Журналист, ишкер Эмилбек МОМУНОВ: «Тоок чарбасы – тез көтөрүлчү бизнес»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


“Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей калемдешибиз Эмилбек Момунов үч жылдан бери жумуртка багытындагы тоок бизнеси менен алектенет. Эмилбектин ушул бизнестеги тажрыйбалары, сырлары тоок багууну максат кылып жүргөн жарандарга пайдасы тиет деп ойлойбуз.

– Эмилбек, бир эле учурда журналисттик кызмат менен бизнести айкалыштырууга кантип жетишип жатасың?

– Адамдын калыптанып өсүшүнө бала кездеги тарбиянын таасири чоң. Раматылык атам өмүр бою Лейлек районунун Кара-Булак айылынын мектебинде мугалим, директор болуп иштеген. Совет мезгилинде жыл сайын кызылча эгиле берип, жер кыртышы деградацияланып кеткенде, атам өндүрүштүк бригаданы жетектеп ашкабак эккен. Ошондо атамдын ашкабактарынын салмагы 50 кг чейин жетип, союзда рекорд койгону эсимде. Мага атамдын мектепти да, чарбаны да айкалыштыра жетишип иштеген жашоо образы таасир этсе керек деп ойлойм.

Беш балам бар. Экөө студент, экөө мектепте окуйт, көкүрөк күчүгүмө он ай болду. Балдар чоңойгон сайын маянадан тышкары кошумча каражат табуу талабы келип чыгат экен. Төрт жыл мурда келинчегим экөөбүз Бишкектин Ак-Тилек конушундагы инимдин чоң сарайында козу карын өстүрүп көрдүк. Ал бизнеске мен 8 000 доллар каражат салгам. Козу карын үчүн кышкысын күнөсканада 20 градус жулуулук сакталып туруусу керек. Ошол эле учурда нымдуулуктун туруктуу кармалуусу шарт. А бул жерде кышкысын электр энергиясынын тартыштыгынан үч фазага туташтырууга уруксат беришпей, бир кыйла кыйынчылыктарга кептелдик. Ушул себептүү козу карын бизнесин убактылуу токтотуп койдук. Ал жылы кетирген чыгымды толук актай албай калганыма өкүнгөн жокмун. Адам бир ишти баштаганда кетирген катадан да тажрыйба топтойт эмеспи. Буюрса, козу карынды кайрадан улантайын деп жатам. Анткени, ага талап аябагандай көп. Айлана-тегерегибизде жашаган кардарлар козу карын сурап келе берүүдөн тажашчу эмес. “Козу карынды кыргыздар да өстүрө алабы?”, – деп таң калышып, азыркыга чейин сурай беришет. Ал түгүл ишенбей үйгө чейин келишип, текшерип кеткендери да болду. Европалыктар, түркиялыктар козу карында холестерин болбогондуктан ден соолукка пайдалуу тамак катары көп учурда эттин ордуна колдонушары бекеринен эмес.

– Эми тоок багуунун сырлары менен бөлүшсөң?

– Үч жыл мурда Бишкекке Голландиядан тоок чарба багытындагы ишкер келип, атайын окууларды өткөрө баштады. Окуу акысы 5000 сом болчу. Келинчегим экөөбүз тең окууга катыша баштадык. Түшкө чейин теориясын окуп, түштөн кийин тоокканада практикалык иштерди өтчүбүз. Анын “Туңгуч” кичирайонунун аймагында жем иштетүүчү ишканасы бар. Ошол жерден биз такай анын үч айлык балапандарын жана жемин сатып алып турабыз. Ал жерде атайын ветеринары бекер консультация берет. Тооккананы куруудан баштап, гигиеналык эрежелерди сактоогочейинки процесстердин баарын үйрөтүшөт. Жайкысын тооккананын терезесин ачып коюу жетишсиз. Күндүн ысыгы 30-35 градустан өтүп кетсе, тооктор кырылып калышы ыктымал. Тооктун санына жараша желдеткич орнотуп, абанын айланып турушун камсыз кылуу зарыл. Мисалы, 500 тоокко кичинекей желдеткич орнотуп койсоң алар аба жетпей кыйналышат.

