Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине «стимул». Ал эмне?

 Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин маалыматына караганда, аталган мамлекеттик орган 25 жылдан бери иштеп келе жатат. Азыркы тапта 340 кызматкер, 150 опер кызматкер, 84 тергөөчү бар. Бирок алардын ишин жөнгө салуучу мыйзам жок. Депутаттардан келип түшкөн сунуштардын негизинде “экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик орган” деген сөздүн ордуна “ыйгарым укуктуу орган” деп өзгөртүү кабыл алынган. Экономикалык кылмыштуулуктун бетин ачуу менен өндүрүлгөн каражаттардын 30%ын бул кызматка берүү маселеси талаш жаратууда. Депутат Д.Бекешев мамлекеттин каражаттарын жогорудагыдай кызматтарга стимул катары берүүгө каршылыгыy билдирди. Ал эми депутат М.Жээнчороев бул кызматтын кызматкерлеринин айлыгын татыктуу деңгээлге көтөрүп берүү, андай болбосо өндүрүлгөн каражаттан стимул катары берүү зарыл деген пикирин айтты.