Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»

Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Кызмончок көзүн ачканда ата-энеси эчак туруп кеткен болчу.

Терезеден кыйгач тийген күн нурунан көзүн ала качып, ары оодарыла берген кыз баш жагында өзүн тиктеп, ойлуу жаткан жыланды көрдү. Бетин жаап, жарымы жаздыгында жайылган саамай чачынын арасынан көздөрүн балбылдатып, кыз да аны карап жатты…

Кенедей кездеринен берки бул экөөнүн ынактыгы бирок чегинен ашып, кандайдыр бир чиеленип, татаалданып баратканын барган сайын Кызмончок туйчу болгон. А бирок эмне болуп жатканына өзүнүн да акылы айран. А бирок анын жыланга болгон мамилесинде, буга чейин ашыкча деле эч нерсе жок болчу! Ал аны адегенде башка эч кимге, эч нерсеге окшобогон, ар дайым ою менен болуп, кыймылдап-сойлоп турган, оозу, көзү бар оюнчук катары жакшы көрсө, кичине эс тарткандан тартып, акылы адамдыкынан ашса ашып, акыры кемибеген аң-сезимдүү макулук катары, а кийин ишенимдүү жолдош, дос катары билчү. Кичине кезинде «жылан» дегенге тили келбей: «Жан… жан…» – деп жүрүп, кийин да аны ушинтип атап калган.

Бирок бара-бара Жандын мүнөзү өзгөрүлүп, башкача боло баштады. Баягыдай көздөрүн ойноктото тиктеп, шайдооттонуп, шоктонбой, оор басырык тартып кетти. Карашы да баягыдай баёо эмес, эмнегедир ойлуу дагы, сырдуу да. Алда нени айткысы келип тургандай обдула түшүп, бирок кайра эле бат көздөрүн ала качып, жалтактап кетет. Ошондон уламбы, акыркы убактарда Кызмончок да өзгөрдү. Баштагыдай болуп, болгон дүйнөсүн төгүп божурап, бооруна кысып эркелетип, төгүлүп-чачыла албай, сөздүн ток этээр жерин гана айтып, токтоо мамиле кылат. Баягыдай эч капарсыз, баео, кирсиз мамилени самап, эмнегедир бук болуп да барат. Ичинде Жандын өзгөрүлө баштаганына таң калып да, таарынып да, анын телмире  карап калган көздөрүнөн табышмактуу бир нерсени байкап, а бирок ошол оюнан кайра өзү коркуп кетчү…

Бул сапар экөө тең бири-биринен көздөрүн тартып алууга эрки жетпей, бири-бирин нес боло тиктеп, ой алышып жатышты. Кенедейинен адамдарга аралашып, аларга жедеп жыты сиңишип калган жылан, айбандыгы эле болбосо алардын жашоосу, тили түгүл салтын да жатка билет. Бир гана үн чыгарып сүйлөгөнгө кудурети жок. Анткен менен Жандын тилин Кызмончок билет. Анын эмнени айтып жатканын, атүгүл айтылбай жаткан оюн да көздөрүнөн окуй алат. Бул анын жылан менен бирге өскөн он жети жыл ичиндеги табылгасы! Ушу азыр да жыландын көздөрүндөгү кандайдыр бир муңга толгон, ыйы дагы, бактысы дагы аралаш телмирген бир тереңдик аны өзүнө оп тартып, каратып турду. Ал жыландын бүт дүйнөсүн кадимкисиндей туюп, эмнегедир денеси ымыр-чымыр боло, көздөрү караңгылай, өмүрүндө адам баласынан да көрбөгөн, буга чейин туйбаган, эмне экени өзүнө да али белгисиз бир сезимден жалтайлап, сүрдөп кетти!..

Жыландын да денеси диртилдеп, жандүйнөсүнө жашырган улуу сыры тулкусуна батпай кеткен сыяктуу оор онтоп алды да:

– Мен сени сүйөм, Кызмончок!.. – деп айтып алганын өзү да байкабай калды.

