Интерполдун издөөсүндө жүргөн чет элдик жаран кыргыз паспорту менен кармалды

Мамлекеттик каттоо кызматы эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаранга кыргыз паспортун бергени аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө карганда, Жалал-Абад облусунун Сузак райондук калкты каттоо жана паспорт бөлүмүнүн кызматкери 2014-жылы Тажикстандын эл аралык өздөөдө жүргөн Низомхон Жураев аттуу жаранына жалган ысым жазылган паспорт жасап берген.

Ал документтин негизинде Жураевге 2017-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан жаңы паспорт берилген. Өз мекенинде оор кылмыш жасагандыгы үчүн Интерполдун издөөсүнө алынган бул кишини былтыр Украинада кыргыз паспорту менен кармашкан.

Аталган факты боюнча ИИМ менен Башкы прокуратура КРдин Кылмыш жаза кодексинин 350 (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу), 304 (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренелери (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш ишин козгоду.

Анын негизинде Жалал-Абад облусунун Сузак райондук калкты каттоо жана паспорт бөлүмүнүн кызматкери убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.