Тоок абдан сезимтал канаттуу. Тооккананын ичин кара шыбак боюнча калтырбай, акиташ менен аппак кылып актап койсо тооктордун маанайы көтөрүлөт. Кара-күңүрт жерден кадимкидей көңүлү чөгүңкү тартып турушат. Менин тоокторума муздак суу берүүгө болбойт. Жылуу суу гана жарайт. Анткени, тооктордун бирөөсү ооруп калса, баарына жугуп, бат эле кырылып калуу коркунучу бар. Ушул сыяктуу голландиялык тажрыйбаны үч ай бою окудук. Ошондон кийин бул жерде өзүнүн атайын ветеринары үч айлык балапандардын тумшугун кесип, эмдөөдөн өткөрүп даярдап койгонун сатып алдык. Мунун да өзүнчө мааниси бар. Биринчиден, декалб аталыштагы бул породанын тумшугу чуштугуй болуп өскөндүктөн бирин бири чокулап өлтүрүп коюшу ыктымал. Экинчиден, жем жей албай кыйналышат. Тоокканага кызыл, жашыл кийимчен кирүүгө болбойт. Кызыл түскө чоочуп, ачууланышат. Бир тоок кыйкыра баштаса, калганы аны коштоп чурулдап, тоокканага “митинг” өткөрүп жиберишет. Ошондуктан бул жакка келинчегим да кызыл, жашыл кийимчен кирбей калган. Ак халат кийип гана киребиз. Колуңду тик көтөрүп серпип койсоң деле чурулдап киришет.

Ушул  бизнести  баштаганымдан  бери кеңеш сурап келгендер арбыды. Мен аларга тооккананы саман аралашкан топурак менен сокмо ыкмасында салууга кеңеш берип жатам. Анткени, топурак жайкысын ысыкты, кышкысын суукту өткөрбөйт. Чатырын самандуу сары топуракты аралаштырып куруп, үстүн темир тунуке эмес, шифер менен жапкыла дейм. Анткени, жамгыр жааганда темир калдыраган дабыш чыгарып, тоокторду чоочутуп тынчын кетирет. Тоок бизнесин баштагандан бери менин турмушум “аскердик” тартипке салынды. Короз-тооктор таң азандан адамдарды ойготсо, тескерисинче, мен таң заарынан туруп алып тоокторумду “ойготуудан” тиричилик баштайм. Тооккананын кире беришине суу берүүчү 100 литрлик бочкени орнотуп койгом. Анткени, суу алдын ала жылып турушу керек. Бир суткада үч маал жем беребиз. Саат эртең мененки алтыда туруп жем, суу бергениме 15 мүнөт убакыт кетет. Андан кийин, буйрутма берген кардарларыма жумуртка ташыйм. Түнкү саат 22:00 тооккананын жарыгын өчүрүп, тоокторду таңкы алтыга чейин уктатабыз.

Мындан тышкары, мен эт багытындагы бройлер тоокторун өстүрүүнү көздөп, тооккананы улантып куруудамын. Буюрса, сентябрь айында бройлер тоокторум сатыкка түшүп калат. Үйүбүз турган беш сотых жер тооккананы куруп батырууга да жетүүдө. Эгерде бизнести 200 тооктон баштаймын десеңиз, жалпысынан 200 миң сом каражат керектелет.

– Кирешеси кандай болуп жатат?