– ?!. – кыз эмне дээрин, эмне кылаарын билбей апкаарып калды! «Мен эмне болуп турам? – деди оюнда өзүн-өзү алдап, жооткотуп, – Ал мени досу катары, курбусу катары айтып жатпайбы!.. А мен…» Жылан да каректерден ой окушту билет эле…

– Жок, Кызмончок! – деди. – Мен эми жөн эле дос катары эмес, өзүмдүн айбан, сенин адам экениңди унутуп, Жараткандан келген ыйык сезимим, бүткүл жандилим менен сүйүп, өзүмдү башотум менен өзүңө тартуу кылып турам!!!

Жандын кадала караган каректериндеги ушундай жазуулардан соң, Кызмончок көздөрүн жумуп ийди да, көпкө чейин ачпай: «Жок! Жок! Жан – адам эмес да! Анчалык арзып, адамды адамча сүйгөнгө анын акысы жок! Мен чын эле жаңылышып окудум окшойм!.. Ооба, ылайым эле жаңылыш болсо экен?! Ооруп калсам керек да…» – деп ичинде кыйсыпыр түшүп, жүрөгү да кабынан ыргып кетүүчүдөй лакылдап, кара терге чөмүлө, кыйналып кетти. Жылан болсо жандилинде эмне болсо, ошонун баарын жаналакетке түшө төгүп-чачып, ачыкка чыгарып алды:

– Мени кечир, Кызмончок?!.. Эгер сенин жүрөгүңдү оорутуп, көңүлүңдү иренжитсем, кечир?! Бирок мен…

– ?..

– Эсиңдеби, сен мени дайым: «Айбандарга окшобогон башкачасың. Акыл-сезимиң тунук. Адамдайсың!» – дечүсүң. Сен муну сыймыктанып да, мактанып да, таң калып да, чын дилиңден айтар элең. Мен ансайын сени сүйүнткүм, бүтүндөй адамзатты айран таң кылып, жаңылык жасап ийгим келчү! Барган сайын өзүмө эмес, сага окшогум келчү! Адамга айлангым келчү! Ааламды аңтара таанып, адам менен айбандын аралыгындагы ажырымды кошкум келчү! Бирок ошол учсуз-түпсүз максаттарым эч качан аткарылбастыгын билип-билбей, эми деле кимгедир, эмнегедир ишене берет элем! Бирок ушул башкачалыгым качандыр бир өзүмдү азапка саларын кайдан билипмин?!

– ?..

– Менин акыл-эсимдин, ой-максаттарымдын, сүйүүмдүн, мындан аркы тагдырымдын Кудайы – өзүңсүң!

– ?.. Кызмончок жыландын ыйын ичине жутуп, балбаалап ыйлап турганын көрдү да, балтыр бешик кезинен бирге ойноп, бирге өсүп, жыт сиңишип калгангабы, айтор… Эмнеси болсо да аны аяп да, түтпөй да кетти! Анын аянычтуу тигилген, кудум чексиздиктей мелтиреп, тунуп турган акылдуу көздөрүнөн көздөрүн тартып алды да, оюнда: «Сүйсө эмне экен?! Эмнеси жаман?! – деди өзү менен өзү сүйлөшүп, – Айткандай эле, анын айбандыктын чегинен ашып, өзүн адам баласына окшотууга умтулуусуна себепкер өзүм болгон соң, эми бул ирээт кайпактаганым чекилик болор! А бирок… эмне дешим керек?!» – ушул суроого келгенде какап калды. Бирок кандай болгон күндө да бул кыйын кырдаалдан чыгыш керек эле! Не дейт?… Кызмончок жыланга «жалт» карап, күлүп жиберди.

