«Кыргыз Туусуна» жарыялангандан кийин: Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Мирлан БАКИРОВ: «Токой чарбасынан жер алайын деген оюм жок»

 «Кыргыз Туусу” гезитинин 2018-жылдын 1-июнундагы №41 (24238) санына “Жаңгак токойлорунун пайдасын коррупционер көрүп жатат” деген аталыштагы Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын тургундарынын КР Президенти С.Ш.Жээнбековго арызы жарыяланган болчу. Арызда Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакировдун токой чарбанын ишине кийлигишип жаткандыгы тууралуу жазылган эле. Ушул арыздан улам депутат Мирлан Бакировдун пикирине дагы орун берүүнү туура көрдүк.

– Мирлан Исакбекович, Кызыл-Үңкүр айылынын тургундарынын арызы менен таанышып чыктыңыз да. Депутат, ошол жердин кулуну катары токой чарбасында болуп жаткан абалга кандай баа бересиз?

– Биринчиден, экинчи тараптын пикирин угууну туура көргөнүңүздөргө ыраазычылыгымды билдиремин. Экинчиден, арызга кол койгон тургундардын бир беткей билдирүү жасаганы коомчулукту адаштыруу деп түшүнөмүн. Албетте, ошол жерде туулуп-өскөн адам катары элибиздин ийгилигине кубанамын, кемчилиги болсо, оңдоого аракет кыламын. Бирок, алардын ишмердүүлүгүнө түздөн-түз кийлигишейин деген ниетим жок. Бир нерсени айтып койсом, Кызыл-Үңкүр токой чарбасы өлкөдө токой чарбасын өркүндөтүү долбооруна кирген эле. Тилекке каршы, ушул долбоор ишке ашпай калды. Мындай көрүнүшкө буга чейин директор болуп келген Каныбек Чойтоев жол берип, аталган долбоорду толук кандуу коргоп, аягына чыгара албады. Долбоор ишке ашканда, орточо 1,5 млн. АКШ доллары эсебинде каражат каралып, чарбаны өнүктүрүүгө олуттуу салым болмок. Анан дагы азыр айыл эли менен тил табышып иштеше албаган жетекчинин кесепетинен, көрүнгөн жакка арыз жазышып, туура эмес маалыматтарды берип келишет. Арызда менин атыма карата жазылган сөздөрдүн бардыгы жалган. Гезитке 625 адамдын Чойтоевди колдойбуз деген маалыматы дагы чындыкка дал келбейт. Себеби кол койдурулган баракчада “Кызыл-Үңкүр токой кызматындагы бүгүнкү жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерин адилеттүү деп эсептейсизби” деген суроо берилип, тап-такыр башка маселе коюлган. Ошондуктан, менин жердештерим, “ийри отуруп, түз кеңешип” дегендей, калыстык менен баа беришет деген ойдомун.

– Жакында Кызыл-Үңкүр айылында болгон чогулушта Токой чарба  агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов, “мени Мирлан Бакиров кысым көрсөтүп, Чойтоевди кызматтан алууга аргасыз кылды” деген сөзүнө эмне деп жооп бересиз?

– Депутат катары аткаруу бийлигине кысым жасоого жол берилбейт. Ал эми мага кайрылган жарандардын каттарынын негизинде карала турган маселелер тууралуу сунушумду, пикиримди аткаруу бийлигине билдире аламын. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 7-жана 21-беренелериндеги талаптарга ылайык, шайлоочулар менен иштөөдө ар бир Кыргыз Республикасынын жарандары-менин шайлоочуларым кандайдыр-бир суроо-талаптар, кайрылуу же арыз менен кайрылышкан болсо, элдин өкүлү катары аларды кароого, арыз ээлерин жеке кабыл алып, арыз-муңун угуп, тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттүүмүн жана укуктуумун.

