Сен билесиңби же сельсовет билеби?

Негизги унаа жолдордун, айрыкча Бишкек–Нарын–Торугарт эл аралык трассанын жээктерине ыктуу дагы, ыксыз дагы отурукташкандар көбөйүүдө. Кээ бирлери жолдун эле жээгине чукул контейнер орнотуп алса, айрымдары чөкчөйтүп алачыктарын тигип, эч кандай шарты жок эле кымыз, айран, чалаптарын сатышууда.

Мындай кинелерди Өкмөттүн өкүлү Аманбай Кайыпов айлана-чөйрөнү коргоо тармактарынын жетекчилери менен болгон жыйында айтып чыкты. Бирок, тилекке каршы, олтурумда маселе бир жаңсыл чечилген жок. Көрсө, жолдун жээги жолчуларга, кээ бир жерлер айыл аймактарга, кээси токой чарбаларга тийиштүү экен. Ушундан улам атайын комиссия түзүү керектиги белгиленип, алар 23-июнга карата аныктоо жумуштарын аткармай болушту.

Күмөндөр УСУПТЕГИН,

«Кыргыз Туусу»