Журналистика санариптик доорго кадам басты

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу»


Учурда коомчулукка маалымат таратуунун жана аны жеткирүүнүн маанилүүлүгү артты. Германиялык банкир-магнат Натан Ротшильддин: «Ким маалыматка ээ болсо, ал дүйнөнү башкарат», – деген учкул сөзү азыркы мезгилдеги эл аралык карым-катнаштарда өлкөлөрдүн лидерликке умтулуу процессине төп келип турат. 22-24-майда Алматы шаарында өткөн «Эволюциянын 15 жылы: дүйнө кантип өзгөрүп жатат, дүйнө бизди кантип өзгөртүүдө» аттуу кезектеги XV Евразиялык медиа форум дүйнөлүк маалыматтык мейкиндиктеги журналистиканын ролун талдап, калемгерлерге багыт берүүсү менен маңыздуу болуп калды. Форумга 50дөн ашуун өлкөдөн келген 600гө жакын мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, саясат таануучулар, серепчилер жана журналисттер катышып, пикир алмашышты.

Негизги баяндаманы Евразиялык медиа форумдун уюштуруу комитетинин төрайымы, саясий илимдердин доктору Дарига Назарбаева жасап, жыйындын максатына, он беш жыл мурда өткөрүлгөн биринчи форумдан берки жана учурдагы жагдайларга токтолду. «Медианын ылдам модернизациялануусу жана санариптешүүсү жалпыга маалымдоо каражаттарына карата жаңы көз караштарды жаратты», – деп комитет төрайымы үч күндүк пикир  алышуунун  ачык,  эркин  болуусун каалаган эле. Төрайым ошентип өбөлгө түзүп бергенден кийинби же мезгил талабы басымдуулук кылдыбы, дүйнөнүн ар тарабынан келген форум делегаттары медиа мейкиндиктин учурдагы көйгөйлөрүн өз өлкөлөрүндө болуп жаткан окуялардын алкагында ачык билдирип жатышты.

Ошондой эле журналисттик чеберчилик сабактарында тажрыйбаларын бөлүшкөн адис тердин жандуу лекцияларыжурналисттердин кызыгуусун жаратты. «Мобилдик журналистикадан социалдык виртуалдуу чындыкка чейин» деген лекциясында англиялык журналист Юсуф Омар смартфон менен кантип жаңылык жазууга  боло  тургандыгын  катышуучуларга  үйрөттү. «Интернеттин жардамы менен жогорку сапаттагы жаңылыктарды социалдык түйүндөргө чыгаруу кыйын эмес», – деп ал өзү жүргүзүп жаткан лекцияны кантип интернет айдыңына чыгаруунун ыкмаларын айтып берди. Эки саатка созулган лекциясын жыйынтыктап жатып ал, чеберчилик сабагын залда отурган эки журналист гана социалдык тармакка жарыялаганын, сабактын танаписинде өзүнөн интервью алган кабарчылардын репортажы интернетке чыкпаганын айтып, бул «окуучулардын» пассивдүүлүгү экендигин  белгиледи.  Баса,  Юсуф  Омар көзайнегине видеокамеранын объективин орноштуруп алганын, лекция окуу менен катар репортаж да тартып жатканын кабардар кылды.

Дагы бир британиялык  журналист, БиБиСи корпорациясында 14 жыл иштеген аскерий репортер  Шахида  Туляганованын  чеберчилик дарсы «Жаңжалдуу аймактардан репортаж жүргүзүү» деп аталды. Согуш болуп жаткан аймак-ты чагылдырып жаткан кабарчы  өмүрүн  тобокелге саларын,  психологиялык травмаларга  кабыларын айтып,  ал  окуяны  чагылдыруудагы аял журналисттердин  өзгөчөлүктөрүнө токтолду. Көп жагдайларда алар продюсер жана фиксер (жергиликтүү тургундар менен  сүйлөшүп,  алардын  сөзүн  репортаж жүргүзүлүп жаткан тилге которуучу) милдетин аткарып, эркек журналисттер микрофонго ээ болуп калышат. Негизги айырмачылык, алар согуш процесстерине чоң маани беришет, ал эми биз, аял-репортерлор тургундардын маанайына, согуштун алардын күнүмдүк  турмушуна  тийгизген  таасирине,  көйгөйлөрүнө  көңүл  бурабыз,  –  дейт Ш.Туляганова.

