Шайлоого эртелеп шайма-шай болгон туура

13-июнда Президент Сооронбай Жээнбеков КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды.

Анда шайлоо системасын реформалоо жана өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын мындан ары жакшыртуу боюнча милдеттер талкууланды. БШКнын төрайымы Н.Шайлдабекова КРнын шайлоо системасын жакшыртуу боюнча жумушчу топтун ишинин аралык жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. «Жумушчу топтун топчолорунун отурумдарынын жыйынтыктары менен КРнын 2018 — 2020-жылдарга шайлоо жөнүндө мыйзамдарды жакшыртуу стратегиясынын долбоорунун миссиясы, көз карашы, көйгөйлөрү жана стратегиялык максаттары иштелип чыккан», — деди ал.

Ал стратегиянын долбоору бардык аймактарда талкууланганын, июндун аягына чейин коомдук талкууга коюларын да белгиледи. Андан кийин долбоор өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин кароосуна киргизилмекчи. Президент шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча жумушту ыкчамдатууга басым жасап, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу коркунучтарын азайтып, элдин шайлоого болгон ишенимин жогорулаткан өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экендигин белгиледи.

«Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү алдын ала кийинки шайлоого чейин киргизип, шайлоого катышуучуларга түшүндүрүү зарыл. Партиялар жана шайлоочулар аны менен кылдат таанышып чыгып, шайлоого пландуу даярдана башташы керек. Бул элдин шайлоо системасына карата ишенимин калыптандырат», — деди ал.

Маалымдама:

КР Президентинин 2018-жылдын 20-марттагы жарлыгына ылайык, жаңыланган жумушчу топтун курамына 2018-жылдын 1-июлунан кечиктирбей КРнын шайлоо жөнүндө мыйзамын жакшыртуу стратегиясынын долбоорун жана ошондой эле стратегиянын алкагында шайлоо жана башка мыйзамдарды мындан ары жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгып, өлкөнүн Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин кароосуна киргизүү милдети тапшырылган.