарууда. Мен “өрт өчүргүч” деген сыймыктуу наамды алып жүргөн бардык кесиптештеримди Кыргыз Республикасынын Өрткө каршы күрөшүү кызматынын күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктап, түйшүктүү ишинде ийгиликтер көп болуп, жашоолору жалаң жакшылыктарга толушуна тилектешмин. Кудайым Кыргызстаныбызды бөөдө кырсыктан сактасын!

Уланбек РЫСАЛИЕВ,

Сокулук райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана өрттүн алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы, подполковник