Эки бийликтин өкүлдөрү көрүштү. Эми кандай чечимге келишет?

Жакында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Талас облусуна иш сапар менен келип, урунттуу маселелер менен таанышып, ал маселелерди чечүү аракеттери тууралуу жергиликтүү бийлик башчылары менен ой бөлүштү.

Алтынай Өмүрбекова алгач Талас шаарындагы залкар жазуучу Ч.Айтматовдун айкелин оңдоо-түзөө иштери менен таанышып, 90 жылдык мааракеге карата талаптагыдай даярдык болушун айтты. Андан соң Талас шаарындагы курулушу бүтпөй калган маданият үйүнүн имаратын көрдү. Эгер имарат республикалык бюджеттен каржыланып бүткөрүлсө, ал имаратка калкты тейлеген көптөгөн мекемелер жайгаштырылып, 8-9 бала бакчага имараттар бошотулмак. Болжол менен бала бакчаларга 360 млн. сомдой керектелмек, — деди өкмөттүн облустагы өкүлү. Марат Мураталиев вице-премьер-министр долбоор жазып, сметасын түзүп, маселенин натыйжалуу экендигин тастыктаган документти Өкмөткө сунуштоо тапшырмасын берди.

Андан соң А.Өмүрбекова жана парламент депутаты Рыскелди Момбеков Талас районундагы Көк-Ой айылындагы мурдагы борборлоштурулган оорукананын имаратын көрүштү. Имараттын бир капталында райондук поликлиника жайгашкан менен калганы кароосуз калган. Ичиндеги жылуулук системасы, эшик каалгалары тонолуп, уурдалган. 2-3 гектар аянтты ээлеген бак-шактуу чарбагы да кароосуз калып, кайдыгерликтин, шалаакылыктын көрүнүшүндөй томсоргон абалда. Бул тууралуу биз “Талас Турмушу”, “Кыргыз Туусу” гезиттерине далай ирет чагылдырганбыз, эми гана ЖК депутаты Рыскелди Момбеков киришкен соң вице-премьер атайын келген. Ичи бүлүнүп, талкаланып калган имаратты оңдоп-түзөөгө 32 млн. сом талап кылынат экен. Депутат Р.Момбеков: “Өлкө оорукана кура албай жатса, капиталдык курулушу мыкты, эң сонун бак чарбагы бар үч кабаттуу имаратты кароосуз таштап басып кеткендин өзү кайдыгерлик, – деди. Эң таңгалыштуусу, килейген имарат эч бир министрликтин балансында эмес экен. Жергиликтүү тургундар да имартты саламаттыкты сактоо тармагына пайдалануу керектиги тууралуу ойлорун айтышты. Вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты коомчулуктун суранычы боюнча имаратты кардиология же хирургия бөлүмүнө пайдаланууга ылайыктуу экендигин белгилеп, саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырма берилерин айтышты.

А.Өмүрбекова жана Р.Момбеков Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы “Семетей” кинотеатрынын абалын да көрүштү. 420 орундуу кинотеатрды капиталдык ремонттон өткөрүүгө 11 млн. 800 миң сом керектелет. Депутат Р.Момбеков бюджетке өзгөртүү киргизгенде каражатты бөлүштүрүүгө аракет болорун айтты. Ал эми А.Өмүрбекова АРИС аркылуу 20 миң доллардан өйдө долбоорлор боюнча да аракеттерди жасоо керектигин эске салды. Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун кичи мекени Шекер айылындагы маданият үйүн ремонттоо иши менен таанышуу иш сапарда камтылды. Ремонтко 5 млн. сом каралган, бирок, дагы 1,5 млн сом керектелерин район жетекчилиги айтты. Вице-премьер министр Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы Герцендин музейинин абалы менен таанышты. Музейде ата-баланын жана башка көрүнүктүү сүрөтчүлөрдүн 1600дөн ашык эмгеги бар. Арасында эң мыкты чыгармалар бар экендиги да айныгыс чындык. Бирок уникалдуу музейди айыл аймагынын бюджети менен кармоо кыйын болуп жаткандыктан, статус берүү менен республикалык бюджеттен 5-6 штатты каржылоо зарылдыгы бар. Герцендердин өтө чебер эмгектери Алтынай Өмүрбекованы абдан кызыктырды. Ошондой эле вице-премьер Манас районундагы Үч-Коргон айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылындагы бала бакчанын абалы менен да таанышты. Кара-Буура районундагы Аманбаев айылындагы оорукананын эки кабат жаңы имараты дээрлик бүтүп калганын көрүп кубанды. Райондун дээрлик жармысын камтыган чөлкөмдө 30 миңдей калк жашайт. Облус жетекчиси М.Мураталиев жана депутат Р. Момбеков ооруканада хирургия бөлүмүн ачуу зарылдыгын белгилешти. Бирок дарыгер жетекчилер дасыккан хирургдардын жана жабдуулардын тартыштыгынан улам азырынча хирургиялык кабинет ачуу ылайыктыгын айтышты. Бирок Р.Момбеков: “Эгер мыкты хирург болсо 40-50 чакырым Кызыл-Адырга чапкылабай пациенттер операцияга ушул ооруканага келмек, келечекте хирургия бөлүмү ачылыш керек”, — деп белгиледи. Чыңгыз Ордо комплексин куруу долбоорунун демилгечиси Р.Момбеков вице-премьер А.Өмүрбековага курулушу он жылга созула турган, жалпы сметасы 500 млн. сомду түзгөн долбоор жөнүндө маалымат берди. Биринчи транш боюнча 37 млн. сом бөлүнгөн. Депутаттын айтымында Чыңгыз Ордо комплексте өзгөчө таланттуу, адабиятка шыктуу балдардын мектеп-лицейи, конференц-зал курулат. Айкелдер боюнча сынакты белгилүү сүрөтчү Баястан Батырбаев утуп алган. Комплекстин арка- дарбазасы жакында курулуп башташы керек. Бак-шактуу, “Ботогөз булак” жайгашкан, жазуучунун чыгармаларынын каармандарына арналып тургузулган ачык асман алдындагы айкелдердин галереясынын тегереги да көрктөндүрүлүп, ажайып жайга айланмакчы.

К.ИМАНКУЛОВ