Шахида Туляганова – чуулгандуу «Донецк аэропорту» фильминин автору. Фильмдин каармандары – бир тарабы  Донецк  аэропортун коргоочулары жана экинчиси  аны  басып  алууну көздөгөн «киборгдар» (киб – кибернетикалык, орг – организм) болушкан. Шахида баррикаданын эки жагын-да   болуп,  жоокерлердин пикирлерин чагылдырган. Окуя  журналисттин  жеке пикири менен эмес, согушчандардын көз караштары аркылуу баяндалган.

Согуш  жүрүп  жаткан опурталдуу аймакка журналист айым «жаш жигиттердин курал кармап, согушуусуна эмненин себеп болгонун билүү үчүн» барган. «Корксоң, согуш болуп жаткан жерге барбай эле кой, анткени коркуу кооптуу кырдаалды ого бетер күчөтөт. Өз журналисттик кесибиңди демейдегидей аткарып жүргөндөй жыйнал да, бара бер», – деген Шахида, өзүнө түшүнүксүз болгон бул согушту көзү менен көрүп, акыл калчаганды туура көргөн.

Форум учурунда, адаттагыдай эле, бир топ кесиптештер, делегаттар менен таанышып, пикирлештик. Алардын айрымдарынын пикирлерине кезек берели. Казакстандык белгилүү саясат таануучу Сырым Айдос форумда кесипкөй адистердин жүргүзгөн чеберчилик класстары журналисттерге, асиресе, жаш калемгерлерге абдан пайдалуу болгонун белгиледи. «Дүйнөнүн ар тарабынан келишкен саясатчылардын, серепчилердин, медиа өкүлдөрүнүн пикирлерин өз оозунан угууга, алар менен пикир алмашууга шарттар түзүлдү. Согушту, ар кандай жаңжалдарды башынан кечирип жатышкан өлкөлөрдүн өкүлдөрү чыныгы кырдаалды баяндап беришти, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун чогуу талкуулаштык» деген ал жыл сайын өтчү форумдун келерки жылдардагы жыйындарында Борбордук Азияда болуп жаткан окуялар талданып турса деген тилегин билдирди.

Руслан Исмаилов

Астана шаарындагы «Атамекен  бизнес  ченел» ТВнын Алматыдагы тилчилер пунктунун жетекчиси  Руслан  Исмаилов:«Форум азыркы учурдагы журналистиканын актуалдуу маселелерин алдыңкы планга алып чыгыптыр. Традициялуу журналистика делинген гезит-журнал, теле-радио каражаттары жаңы технологияларды өздөштүрүп, өңүн түп-тамыры менен өзгөртүп жатат десек болот. «Мобилдик журналистика» деген термин пайда болду. Ал гезит-журналдарды маалымат айдыңынан сүрүп чыгарууга багыт алды. Гезиттердин 5-6 жылдык «өмүрү» калган сыяктанат. Форумда бул маселелер да көтөрүлдү. Мен гезиттердин жактоочусумун. Анткени булар документке барабар, сакталып тура берет. Элдин интернеттен көрө гезиттерге ишеними жогору. Интернетте чуулгандуу кеп көп, ыпылас нерселер да чыгат. Ошондуктан, традициялуу журналистиканын баалуулуктарын сактап калышыбыз керек», – деп ой бөлүштү.

Форумдун танапис учурларында Америкадан келген жашы улгайып калган, жуп делегат биздин көңүлүбүздү бурду. «Негизги»делегат Рейвель Марселла,«жандоочу» делегат анын күйөөсү, ошондой эле котормочусу экен (ушул жерде белгилеп кетчү нерсе жана окурмандарга кулак кагыш: Евразиялык медиа форумга катышууну каалаган кез келген өлкөнүн жарандары анын сайты аркылуу форум жакындаганда катталса болот, уюштуруучулар табыштаманы карап чыгып, ылайык көрсө, электрондук почтаңызга катталганыңыз жөнүндө билдирүүнү жиберет) . Рейвель айым АКШдагы «Марселла дизайн» компаниясынын президенти. Маектешүүбүздү күйөөсү которуп берип отурду. Мунун алдында Астанада болуп, шаардын кооздугуна таң калган Марселла айымга Алматы шаарынын архитектурасы да жагып калыптыр. Ал эми жыйын тууралуу ал «форум ар кандай өлкөлөрдүн ар кандай көз караштагы инсандарынын маселени чогуу талкуулап, бирге иштешине аянтча болуп бергени менен маанилүү» экендигин белгиледи.