«Коопсуз шаар» менен «Акылдуу шаардын» эмне айырмасы бар?

Жогорку Кеңеште «Акылдуу шаар» долбоору менен «Коопсуз шаар» долбоорунун эмне айырмасы бар деген суроо жаралып, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Коопсуз шаар» долбоору «Акылдуу шаар» долбоорунун бир бөлүгү болуп санала турганын, ал анын 10 пайызын түзөрүн билдирди.

Учурда, Бишкек шаарынын көчөлөрүндө тестирлөө иретинде 4 видеокамера орнотулган. Ал эми быйыл күздөн тарта борборубузда атайын видеокамералар орнотулуп, «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштайт. «Коопсуз шаар» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесинин документациясы 18-июнда толугу менен даярдалып бүтөт. Азыркы тапта өкмөт өнөктөштөрдү из- деп жатат.