20 млрд. сомго чукул салык жашырылганы аныкталды

Салык кызматы жыл башынан берки текшерүүнүн жыйынтыгында 19,9 миллиард сом салык жашырылганын аныктап чыкты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери ишкердик субъектилерде 4 миң 817 текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 19 миллиард 969,9 миллион сом өлчөмүндө салыктын төмөндөтүлгөн (жашырылган) суммасы бюджетке кошумча эсептелди. Бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 миллиард 573,2 миллион сомго көп.

Салыктык текшерүүлөрдүн материалдары боюнча сумма 2 миллиард 340 миллин сомду түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 743,3 миллион сомго, же 47 пайызга көп. Жыл башынан бери жалпы кошумча кошуп эсептелген 3 миллиард 569,3 миллион сом өлчөмүндөгү салыктык текшерүүлөрдүн 67 материалы тийиштүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына берилген.