Нариман Түлеев & Данияр Нарымбаев: 1:1…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Нариман Түлеевди окурмандарга тааныштыруунун  кереги  жок. Бакиевдердин ташы өргө кулап, Жаныш менен Максим бакылдап турганда, Нариман Ташболотович Бишкек шаарынын мэри болгон. Кандайча мэр болуп калганы тууралуу жакында эле ачыктап, арадай жерде чарадай сөз кылды. Көрсө, ал Бишкек шаарынын мэри болуу жөнүндө таптакыр эле ойлобоптур. Ойлонбогон соң, аракет да кылбаса керек. Окуянын төркүнү мындай болуптур. Бишкекке мэр болууга кадр таппай карайлаганбы, же жумушсуз жүргөндө Н.Түлеевден көйнөк үчүн кээде-кээде алып койчу акчаларын актагысы келгенби, К.Бакиев Түлеевди Москвада жүргөн жеринен издеп таап, чартердик самолет менен болсо да, учуп кел деп жалына суранып жигиттик кылыптыр, бирок Нариман мэр болууга көңүлдөнбөй, Москвада бир жума жүрүп алыптыр. Эмнеси болсо да, Нариман мырзанын Москвада бир жума жүрүп алганы айта жүрчү окуя экен. Эгер, анын ордунда башка бирөө болсо Бишкектин мэри болуу үчүн, чуть ли мамлекет башчысын «атакелеп» этегине чап жабышмак.

Калыстык үчүн айтып коюу керек, мурда-кийинки  мэрлерге  салыштырмалуу  Н.Түлеев  жаман  иштеген  эмес. Анын тушунда шаардын бюджети өскөн. Жаңылбасак, шаардык бюджеттен шаар жолдоруна акча каралып, Түштүк магистраль сыяктуу чоң трассалар салынган.Бакиев тушунда борбор калаанын мэри болгусу келбей жатып, араңдан зорго ыкка келген Н.Түлеев Бишкек шаарына кайрадан мэр болгусу келип жатыптыр деп угуп жатабыз. «Эгер шаардыктар колдосо, мэр болууга даярмын», – дептир кайран киши. Бул имиш эмес, чындык болуш керек. Себеби, акыркы айларда Нариман мырзанын буга чейин белгисиз «таланттары» ачыла баштады. Уккан кулакта жазык  жок,  айрым  маалымат  булактары: «Ишкер Нариман Түлеев Чолпон Жакупованын энесин акыркы сапарга узатуу зыйнатына барып, куран окуткан жерде президенттик аппараттын экс-жетекчиси Данияр Нарымбаевдин мурдун канжалата сабап салды» деп жазып жатышат. Өзү болсо: «Нарымбаевдин мурдун канжалата сабады», – деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул журналисттердин көбүртүп-жабыртып тараткан маалыматы. «Мен болгону салам бербей, сөгүп кеттим. Нарымбаев учурашууга татыксыз адам», – деп бул окуяга түшүндүрмө берсе, Данияр Нарымбаев: «Түлеев ар дайым калп айтып, арзан пиар кылып эле басып жүрөт. Мен чынында  арзыбаган  талашка  аралашып, Түлеевдин арзан пиарына катышкым келбейт. Биринчиден, ал эмес, мен саламга кол сунбадым. Ал жерде турган адамдар менен гана учураштым. Учурашкан адамдар менен сүйлөшүп турганымда Тулеев мага бурулуп, кыска сөз сүйлөп, мени чаап жиберди», – деп окуянын башкача нукта болгонун ачыктады.

Эми бул окуя боюнча Нариман мырза калп айтып жатабы же Нарымбаев өтүрүк айтып турубу, бул элүүдөн ары эңкейген эки «жигиттин» ортосундагы маселе. Баса, үстүбүздөгү жылдын апрель айында эле Н.Түлеев СДПКдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Сталбек Молдалиевди «төпөштөп» койгону тууралуу маалымат тарап, Н.Түлеев Молдалиевге колум тийген эмес, болгону оозеки айткам дегени эсибизде.

Бийликке муштуму катуу, жетекчилерди кийиз казыктай жерге киргизе каккан катуу кол керек деп жүрбөйбүзбү, андай болсо, Бишкекке мэр болчу «кадр» өсүп, жетилип калыптыр.