Студенттерге социалдык кредиттер…

“Билим берүү жөнүндө” мыйзамга жогорку билим алууда социалдык кредиттерди берүү тууралуу өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда.

Демилгечилердин бири депутат Аалы Карашев башында мыйзам долбоорунда жогорку билим алууга жеңилдетилген кредиттер деп белгиленген болсо, азыркысында жалпылаштырып, жогорку билим алууга зарыл болгон социалдык кредиттер болуп өзгөртүлгөнүн белгиледи.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, анда 2019-жылдын 1- январынан баштап жүзөгө ашырыла баштайт. Билим алуу максатында берилүүчү кредит алгач 500 студентке деп болжолдонсо, азыркы эсепте 2000 студентке ылайыкталып эсептелип чыккан. Алардын муктаждыктарын жабууга алгач 3,5 млн. сом талап кылынат.