Футбол-2018: Россия 3-1 Египет

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында үй ээлери — Россия курама командасы тайпалык оюндарда Египетти 3:1 эсебинде жеңип,  “А” тайпасында 6 упай менен алдыга чыкты. Ушул эле тайпада 3 упай менен Уругвай курама командасы экинчи оорунда, ал эми Сауд Арабия жана Египет командаларынын упайы жок.

“А” тайпасындагы экинчи жуп Уругвай менен Сауд Арабия курама командалары бүгүн беттеш өткөрүшөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча кечки саат тогузда башталат. Буга чейин Уругвай Египетти утса, Саудия орустарга ири эсеп менен жеңилген.