Какшык-казан: Сүйүнчү, генерал Түркияда экен…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


«Отпетый», «матёрый» кылмышкерлердин сары изине чөп салып, чээнге кирип кеткен жеринен болсо да таап чыгып, коррупция жана криминалдарга каршы күрөш жарыялаган ички иштер министрлиги таламандын так түшүндө Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаровду таппай калса болобу. Анан жоголгон генерал тууралуу маалымат каражаттарында, «качып кетиптир» деген кабар тарап, Аскарбек Шадиевден кийин куйругунда калбыры барлардын баары четинен кача баштады деп ойлоп калганбызбы, ал тууралуу ар кандай кептер айтыла баштаган. Ошондон соң гана, ал өзү ИИМ менен байланышып: «качкан жокмун, кайра келе турган билетим бар, эгиз балдарымды, байкемдин кыздарын эс алдырганы баргам, бүгүн түнү учуп келем, эртең жумушка чыгам», – деп кабарын билдириптир. Көрсө, жигиттин гүлү Түркияда эс алып жүргөн экен.

Анда маселе жок. «Кулча иштеген адам хандай эс алыш керек», биз анын Түркияда эс алганына кылдай каршылыгыбыз жок. Болгону ушерден тактап койчу бир нерсе бар, качан да болсо Ички иштер министрлиги жана анын кызматкерлери: «айлыгыбыз аз, мамлекет биздин эмгегибизди татыктуу баалабай келатат» деп эле наалып келатышат. Эгер ошол аз айлык менен Түркияга барып, 30 күн эс алууга болсо, анда «өкмөт менен партия» ИИМге аябай камкордук кылып келатканы ошол. Дагы бир тактачу маселе. 2016-жылдын башында министрдин орун басары болуп дайындалып, 2017-жылы мурдагы президенттин колунан генерал-майор наамын алган Д.Абдыкаров ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун айтымында, эмгек өргүүсүндө болсо да, сыртка чыгыш үчүн министрдин уруксаты гана эмес, өкмөт тарабынан дайындалгандан кийин Өкмөттүн да уруксаты керек экен. «Республика – Ата Журт» фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат, экс-ички иштер министри Зарылбек Рысалиев: «Мен Абдыкаровду жакшы билем. Уруксатсыз кетип калганы туура эмес. Тартип деген болуш керек», – дейт.

Ии, баса ИИМдин атын айткысы келбеген кызматкерлеринин Д.Абдыкаровго дооматы арбын экен. Маалымат каражаттары аны экс-министр Улан Исраиловдун эң ишенимдүү адамы катары сыпаттоо ме-нен, кадр маселесин чечүүдө башкы ролду ойногонун айтып жатат.

Жоголгон  генерал  табылды,  Данияр Абдыкаров: «Мен андай ойдон чыгарылган нерселерди жаза берген гезиттерге эч кандай жооп бербейм. Менде бирөө-жарым менен талашып-тартышып, актангыдай себеп жок», – деп калчу эле, генерал өзүнүн ысымы менен байланышкан аты кадр саясаты боюнча нааразылык, арыз-дооматтарга карата суроолорго жооп  бергиси  келбесе  да,  эмне  үчүн Түркияга  Өкмөттүн  жана  министрдин уруксатысыз кетип калганын, эгер ИИМде маяна аз экенин эске алсак, Түркияда кимдин  эсебинен  эс  алганына  жалпы коомчулук алдында түшүндүрмө берет деген ойдобуз. “Честь мундира” көчөдө калган түшүнүк эмес.

P.S. Жоголуп кетип, Анталиядан табылган генерал ИИМ министринин орун басарлык кызматынан кетти, бирок, анын дарегине карата айтылган нааразылыктар боюнча дооматтар жоопсуз кала берди. Генералдын табылганына сүйүнүшкөнбү, уруксат сурабай туруп, Түркияга кетип калганына ички иштер министрлиги көз жумуп койгондой. Түркияга кимдин акчасына барды, же кыргыз генералдарынын баары байбы деген суроо да ачык бойдон калды.