Анан Чойтоевди кызматтан алып койду деген маселеге келсем, КР Өкмөтүнүн алдындагы Экология жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын Майлуу-Суу шаары, Ноокен жана Базар-Коргон райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу А.Шамаев Экологиялык коопсуздук башкармалыгынын башчысы А.И.Элемановго 2018-жылдын 27-февралындагы (№24-17/146) жазган маалыматында Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын башчысы Каныбек Чойтоевдин мыйзам бузуулары тууралуу бир нече фактыларды келтирип, жыйынтыгында: “Жогоруда көрсөтүлгөн далилдерге жана токой чарбага караштуу Кең-Кол токой бөлүмүнүн 8 түп өсүп турган карагай токойлору мыйзамсыз кыркылып, ташылып кетүүсүнө жол бергендигин, Кыргыз Республикасынын “Эмгек Кодексинин” 68-беренесинде көрсөтүлгөн талаптарды бузуп, жакын туугандарын жумушка кабыл алгандыгын, Кызыл-Үңкүр айылынын элин эки тарапка бөлүп, тирешүүгө алып келгендигин, жаңгак токоюнун мөмөсүн жыйноодо түзүлгөн келишимдерде ижара акылардын негизсиз каралгандыгын эске алып, токой чарбанын директору К.Чойтоевдин мыйзамсыз аракеттерине баа берип, кызмат ордун кароону сунуш кылат” деген тыянакка келишкен. Аталган кат Токой чарба агенттигинин башчысы А.Рустамовго 2017-жылдын 8-декабрында (№24-17/699) жөнөтүлгөн экен. Бул элдин арызынын негизинде ошол кездеги Экология жана техникалык коопсуздук мамлекеттик агенттигинин башчысы К.Муратбековдун буйругу менен түзүлгөн комиссиянын тыянагы. Туура, токой чарба агенттигинин башчысы А.Рустамовго “ушундай маселелер болуп жатыптыр, мыйзамдын чегинде карап коюңуз” деген пикиримди Жогорку Кеңештин комитеттеги отурумунда билдиргенмин.

– Токой чарбасында ашыкча, гектарлаган аянттарды ээлеп алгандар тууралуу эмне айта аласыз? Анын ичинде сиздин туугандарыңыз дагы бир нече гектарлаган ашыкча аянттарды ээлеп жүрүшөт деген маалыматтар бар…

– Ээлеп алгандар жок деп айтуу кыйын. Мунун аныгына жетүү үчүн көз карандысыз комиссия түзүп, иликтеп чыгуу керек. Өкмөттүн 2007-жылдын 19-октябрындагы №482-токтомунда, биринчи кезекте жергиликтүү калктын кызыкчылыгы эске алынып, андан ашса гана башкаларга бөлүнүп берилсин деп так жазылып турат. Ошол токтомдогу талаптарды эске албай, токой чарбанын башчысы тарабынан башка айыл өкмөттөрүндөгү жарандарга аянттар берилип кеткен деген нааразычылыктарды угуп жүрөмүн. Бирок, токой чарба агенттигинин директору А.Рустамовдун айтуусу боюнча, Өкмөттүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги “Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө” №192 – Токтому боюнча ишке киргизүүнү, тактап айтканда, токой фондунун жерлерди ижарага берүүнү убактылуу токтотуп туруу жөнүндө токой чарбаларына жазылган катка карабастан, мыйзам бузууларга жол берилип жаткандан улам ушундай абалга келип отурат. Туура, ошол жерде туулуп өскөнмүн. Туугандарым жашашат. Бирок, токой чарбасынан бир сотых жер алайын деген оюм жок. Ата-энемдин дагы ижарага алган жер аянттары катталган эмес. Токой чарбасын натыйжалуу пайдалануу боюнча Өкмөттүн №192-токтому чыккан. Мына ошол токтом күчүнө киргенден кийин, чогуу барып, Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүндө канча жери бар, тактап чыгып, калыс бөлүштүрөлү деген сунушту айтып келемин. Менин маалыматым боюнча айыл өкмөтү боюнча 3 366 гектар жаңгак токой аянты бар экен. 1100 үй-бүлө бар. Эгерде мына ушуну калыс бөлүштүрө келсек, орточо 3 гектардан тиет экен. Ушинтип эле талаштырбай, ачык-айрым бир пикирге келсе болот.

– Арызда Чойтоев Каныбектин соттолгондугу тууралуу сиздин Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүңүз бар экен. Буга далилиңиз барбы?

– Жогорку Кеңештин жыйынында ушундай маалымат бар экенин айтканмын. Чынында эле ошондой расмий маалымат бар. Кийин кылмыш иши кыскартылган экен. Тактап айтканда, КР ИИМинин 2018-жылдын 27-мартындагы менин дарегиме келген 2162 сандуу катына ылайык, Чойтоев Каныбек Кашыевичке карата 2004-жылдын 20-июлунда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан 72-04-40 сандуу кылмыш иши КР Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2,3-пунктары жана 3-бөлүктөрү боюнча (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө жасалганда) козголуп, КР Жазык-процесстик кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пункту боюнча, мунапыс (амнистия) колдонуу менен өндүрүштөн кыскартылган. Бүгүнкү күндө Кызыл-Үңкүр токой чарбасындагы эки тараптуу тирешүүлөрдү калыс чечиш үчүн тиешелүү органдар иштешип жатат. Орозонун улуу күнүндө жердештеримди ынтымакчылыкка, сабырдуулукка чакырып кетүү менен, кимдин-ким экендигин убакыт баарын өз ордуна кое тургандыгын айтар элем.

Маектешкен Сабырбек КАСЫМОВ