Өткөн жылдын программалары 90 пайызга аткарылган

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 14-июнда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Өкмөттүн 2017-жылдагы аткарган иши тууралуу отчет берди. Премьер-министр өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, Өкмөттүн отчеттук мезгилдеги ишмердигиндеги  жетишкендиктери,  артыкчылыктары жана көйгөйлүү жагдайлары тууралуу баяндама жасады.

— 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Ишеним жана биримдик» жана «Жаңы доорго кырк кадам» программаларынын негизинде иш жүргүздү. Программалардын аткарылышы 90,1%ды түздү. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын бир катар эл аралык рейтингдердеги көрсөткүчтөрү жакшырды. Деген менен, «Бизнести жүргүзүү» көрсөткүчүндө биз эки позицияны жоготуу менен 75-орундан 77-орунга түштүк. Буга «Электр энергиясына кошулуу», «Салык администрациясы», «Келишимдерди аткарууну камсыздоо» компоненттеринин төмөнкү көрсөткүчтөрү таасирин тийгизди.

Ошондой болсо да, 2017-жылы «Төлөмгө жөндөмсүздүктү чечүү» 11 позицияга жана «Кредит алуу» 3 позицияга жакшырды. Кыргыз Республикасы экономикалык эркиндик рейтинги боюнча өз позициясын жакшыртып, 89-орундан 78-орунга көтөрүлсө, глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүктө 9 позицияга жогорулады. Индикаторлордун жогорулашы макроэкономикалык туруктуулукка жана финансылык рыноктун өнүгүүсүнө жараша мүмкүн болду, – деди өкмөт башчы. Ал эми 2017-жылдын негизги макроэкономикалык жыйынтыгы – экономикалык өсүштүн оңдуу динамикасы жана анын туруктуулугунун сакталышы болду. Экономикалык өсүш 2017-жылы 4,6% түзүп, болжолдуу көрсөткүчтөн 1,1% га жогору болду. Мында ИДП 521 миллиард сомду түздү.

Мындан тышкары, жан башына карай ИДП 1178 ден 1272 АКШ долларына чейин жетип, 8% дан ашуун жогорулады. Экономикалык өсүш экономиканын бардык тармактарында камсыздалып, ал эми өнөр жайдагы реалдуу өсүш 11,5% түздү. Премьер-министр Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдин алкагында аткарып жаткан иштери боюнча төмөнкүлөргө токтолду. Өлкөбүз Евразия экономикалык биримдигине кирген соң биздин жарандардын иштөө шарттары кыйла жакшыра баштаган. Жарандарыбыз иштегени барган өлкөнүн жарандары менен бирдей укукка ээ болушту. Кыргыз Республикасынын жарандарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө барган өлкөлөрүндө социалдык жана медициналык тейлөө жеткиликтүү болуп калды. Жумушка орношкондо алардын квалификациясы жөнүндө документтер толугу менен таанылат.

Эске салсак, 2017-жылы ЕАЭБга кирген өлкөлөрдөн республикага акча которуулардын көлөмү 24%га көбөйүп, алардын жалпы суммасы 2,4 млрд АКШ долларын түзгөн. Учурда ЕАЭБ алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн 18 сектору боюнча либералдаштыруу планы ишке ашырылууда, алар боюнча бирдиктүү рынок 2019-2021-жылдарда иштеп баштайт. Премьер-министр М.Абылгазиев отчет берүүнүн жүрүшүндө аймактарды өнүктүрүү чаралары тууралуу айтып берди. Ал КР Президентинин 2018-жылды “Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялоосунун алкагында кичи шаарларды жана айылдарды өнүктүрүү Өкмөттүн “Биримдик, ишеним, жана жаратмандык” программасында артыкчылыктуу багыттардын бири болуп аныкталганын баса белгиледи.