23-майга карата аба ырайы

23 майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күт күркүрөшү күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33;

Ысык-Көл жергесиндедө түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +24…+29;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кыска мөнөөтүү, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +28…+30 градуска чейин ысык болот. Ошондой эле 24-майда жана 25-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, 25-майда күндүз кыска мөөнөтүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 24-25-майда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Булак: © Кыргызгидромет