Кыздын «жарк» эткен жарык маанайынан улам үйдүн ичи жарык болуп, жылан да бир башкача шайдооттоно түштү. Бир колу менен жаздыгын кучактаган кыз, экинчи колун жыланга карай сунду. Жылан ысык алаканга башын койду. Алакандын ысыгы жыландын муздак денеси ылдый жыбылжып, өзүнөн башка эч бир жылан сезбеген бөтөнчө бир ырахаттуу, сыйкырду сезимге Жандын башы айланып баратты!.. Ар бир жолу ушундай кезде Жан өзүн адамга кубулуп бараткандай сезчү! Ошондуктан ушул учурдун узакка, өтө узакка созулушун каалачу! Атүгүл Кызмончокту жаратман сыйкырчыдай туюп кетчү. Адам баласынын акыл-сезимдүү эле эмес, жокту бар кылып ийчү кудуреттүү экенине ишенгиси келчү, ишенчү! Бала кезинде болсо, элден уккан имиштерден улам: «Кызмончок кайсы бир кереметтүү күнү жыланга кубулат», – деп ишенчү. Бара-бара, айлана-тегеректи улам арылап аңдай баштаган кезден тартып, мунун мүмкүн эмес экенине ынанып, эми Кызмончок үчүн өзү адамга кубулууну эңсечү болгон! «Андай кереметти жаратууга мен эле эмес адамдын, атүгүл Жараткандын да кудурети жетпес болсо… андан ары эмне болот?!» – деди эми оюнда Жан. Макул, анын Кызмончокко болгон сүйүүсү жан чыдагыс! Чексиз! Чыныгы! Бирок Кызмончок анын сүйүүсүн кабыл алды дейли, андан ары эмне болот?! Эмне менен башталып, эмне менен бүтөт?!. Ушуну ойлогондо жооп да, жанын коёрго жай да таппай кетти. Бирок ага азыр Кызмончоктун ачууланбай, жек көрбөй, кадимкидей каректерин жоодуратып, жайнай караганы эле канча?!. Ушул саам да ага кадимкидей эркелеп, эркелетип, көкүрөгүнө башын жөлөп, анын дем алганын, жүрөгүнүн кагышын жакындан укусу, андан ары денесине оролуп ойногусу келип, делөөрүп кетти… Бирок ошонусун сезе койгон Кызмончок алаканындагы жыландын башын экинчи алаканы менен адатынча эркелетип, акырын-аста сылаган болуп, жерге коюп койду да, туруп кийине баштады.

Жер чийип, шуудураган ак жибек көйнөгү тал чыбыктай буралган кыздын ажарын ого бетер ачып, кундуз чачы согончогу ылдый куюлуп, эки бетинин тамылжып, албырганы ансыз деле үлбүрөгөн назик немени ого бетер сулуу кылып жиберди. Жыландын көзүн албай, тикирейип мынчалык тик те генинен биринчи ирет сүрдөгөн кыз чалыштай түшкөн басыгын оңдоп, жүрөгүнүн кабынан ыргып кетүүчүдөй лакылдаганын токтотууга аракеттенди. Ушундай оңтойсуз учурда ата-энесинин үйдө жоктугуна өкүндү. Жана уйку-соонун ортосунда жатып, ата-апасынын Бүбү эненикине кетип жатканын уккан кыз, эмнегедир алардын ылдам келишин каалап, Жан экөөнүн ортосудагы эч качан бүтпөчүдөй сезилген бул ыңгайсыз ирмемдер менен жүрөктү жүдөткөн дүрбөлөң сезимдерден каякадыр качкысы келип турду…

Ал сыртка чыкканда күн кыйла көтөрүлүп, чокусун ак кар, көк муз басып, асман менен айкалышкан алп тоолорго, ай ааламга алтын нурун төгүп, чачырап тегиз тийип турган. Ошол тоо тараптан соккон сыдырым жел Кызмончоктун саамайларын дирилдетип, ичи-койнун аралап, кандайдыр бир жагымдуу ичиркентип, сергитип жиберди. Көкөлөп учуп кетүүчүдөй көөдөнү өрөпкүп, көңүлү серпиле түшкөн кыз түрмөктөлүп, каякадыр сапар тартып баратышкан булуттарга көпкө чейин умсуна, узата карап турду да, апкөчүн ийинге салып, булакты көздөй кетти.

(Уландысы бар)

Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп): 1 комментарий

Комментарии запрещены.