Милиция бөлүмүнөн бычыкталган Бурулайдын өлүмүнө шектүү адам абакка камалды

Ала качууга дуушар болуп, кийин милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө шектүү жаран тергөө абагына киргизилди. Бул туурасында Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, буга чейин шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып эки айга камоо чечими чыккан. Ал ооруканада жаткандыктан абалы жакшырганга чейин кайтарууга алынган болчу. Эми Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилгени белгилүү болду.

«Шектүү адам уурдоо жана адам өлтүрүү беренелери боюнча айыпталууда. Ал эми кызды ала качууга катышкан 30 жаштагы киши адам уурдоо беренеси менен №1 Тергөө абагына камалган», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 28-майдын түнүндө Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган. Кандуу окуя Кыргызстандагы кыз-келиндердин укуктарынын сакталышын, кыз ала качуу маселесин күн тартибине койду. Президент Сооронбай Жээнбеков бул окуяны иликтеп чыгууну тапшырган.

Кызматтык иликтөөдөн соң Чүй облустук милициясынын башчысы баш болгон 20дан ашуун кызматкер иштен алынган.