– Үч айында алгандарым эки ай баккандан кийин жумуртка бере баштайт. Жумуртка багытындагы тооктордун декалб породасы англисче “кичинекей керемет” деген маанини түшүндүрөт. Ал голландиялыктардын аргындаштыруудан алган породасы. Азыр 300гө жакын тоогум бар. Жумурткадан түшкөн акчанын 60 пайызы кайра эле жем сатып алууга сарпталат. Калган 40 пайызы балдардын окуусуна, тамак-аш, кийим-кечеге кенен жетет. Бул тооктор бир жыл сегиз айга чейин жумурутканы туруктуу бере алышат. Андан кийин алар карый баштап, жемди гана актоого өтүп калышын эске алуу керек. Жай мезгилинде калк жашылча-жемиштерди көп колдонуп, жумурткалардын баасы ылдыйлайт. Күн салкындай баштаганда жумурткага талап көтөрүлөт.

Кыргызстандык ишкерлер канаттуулардын азыктарын сатып өткөрүүдө бир кыйла көйгөйлөргө туш болуудабыз. Себеби, Казакстандан ташылган арзан жумурткалар кыргыз рыногун каптап кетти. Ал жакта мамлекет канаттуулар фермаларын колдоого алган. Андан тышкары, соода жайларында сатуу мөөнөтү өтүп, кыйла арзандатылган жумурткаларды соодагерлер ташып келип жатышат. Мындан жергиликтүү өндүрүүчүлөр чоң зыян тартууда. Тоок бизнесинде бардык түйшүктөн сатып өткөрүү жагдайы оор. Бүгүнкү күндө жемдин 1 килограммын 25 сомдон сатып алып жатабыз. 1 жумуртканын өздүк наркы 4 сом, а мен 7 сомдон сатып жатам.

Мамлекет биздин көйгөйлөрүбүзгө көңүл бөлүп, жакындан жардам берсе деп ойлойм. Чакан жана орто бизнес өлкө экономикасынын 40 пайыздан ашыгын түзүп, өзү менен кошо башка тармактардын көтөрүлүүсүнө салым кошууда. Миңдеген жарандар жумуш орундары менен камсыз болуп, үй-бүлөсүн багып жатышат. Жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн экологиялык таза продукциялары өзүнүн такай кардарларын табуудан соода борборлору өз үстөгүн кошуп киреше табышат. Арпа, буудай, жүгөрү эккен дыйкандар бизге жем өндүрүп берип, агрардык тармактын көтөрүлүшүнө өбөлгө түзүлүүдө. Данды майдалап, балыктын майын же өсүмдүк майын аралаштырып, жем жасаган өндүрүш да туруктуу иштеп жатат. Биз жемдин 1 килограммын 21 сомдон даяр алып жатабыз.

– Кытайлар менен тооктун баш-шыйрагын сатып алуу боюнча келишим түзүлдү деген кабар бар эле.

– Кытайлар тооктун баш-шыйрагын биздин тоок фермалардан сатып алууга даяр. Ушул боюнча мындан үч жыл мурда КЭР менен Кыргызстандын тиешелүү органдарынын ортосунда келишим түзүлгөн болчу. Бирок, ал келишим азыркыга чейин ишке ашырылбай кагаз жүзүндө калып келе жатат. Канаттуулардын баш-шыйрактарын кытайлар чүйгүн тамак катарында жешет. Кыргызстандын канаттуулар фермалары бул ишти кошколдоп колдоп жатышат. Андан тышкары, кытайлар тооктун жүнүн кайра иштетип, куш жаздыктар үчүн пайдаланууну да көздөшүүдө.

Бизде бир чоң көйгөй бар. Айрыкча шаар жеринде тоок бизнеси менен алектенгендер тооктун кыгын кайда ташып төгөрдү билбей кыйналабыз. Кыкты жайкысын төрт ай, кышкысын алты ай бою чуңкурга көмүп таштап, аны кайра иштетүүдөн биогаз өндүрүп, арткан калдыкты органикалык жер семирткич катары колдонууга болот. Мамлекет тоок фермалары менен келишим түзүп, ушул өндүрүштү уюштурса жакшы болот эле.