Мигранттар: Чыңгыз жалгыз эмес

Москвада жашап-иштеп жаткан элүүгө жакын кыргыздар жол кырсыгына кабылган Чыңгыз Анарбек уулун колдоп, Кызыл аянтта флешмоб өткөрүшөт. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарада кыргыз мигранттары орусиялык жана чет өлкөлүк жарандардан төрт тилде кечирим сурайт.

«Чыңгыздын окуясы кокустук болду. Албетте, күнөөсү бар, бирок бактыбызга жараша адам өмүрү кыйылбады. Биз баарыбыз аны колдошубуз керек. Москванын сааты менен кечки жетиде борбордук аянтка чогулуп, жигиттер калпак, кыздар болсо кыргыз оймолору бар чыптама кийип алып, жергиликтүүлөрдөн жана коноктордон кечирим сурайбыз. Бул учурда эл футбол оюндарынан эс алып, көпчүлүк аянтка чогулган болот. Кечирим суроо иш-чарасы төрт тилде болот: англис, орус, испан жана кыргыз. Ал эми унаа кырсыгынан жабыр тарткан сегиз жарандын өздүгүн, кайда экенин тактап жатабыз, табылып калса, аларга дагы кечирим сурап барабыз», -деди Би-Би-Сиге уюштуруучулардын бири, кыргыз мигранты Азизбек.

Кыргыз мигранты АзизбекСүрөттүн автордук укугуSOCIAL MEDIA
Image captionКыргыз мигранты Азизбек

Буга чейин Чыңгыз Анарбек уулуна акчалай жардам чогултуу аракети да башталып, учурда Кыргызстандагы, Орусиядагы кыргыз жарандары салым кошууну улантууда.

«Атайын кайрымдуулук коомунун жардамы менен акча топтоо активдүү жүрүп жатат. Бүгүн Москвага Чыңгыздын апасы келет экен, аялы жана бир туугандары ушул жакта. Акча чогулгандан кийин жардам иретинде аларга берели деп жатабыз», -деди «Kg-Rus» коомунун мүчөсү Асел Лабаева.

Элден жыйналган каражат Чыңгыздын окуясы боюнча адвокат жалдоого, жакындарынын жол чыгымдарына жумшалат.

"Kg-Rus" коомунун мүчөсү Асел ЛабаеваСүрөттүн автордук укугуSOCIAL MEDIA
Image caption«Kg-Rus» коомунун мүчөсү Асел Лабаева

Өткөн аптада Орусияда иштеп-жашап келе жаткан кыргыз мигранты, 28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу унаасын башкара албай, жол боюндагы бир нече адамды сүзүп кеткен. Маалыматтарга ылайык, кырсыктан сегиз адам жабыр тартып, эч ким каза тапкан эмес.

Шаардын полициясы окуя боюнча дароо эле кылмыш ишин козгоп, шектелип жаткан Чыңгыздан сурак алган.

Сурак учурунда ал 20 саат бою уктабай иштеп жүргөнүн, буга байланыштуу жолдо уктап кеткенин жана «тормоздун» ордуна «газды» басып алганын айткан.

Чыңгыздын сүйлөп жаткан видеосу интернетке тарагандан кийин миңдеген кыргыздар Чыңгызга боор тартып, жардам көрсөтүүдө.

Жалал-Абаддык Анарбек уулу Чыңгыз буга чейин бир дагы кылмыш жообуна тартылган эместигин облустук милиция кабарлоодо. Ал активдүү иштеп, спорт менен машыккан дешет жакындары.

КРдин ММА жана Панкратион федерациясынын Орусиядагы өкүлү Улан Кошматовдун жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде, Чыңгыз былтыр эле Сочиде өткөн панкратион боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду ээлеген. Андан башка дагы мелдештерге такай катышып келген.

Булак: https://www.bbc.com/kyrgyz/44516846?ocid=socialflow_facebook